Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы №166
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөржай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция көзөмөлдөөчү кооптуу өндүрүштөрдүн, объектилердин жана жумуштардын ТИЗМЕСИ I. Тоо-кен жумуштары, пайдалуу кендерди байытуу иштери, ошондой эле жер астындагы шарттарда башка жумуштар жүргүзүлгөн өндүрүштөр жана объектилер 1. Төмөнкүдөй объектилери менен жумуштары бар тоо-кен, кенге жат-паган жана кенди кайтадан иштетүүчү өндүрүштөрдү, көмүр өнөр жайын,шахталарды, шахта куруу объекттерин, карьерлерди, кен казылып алыныпжаткан жерлерди, майда кен чыгуучу жерлерди, транспорттук курулуш объ-ектилерин, гидротехникалык жана атайын курулмаларды, кенылгоочу, талка-лап-сорттоочу, алтын чыгарып алуучу фабрикаларды, заводдорду (орнотмо-лорду), ошонун ичине таш иштетүүчү, инерттик материалдарды чыгаруучуфабрикаларды да долбоорлоо, экспертизалоо, куруу, кењейтүү, реконструк-циялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, пайдалануу, консервациялоо жежоюу: - толук технологиялык цикл боюнча жер астында, жер үстүндө ачыкжана атайын жүргүзүлгөн кен жумуштары (жолдорду жана көмөкчү цехтердикошуп), анын ичине өнөржайлык альпинизмди колдонуу да кирет; - тоо-кен ишканаларында жана объектилеринде колдонулуучу техноло-гиялык унаалар (анын ичине карьерде иштеп жаткан башка ишканалардынунаалары да кирет); - бургулоо жана геологиялык чалгындоо жумуштары; - ишканалардын балансында турган (бөлүнгөн чектеги) объектилер жа-на курулмалар, жер үстүндөгү имараттарда жайгашкан өндүрүштүк-техноло-гиялык комплекстер, механикалык мастерскойлор жана оњдоо кызматтары; - келишимдик иш аткаруу ыкмалары менен аткарылган оњдоочу жанажөнгө салуучу жумуштар. 2. Чарба объекттерин жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу кендер казы-лып алынган жерлер жана табигый көњдөйлөр, ошондой эле унаалар өтүүчүтоннелдер, аларды коопсуз иштетүү жагы. 3. Көрсөтүлгөн ишканаларда тоо-кен шахталык жана технологиялыкжабдууларды, текшерүү жана кыйроодон коргоо приборлорун курап-тургузуужана жөнгө салуу жана башка атайын жумуштарды аткаруу боюнча адистешти-рилген уюмдар. 4. Тоо-кен өндүрүштөрү менен жумуштарында, геологиялык чалгындоодоколдонулуучу (чет өткөдө жасалгандар да кошулуп) жабдуулар, механизмдержана приборлор, жасап-чыгаруучу заводдор жөнөткөн жана оњдоочу ишкана-лар оњдогон жабдуулар, механизмдер, аппаратуралар жана приборлор кооп-суздук эрежелеринин талабына ылайыктуулук жагында. 5. Маркшейдерлик жана геологиялык жумуштарды жүргүзүүнү көзөмөлдөөжагында: - долбоорлоно турган, курулуп жаткан, иштеп жаткан, реконструкция-лана турган пайдалуу кендерди өнүктүрүүчү ишканалар алардын карамагындаже өз алдынча иштеген геологиялык чалгындоо уюмдары; - пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштеп чыгуу учурунда жүргүзүлөтурган маркшейдерлик жана геологиялык жумуштар, пайдалуу кендерди казыпалууга байланышпаган максаттагы жер астында жүргүзүлүүчү маркшейдерликжана геологиялык жумуштар, анын ичинде кендер казылып алынган жерлерде-ги жана жер астындагы табигый көњдөйлөрдөгү жумуштар. 6. Мунайгаз чыгаруучу жана мунайгазды кайрадан иштетүүчү өнөр жай-ды жана геологиялык чалгындоону көзөмөлдөө жагында: - жер астындагы газ сактоочу жайларды, термалдык сууларды, газды,мунайды чалгындоочу жана пайдалануучу скважиналарды долбоорлоо жана ку-руу. Бургулоо жумуштарын жүргүзүүчү технологиялык системалардын бардыктүрлөрү, жабдуулар жана механизмдер, буларга бургулоочу орнотмолор, жерастында жана жер үстүндө ачык жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо жумуш-тарында колдонулуучу тоо-кен жабдуулар комплекстери да кошулат; - мунай, газ, газконденсаттары жана геотермалдар чыгуучу жерлерди,жер астындагы газ сактоочу жайларды долбоорлоо, иштөөгө ыњгайлаштыруужана иштеп чыгуу; - мунай, газ, конденсат жана суу чыгаруучу объектилерди, жер ас-тындагы газ сактоочу жайларды, мунай менен газ чыгаруучу жанаөндүрүштөр аралык ташып-жеткирүүчү объектилерди, кыртыштын басымын сак-тап туручу объектилерди иштетүү, ошондой эле резервуардык парктарды,компрессордук станцияларды, сордургучтарды, сепарациялык орнотмолорду,скважиналарды оњдоо, консервациялоо жана жоюу; - жер астында жана жер үстүндө ачык тоо-кен жумуштарын жүргүзүүдө,термалдык суу чыккан жерлерде, мунай, газ жана мунайгазконденсаттарыжайгашкан жерлерде, аларды жер астында сактоочу жайлардагы скважиналар-ды (жардыруу жана атып-тешүү жумуштарын жүргүзүү да кирет) өндүрүштүкгеофизикалык изилдөөлөр жана талаалык геофизикалык жумуштар. II. Кара жана түстүү металлдардын, тоо тектеринин эритиндилери жана ушул эритиндилердин негизинде алынган эритмелерди өндүрүүчү объектилер жана өндүрүштөр 7. Металлургиялык өндүрүштөрдү көзөмөлдөө жагында: - долбоорлоно турган, курулуп жаткан, иштеп жаткан, реконструкция-лана турган ишканалар, объекттер, цехтер, участоктор жана бөлүмдөр: - кристаллдык кремнийдин, калайдын, сурьманын жана алардын аралаш-маларынын, сымаптын, жарым өткөргүч материалдардын (кремний, германий),кымбат баалуу металлдардын, темир порошокторунун, сейрек учуроочу ме-таллдардын жана алардын кошулмаларынын өндүрүштөрү; - кара жана түстүү металлдардын, тоо тектеринин эритиндилери жанаушул эритиндилердин негизинде алынган эритмелерди өндүрүү; - куюучу өндүрүш; - жогорку аталган өндүрүштөрдө пайдаланылуучу аммиактын, хлордун,суутектин, абанын бөлүнүшүнүн продуктыларын өндүрүп алуу, кайра иш-тетүү, бөлүштүрүү, сактоо жана колдонуу, буга көрсөтүлгөн заттардын за-воддор аралык, цехтер аралык жана цехтик коммуникациялары да кошулат; - экстрациялык, сорбциялык, регенерациялык жана полимерлештирүүжолу менен бөлүштүрүүсү бар гидрометаллургиялык өндүрүштөр; - өндүрүштүн өзүндө жайгашкан ууландыруучу заттарды жана күйүүчүсуюктуктарды сактоочу жайлар; - ишкананын өндүрүштүк технологиялык объектилеринин курамына кир-ген заводдор аралык, цехтер аралык жана цехтердеги газ түтүкчөлөрү, газтазалоочу, чањ тосуучу, аспирациялык жана вентиляциялык системалар. III. Басымы 0,07 МПадан жогору же суунун ысуу температурасы 115 град. Цельсия жана андан жогору болгон шартта иштөөчү жабдуулар колдонулган объекттер жана өндүрүштөр 8. Газ көзөмөлдөө жагында: - жер астында, жер бетинде жана жерден көтөрүлүп коюлган газ тар-мактарын жана магистралдык түтүктөрдү, алардагы курулмаларды, жаратылышгазын автоунааларга куюучу газкомпрессордук станцияларды, автоунааларгакуюучу газ толтуруучу станцияларды, анын ичине жылыптурма станциялар дакирет, жана суюлтулган газды топтоочу баллондук түзүлүштөрдү; газ менеништөөчү өндүрүш казандары, металлдарды газ жалыны менен кайрадан иш-тетүүчү постторду, суюлтулган газдарды куя турган резервуарлардын жанатоптолгон баллондордун орнотмолорун; өнөр жайлык, айыл чарбалык, комму-налдык уюмдардын жана шаардык магистралдык түтүктөрдөн, шаардагы жанабашка калк жашоочу жерлердеги суюлтулган газ (пропан-буган) орнотмоло-рунан газ алуучу башка объектилердин газ жабдууларын жана ичкигазтүтүктөрүн (үй-тиричилигинде колдонулуучу газ приборлору орнотулган,өндүрүштүк мүнөзгө ээ болбогон калкты тейлөөчү ишканалардагы жана элжашаган үйлөрдөгү агрегаттар менен газ жабдуулардан, газпайдалануучужылып-турма орнотмолордон башкасы); баллондорду кычкылтек, көмүр кисло-тасы, аргон, ацетилен менен толтуруучу станцияларды долбоорлоо, куруу,жөнгө салуу жана иштетүү. 9. Өндүрүш казандарын көзөмөлдөө жагында: - белгиленген тартипте катталуучу 0,07 МПадан (0,7кгс/кв.см) жо-горку басымда иштеген электроддук жана буу казандар, буу өтүүчүтүтүктөр жана идиштер, ысуусу 115 град. Цельсиядан жогорку температура-да иштеген суу ысытуучу казандар жана ысык суу өтүүчү түтүктөр, ошондойэле бул жабдууларды жасап чыгаруучу ишканалар жана (же) аны долбоорлоо-чу, курап-тургузуучу, жөнгө салуучу, оњдоочу, техникалык диагностикало-очу жана иштетүүчү ишканалар. IV. Орнотулган жана көчүп жүрүүчү жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, асма жолдор, фуникулерлер пайдаланылуучу объекттер жана өндүрүштөр 10. Көтөргүч курулмаларды көзөмөлдөө жагында: - белгиленген тартипте катталуучу жүк көтөргүч крандар,көтөргүчтөр, лифттер, эскалаторлор, фуникулерлер, жүргүнчүлөрдү жанажүк ташуучу асма жолдор, ошондой эле бул жабдууларды жасап-чыгаруучуишканалар жана (же) аны долбоорлоочу, курап-тургузуучу, оњдоочу, техни-калык диагностикалоочу жана иштетүүчү ишканалар. V. От алуучу, күйүүчү, кычкылдандыруучу, жарылуучу, уулуу жана радиоактивдүү заттар алынуучу, пайда болуучу, кайра иштетилүүчү, пайдаланылуучу, жок кылынуучу, сатылуучу объекттер жана өндүрүштөр 11. Жардыруу иштерин көзөмөлдөө жагында: - жарылгыч материалдарды жасап чыгаруучу жана колдонуучу уюмдарменен объектилер, алардын жарылуучу материалдарды жасап чыгарууда, сы-ноодо, сактоодо, эсебин алууда жана пайдаланууда эрежелердин сакталышынкамсыздоо жагын; - жөнөкөй жарылуучу заттарды жасоочу жана өнөржайлык жарылуучузаттарды даярдоочу пункттар, ошондой эле жарылуучу заттарды түшүрүүчүжана кабыл алуучу жайлар, аларда жасалыш инструкциялардын, эрежелердинжана коопсуз иштөөнүн талаптарынын сакталыш жагын; - жөнөкөй жарылуучу заттарды жасоо үчүн колдонулуучу жана жардырууиштеринде пайдалануучу жабдуулар, приборлор, машиналар жана механизмдер(чет элде жасалган жабдууларды кошуп), аларды оњдоочу ишканалар, алар-дын коопсуз иштөө жагын; - илимий-изилдөө, окутуу, тажрыйба жасоо жана башка ушундай мак-сатта жарылуучу материалдарды пайдалануучу илимий-изилдөө институттарыжана лабораториялары, аларда жарылуучу материалдардын сакталыш жанаэсебин алуу эрежелеринин талаптарын аткаруу жагын. 12. Химиялык, мунайхимиялык, зыяндуу жана башка жарылып өрт чыгуукооптуулугу бар өндүрүштөрдү көзөмөлдөө жагында: - потенциалдуу коркунучтуу өндүрүштөрдү долбоорлоодо, монтаждоодо,жөнгө салууда жана иштетүүдө: - мунайхимиялык жана мунайды кайра иштетүүчү продуктулар; - мунай продуктуларынын кое берилиши жана сакталышы; - пластмассалар жана полимердик материалдар; - лак жана сырдоо продуктулары; - тиричиликтеги химиялык продуктулар; - медициналык жана микробиологиялык өнөржайынын дары препараттары,витаминдери, азык болуучу белоктору жана башка продуктулар; - суюк май жана тоњ май өндүрүштөрү, синтетикалык жагымдуу жыттуузаттар жана эфир майлары; - аба продуктуларынын бөлүнүшү; - сууну электролиздөө аркылуу суутек менен кычкылтектин алынышы; - ууландыруучу заттарды алуу, сактоо жана пайдалануу; - башка органикалык жана органикалык эмес продуктулар жана алардынбирикмелери. Көрсөтүлгөн өндүрүштөр төмөнкү курамы менен комплекстүү көзөмөлдөнөтүүгө тийиш: - кыйроо болгон учурунда күйүүчү газдардын (буулардын) чыгышымүмкүн болгон технологиялык объектилер (блоктор, стадиялар), куюп алуу-чу жана кое берүүчү станциялардын сактоочу жайлары, тез күйүп кетүүчүсуюктуктардын жана күйүүчү суюктуктардын, суюлтулган күйүүчү газдардынташып-жеткирүү системалары, буга этил спиртин алуу жана кайра иштетүүда кирет; - кыйроо болгон учурларда аппаратураларда, өндүрүштүк имараттардажана ачык аянтчаларда жарылуу кооптуулугу бар аралашмаларды, чањ мененабанын аралашмасын пайда кылууга жөндөмдүү болгон, чањды пайда кылуучутехнологиялык объектилер (блоктор, стадиялар), дисперсиялык продуктылар(тамеки чыгаруучу жана кайра иштетүүчү өндүрүштөрдөгү блоктор мененсистемалар да кирет); - кыйроо болгон учурларда адамдардын ден соолугуна жана жашоосунакоркунуч алып келүүгө жөндөмдүү болгон (уулануу, химиялык күйүк алуу)зыяндуу заттарды өндүрүүчү, кайра иштетүүчү жана пайдалануучу техноло-гиялык объекттер (блоктор, стадиялар); - администрациялык-көмөкчү объекттерге, жарандык турак үйлөргө жа-на дайыма эл көп болгон башка объектилерге жакын жайгашкан суюк хлорду,аммиактар менен башка өтө уулуу заттарды сактоочу жайлар жана кампалар(анын ичине шаардагы жана калктуу конуштардагы таза суу даярдоочу сис-темаларда жана тазалоочу курулмаларда хлорду куюп алуу жана коеё берүүпункттары да кирет); - газ түрүндө оргуштап чыккан заттарды күйгүзүүчү жана кайтадаништеп чыгуучу жалпы заводдук жана жергиликтүү орнотмолор; - сордургуч компрессорлук жана муздаткыч станциялар; - ишкананын аянтчасында жайгашкан жана течнологиялык комплекскекирген чийки заттар, чалафабрикаттар жана даяр продуктылар сакталуучужайлар; - тазалоочу курулмалар системасы, өндүрүштүк канализациялар мененсууну кайра айлантып иштетүүчү системалар; - Ишкананын балансында турган жана технологиялык объектилерге кир-ген технологиялык түтүк өткөргүчтөр жана башка курулмалар; - жарылгыч касиетке ээ болгон, ошондой эле ички себептердин натый-жасында бузулуп кетүү өзгөчөлүгү бар, суюкфазалык же катуу түрдөгү про-дуктыларды алууга же кайра иштетүүгө байланышкан өндүрүштөр. 13. Нан азыктар өндүрүшүн көзөмөлдөө жагында: - долбоорлоо, монтаждоо, жөнгө салуу жана иштетүү; - элеваторлордо данды кабыл алуу, тазалоо иштерин жүргүзүү, сактоожана ушул процестерге технологиялык байланышы бар имараттар, курулмаларжана жабдуулар; - кошмо тоюттарды, ундарды, акшактарды өндүрүү жана ушул процесс-терге технологиялык байланышы бар имараттар, курулмалар жана жабдуулар. VI. Айлана-чөйрөгө жана адамдардын жашоо тиричилигине коркунуч келтирүүчү заттардан турган, тоо-кен-металлургия өндүрүштөрүнүн калдыктарын көмүү иштери жүргүзүлүүчү объекттер жана өндүрүштөр 14. Кендерди казып алуу өндүрүшүндөгү өндүрүштүк зыяндуу калдыктаржана шламдар менен иштөөчү чарбалар (анын ичине гидрометаллургиялыкчарбалар да кирет), кен калдыктар, кампалар жана башка курулмалар,ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү менен бай-ланышкан көмөкчү цехтер жана объекттер. VII. Кыйроолорду жана анын кесепеттерин жоюу 15. Ишканалардагы жана объектилердеги кыйроолорду жоюуга тоодокуткаруу, газдан куткаруу жана фонтанга каршы ишканалардын, башка кый-роодон сактоочу кызматтардын жана өз эрки менен кыйроодон сактоочутүзүлүштөрдүн абалы жана даярдыгы. VIII. Адистерди даярдоону жана кайрадан даярдоону көзөмөлдөө жагында 16. Өзүнүн көзөмөлүндөгү ишканалар жана объектилер үчүн кесиптикжумушчуларды даярдоочу, ошондой эле жумушчулар менен инженердик-техни-калык кызматкерлерди өнөржай коопсуздугу боюнча окутуучуөндүрүштүк-техникалык окуу жайлар, окуу-курстук комбинаттар, курстар,башка окуу жайлар жана борборлор, кооптуу өндүрүштөр үчүн адистерди да-ярдоочу жогорку окуу жайлар.