Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-марты № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабековтарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык
кодексине то-луктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тир-келген
корутундунун негизинде макулдук берилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес-публикасынын Салык
кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын
Консти-туциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алып төмөнкүдөй эс-кертүүлөрдү эске алуу менен аны кабыл алууга болот деп эсептейт. 1-статьянын үчүнчү абзацындагы "ижаралык төлөө жана" дегенсөздөрдү алып сапууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Салыккодексинин 1-статьясына ылайык бул Кодекс Кыргыз Республикасынын айма-гында бардык салыктар, аларды башкаруу, салык төлөөчүлөрдүн салыктыкиш-аракеттери боюнча мыйзам жоболорунун топтомосу болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Жарандык
кодексинин 551-статьясынын 1-пунк-туна ылайык жалдоочу мүлктү пайдалангандыгы үчүн өз учурунда акытөлөөгө милдеттүү. Ижара акысын төлөө тартиби шарттары жана мөөнөтүмүлктүк жалдоо келишиминде аныкталат. Жогоруда айтылгандардын негизинде жерди ижаралоого байланышкан ма-милелерди Кыргыз Республикасынын Салык кодекси жөнгө сала албасын бел-гилейбиз. Премьер-министр Ф.Кулов