КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы N 734 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 15-марты № 166 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы №607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-даштыруу жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Экология жа-на өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөөбоюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштууӨнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекцияжөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштууӨнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциякөзөмөлдөөчү опурталдуу өндүрүштөрдүн, объекттердин жана жумуштардынтизмеси. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштууӨнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциядадиректордун бир орун басары жана директорду, анын орун басарын кошо ал-ганда жети адамдан турган коллегия мүчөлөрү болсун. 3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштууӨнер жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянынборбордук аппаратынын кызматкерлеринин сандык чеги 8 адам (тейлөөчүперсоналды кошпогондо) болуп белгиленсин. 4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-апрелиндеги № 159"Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинекараштуу Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттикинспекция жөнүндө" токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-апрелиндеги №159 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-гине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлее-кеттик инспекция жөнүндө" токтомуна өзгөрүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-ав-густундагы № 569 токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-ноябрындагы №748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту. Премьер-министр Ф.Кулов