Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-февралы, № 108 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарыА.А.Сабиров, А.М.Марипов, Б.М.Мурзубраимов, О.Т.Мамасаидов,О.М.Артыкбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн «Кыргыз Республикасындакант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунатиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши 2006-жылдын 20-февралындагы № 20-57/1 «Кыргыз Республикасында кант диабети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутатгары А.А.Сабиров, А.М.Марипов, Б.М.Мурзубраимов,О.Т.Мамасаидов, О.М.Артыкбаев тарабынан демилге көтөрулгөн «КыргызРеспубликасында кант диабети жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып аны төмөндөгүпикирлерди эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет. 1. 4-статьясынын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- инсулин каражаттардын, диагностика жана өзүн өзү контролдоокаражаттарынын сапатына мамлекеттик көзөмөл жана/же -контроль;",анткени азыркы рыноктук шартта дарыканалар тармагына түшүп жатканинсулин каражаттардын, диагностика жана өзүн өзү контролдоокаражаттарынын сапатын көзөмөлдөөгө да, контролдоого да зарылдык бар. 2. 19-статьясынын биринчи абзацы "социалдык" деген сөздөн мурдаКыргыз Республикасынын
"Мамлекеттик пособиелери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык "ай сайынкы" деген сөз менентолукталсын. 3. Социалдык жардам көрсөтүүнү, тийиштүү жењилдиктерди берүүнүжөнгө салуу менен байланышкан маселелер, тактап айтканда
"Мамлекеттикпособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралчупредметтер болгондуктан, 18 жана 22-статьялардын биринчи абзацтарын"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менентолуктоону сунуш кылабыз. Премьер-министр Ф.Кулов