КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 15-майындагы № 297 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149
токтому менен бекитилди 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынынын пенитенциардык тутумун реформалоонун "ҮМҮТ" УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ 1. Киришүү 2. Пенитенциардык системанын азыркы абалы 3. Программанын негизги милдеттери жана аны аткаруудагы күтүлгөн натыйжалар 4. Программаны жүзөгө ашыруунун негизги багыттары 4.1. Пенитенциардык системанын ишмердигинин мыйзамдык базасын өркүндөтүү 4.2. Пенитенциардык системада адам укуктарын камсыз кылуу 4.3. Кесилгендерди түрмөдө кармоо шарттарын жакшыртуу 4.4. Кесилгендерди медициналык камсыз кылуу 4.5. Кесилгендерди оњ жолго салуу таасири жана аларды социалдык реабилитациялоо 4.6. Жазанын альтернативалуу чараларын өнүктүрүү жана колдонуу 4.7. Аялдарга жана бой тарта элек балдарга карата жазалардын жана кылмыштык-укуктук мүнөздөгү башка чаралардын аткарылуу өзгөчөлүктөрү 4.8. Пенитенциардык системаны демилитаризациялоо жана анын структурасын өркүндөтүү 4.9. Кадрларды даярдоо. Пенитенциардык системанын кызматкерлерин социалдык-укуктук жактан коргоо 4.10. Түрмөдөгү режимди, көз салууну жана кайтарууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар 4.11. Кесилгендерди иш менен камсыз кылуу 4.12. Илимий иш 4.13. Граждандык коом менен өз ара аракеттенүү 4.14. Эл аралык кызматташтык 1. Киришүү Өлкөнүн базалык программасы - Кыргыз Республикасын 2010-жылдаргачейинки мезгилге өнүктүрүүнүн
Комплекстүү негизине ылайык республикадасот тутумунун жана укук коргоо органдарын реформалоо жүргүзүлүүдө. Аныналкагында, "Кыргыз Республикасынын жазыкаткаруу тутумун андан ары өр-күндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2001-жылдын 24-октябрындагы № 305
Жарлыгынын, "Кыргыз Республикасынынички иштер министрлигинин жазык аткаруу тутумун Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө"
2002-жылдын20-июнундагы № 391 жана "Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорменен кайтарууга кармалган адамдарды айдап узатуунун аткаруу тартибижана шарттары жөнүндө"
2002-жылдын 17-майындагы № 310 Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде пенитенциардык система КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигинен Кыргыз Республикасынын Юсти-ция министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген. Пенитенциардык туту-мунда реформалоону өткөрүү, республиканын пенитенциардык мекемелериндеөз жазаларын өтөп жатышкан соттолгондордун түрмөдө кармоонун шарттарынэл аралык нормаларга жана стандарттарга жакындатуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы № 833
токтому ме-нен 2010-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын пенитенциардыктутумун реформалоонун концепциясы жактырылып, аны жүзөгө ашыруу үчүн,ушул 2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын пенитенциардыктутумун реформалоонун "ҮМҮТ" улуттук программасы (мындан ары -Программа) иштелип чыккан. Программа өкмөттүк жана ведомстволор аралык дењгээлде чечүүнү та-лап кылган принциптүү мүнөздөгү жоболорду камтыйт. 2. Пенитенциардык тутумдун азыркы абалы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин пенитенциардык туту-мунун курамына төмөнкүлөр кирет: - Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы; - 11 түзөтүү абактары; - 1 тарбия абагы; - 6 тергөө изоляторлору; - 19 жатак-абактары; - Түзөтүү мекемелеринин кайтаруу, соттолгондорду жана камаккаалынган адамдарды кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменти жанаанын бөлүктөрү. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин пенитенциардык туту-мунун азыркы абалы пенитенциардык мекемелеринде туруктуу оперативдүүкырдаалды сактоо, моралдык-психологиялык кырдаалды жакшыртуу, соттоло-гондордун жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо (мындан ары- кесилгендердин) шарттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыккамсыз кылуу жаатында жүргүзүлгөн иши менен мүнөздөлөт Пенитенциардыктутумунун ишин жөнгө сала турган мыйзамдуулук базасын түзүү боюнча ишалып барылууда. "Жазык аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жа-на мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, пенитенциардыксистемасын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигининкарамагынаөткөрүлгөнүнө байланыштуу иштелип чыккан башка мыйзам актылары кабылалынган. Эл аралык жана укук коргоо уюмдары менен биргелешип пенитенциардыкмекемелеринин персоналын адам укуктары жаатында эл аралык нормаларгажана стандарттарга үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Коомдук уюмдар тарабы-нан пенитенциардык мекемелеринде мониторингдерди өткөрүү өнүгүүдо олту-рат. "Сорос-Кыргызстан" Фондунун жана "Реnal Reform International" Бор-бордук Азиядагы Регионалдык өкүлчүлүгүнүн көмөктөшүүсү менен КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигинин пенитенциардык тутумунун кадрла-рын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуутуучу жана ресурстук борбор-лор түзүлдү. Ошону менен бирге айрым оњ өзгөрүүлөргө карабастан, пенитенциардыктутумунун абалы түп тамырынан кайта өзгөртүүнү талап кылат. Өзгөчө жаза-чарасына өкүм кылынган адамдарды кармоо орундарын уюш-туруу өтө курч маселе болуп саналат. Аларды тергөө изоляторлорунда кар-моо Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарынын нормаларына ыла-йык келбейт. Эркинен ажыратылган түрүндөгү жазаларды аткаруу Кыргыз Республика-сынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык төрт түрдөгү - жалпы, күчөтүлгөн,катуу жана өзгөчө тиртиптеги абактарда жүзөгө ашырылышы керек. Ушултапта пенитенциардык тутумунда алардын эки түрү - күчөтүлгөн жана катуурежимдеги колониялар гана иштейт. Түзөтүү мекемелерин республиканын аймагында жайгаштырууну түп та-мырынан кайра карап көрүү талап кылынууда. Мындай мекемелердин 68 пайы-зы Чүй областында жайгашканы оперативдүү кырдаалга терс таасирин тий-гизүүдө. Ош, Баткен, Талас, Нарын, Ысыккөл областтарында жабыктүрүндөгү мекемелер жок, ал эми Баткен, Талас, Жалалабат областгарындатергөө изоляторлору жок. Кесилгендерди башка региондордогу тергөө изо-ляторлоруна жеткириш үчүн узатып барууга бюджеттен кыйла чыгымдаркетүүдө. Пенитенциардык мекемелериндеги орундардын лимити дээрлик бүткөн,ушунун натыйжасында кесилгендерди жайгаштыруу, режимди жана көзөмөлдүкамсыз кылуу сакталбастан, бул пенитенциардык мекемелеринде кылмыштар-дын алдын-алуу, коопсуздукту камсыз кылуу, медициналык жактан камсызкылуу, тийиштүү коммуналдык-тиричилик шарттарын түзүү жаатында опера-тивдүү ишти натыйжалуу жүргүзүүдө кошумча тоскоолдуктарды пайда кылуу-да. Пенитенциардык тутумунун штаттык саны белгиленген нормативдерден 3эсе аз, бул тутумдун өздүк курамына кыйла кызматтык жана психологиялыкоорчулукту алып келүүдө. Андан тышкары бир катар көйгөй маселелер республиканын пенитенци-ардык тутумунун Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси жана "Кыл-мыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдардыкамакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы менен көрсөтүлгөн макасаттарды жана маселелерди керектүү дара-жада чечүүгө мүмкүндүк бербейт, алар: - маданий-массалык объектилерин каржылоонун жоктугунан кесилгендерменен өткөрүлгөн тарбиялык иштин кайтарымы аз; - кесилгедер үчүн ылайыкташтырылган пенитенциардык мекемелердинтурак жайлары капиталдык ремонтко муктаж. Кесилгендерди азык-түлүк, бу-юм жана башка муктаждыктар менен камсыз кылуунун дењгээлин кыйла жак-шыртуу талап кылынат; - пенитенциардык тутумунун кадрларын даярдоо жана кайра даярдоотутумун түзүү талап кылынууда. Пенитенциардык тутум үчүн өзүнүн окуужайын түзүү зарылдыгы бышып жетти. - пенитенциардык тутумундагы көзөмөлдөө жана текшерүү техникалыккаражаттары эчак эскирип, иштен чыгууда (аларды пайдалануу мөөнөтү 8-10жыл мурда эле бүткөн); - жалпы республикадагыдай эле эркинен ажыратуу жайларында социал-дык жактан шартталган оорулардын жана андан өлгөндөрдүн саны өсүүдө.Мисалы, пенитенциардык мекемелеринде 2006-жылдын 1-январына карата дис-пансердик учетто 2725 ар кандай формадагы туберкулез менен ооруганадамдар болгон, ал эми туберкулез оорусунан 159 адам өлүмгө учураган.Ошондой эле, эркинен ажыратуу жайларында 131 ВИЧ-инфекциясы менен оору-ган адамдар болгон жана бањгилик менен ооругандардын, жыныстык жол ме-нен жуга турган оорусу барлардын саны да көп. Кесилгендерди медициналыктейлөөнүн дењгээли граждандык саламаттык сактоодон кыйла артта калган; - жүгүртүү каражаттары, өндүрүштүн рентабелдүүлүгү жоктугунан жанажабдуулардын эскиришинен улам түзөтүү мекемелеринин көпчүлүгүнүнөндүрүштүк кубаттуулуктары иштебей турууда. Кесилгендердин көпчүлүгү ишменен камсыз кылынган эмес. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумунун ку-рамына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жазык-аткарууинспекциялары кирбейт. Бул инспекциялар коомдон обочолонтуу менен бай-ланышпаган жазаларды аткарууга чакырылган жана негизинен алардын кыз-маткерлеринин штаттык саны жетишсиздигинен улам өздөрүнө жүктөлгөн мил-деттерин толугу менен аткара алышпайт. Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөй маселелердин болушуна байланыштуу, пе-нитенциардык тутумун реформалоонун багыттары жана жолдору ушул Програм-ма аркылуу аныкталат. 3. Программанын негизги милдеттери жана аны аткаруудан күтүлгөн натыйжалар Программанын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат: - жазаларды аткаруу тутумун гумандаштыруу; - жазаны аткаруу процессинде кесилгендердин укуктарын жана мыйзам-дуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча кепилдиктердин сакталышы, булүчүн ишенимдүү укуктук пайдубалды түзүү; - эркинен ажыратуу жайларындагы кесилгендерди кармоо шарттарын ре-алдуу жакшыртуу; - мыйзамдуулук базаларын, анын ичинде, коомчулукка анчейин корку-нуч туудурбаган кылмыштарды жасаган адамдарга карата эркинен ажыратууменен байланышпаган жазалоонун альтернативалуу чараларын киргизүү жанаишке ашыруу боюнча мыйзам базасын өркүндөтүү, Кыргыз РеспубликасынынИчки иштер министрлигинин жазык-аткаруу инспекцияларын Кыргыз Республи-касынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жана алардынбазасында пробация кызматтарын түзүү; - пенитенциардык тутумун демилитаризациялоо; - пенитенциардык мекемелеринин материалдык-техникалык базасын бе-кемдөө, кесилгендерди коомдук-пайдалуу эмгекке тартуу максатындаөндүрүштүк секторду реформалоо жана кайра уюштуруу; - медициналык, социалдык, психологиялык, эмгек, реабилитациялыкборборлорду түзүү жана кесилгендер менен иштөөнүн натыйжалуу жолдорунуюштуруу; - кадрлар менен камсыздоо, пенитенциардык кызматтын кызматкерле-рин, күзөт жана узатып жүрүү бөлүктөрү үчүн аскер кызматчыларын даярдообоюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин окуу жайын уюшту-руу, пенитенциардык тутумун техникалык жактан кайра жабдуу, республика-нын жогорку окуу жайларында адистик ачуу; - бийликтин жергиликтүү аткаруу органдарын, өкмөттүк эмес, эл ара-лык уюмдарды, диний конфессияларды кесилгендерди кармоонун шарттарынжакшыртуу, аларды окутуу, жакшы жолго салуу, көндүрүү жана реабилитаци-ялоо боюнча маселелерди чечүүгө тартуу; - пенитенциардык тутумунун иш-аракетинин ачыктыгын камсыз кылуу,коомдук мониторинг жүргүзүү; - коомчулуктун, кызматкерлердин жана кесилгендердин коопсуздугун,алардын социалдык корголушун камсыз кылуу. Программанын аткарылышы төмөндөгүлөргө мүмкүнчүлүк түзөт: - кылмыш жазаларын аткарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жүргүзүүгө; - соттолгондордун жаза өтөө шарттарын эл аралык нормалардын жанастандарттардын талаптарынын дењгээлинде жана адам укуктарынын реалдуусакталышын камсыз кылуу; - кесилгендер эркинен ажыратуу жайларынан бошонгондон кийин алардысоциалдык реабилитациялоо жана коомдогу турмушка ыњгайлаштыруу үчүншарттарды камсыз кылуу; - пенитенциардык мекемелеринин материалдык-техникалык абалын жак-шыртуу, алардын өндүрүштүк потенциалын көтөрүү; - пенитенциардык тутумунун персоналынын иштөө шарттарын жакшыртуу,алардын ишинин коопсуздугунун дењгээлин жогорулатуу; - Кыргыз Республикасында жазаларды аткаруунун бирдиктүү системасынтүзүү. 4. Программаны ишке ашыруунун негизги багыттары 4.1. Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасынын иш-аракетинин мыйзамдуу базасын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аларга өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү, адам укуктарынын сакталышы жана жазалардын атка-рылышы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерининулуттук мыйзамдарга имплементацияланышын алдын-ала кароо, эл аралык та-лаптарга жана стандарттарга ылайык нормативдик укуктук актылардын дол-боорлорун иштеп чыгуу жолу менен кайра карап чыгуу зарыл. Санкцияларды жумшартуу, өзгөчө коомчулукка анчейин коркунуч туу-дурбаган кылмыштарды жана анчейин оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүнсанкцияларды жумшартуу максатында кылмыш-жаза мыйзамдарын кайра карапчыгуу зарылдыгы бар. Мунапыс актыларынын (дээрлик жыл сайын) санынынкөптүгү кылмыш-жаза мыйзамдарынын жеткиликтүү эместигин айтып турат. Андан тышкары мамлекет, өлүм жазасын алып салуу жөнүндө маселенисаясий жана мыйзамдардын негизинде чечүү зарыл, бул республиканын эларалык чөйрөлөрдө кадыр-баркын жана беделин арттырат. Өлүм жазасын ат-карууга мораторийдин узак мезгилден берки "де-фактосун" бекемдөө зарыл,ушул аркылуу ушундай категориядагы кесилгендердин статусун, алардыабакта кармоонун шарттарын жакшыртуу жөнүндө маселе юридикалык жактанчечилген болот. Жазалардын альтернативалуу чараларын жана сотко чейинки тергөөэтабында тыйып салуу чараларын кењири колдонуу, эркинен ажыратуу мененбайланышпаган жазалардын жањы түрлөрүн иштеп чыгуу (эркиндигин чектөө,түзөтүү иштери ж.б.). 4.2. Пенитенциардык тутумунда адам укуктарын камсыз кылуу Пенитенциардык тутумунда адам укуктарынын сакталышын камсыз кылуумаксатында пенитенциардык мекемелеринин ишине соттук, ведомстволук, ко-омдук көзөмөлдү, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдарынын көзөмөлүн күчөтүү керек, көњүлдү өзгөчө Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциясына жана эл аралык укуктун жалпыга таанылганпринциптерине жана нормаларына ылайык адамга кепилденген укуктарды жанаэркиндиктерди кесилгендерге берүүгө буруу керек. Көзөмөлдүн жогоруда көрсөтүлгөн түрлөрү кесилгендерге мамиле кылу-унун БУУнун минималдуу стандарттык эрежелери менен сунуш кылынган ата-йын укуктарды камсыз кылууга чакырылган: тышкы дүйнө менен байланышуугаукук; адвокат менен токтоосуз жана толук жашыруун шарттарда (кат алышууда кошо) байланышууга жана кењеш алууга укук; өзүнө гумандуу мамилекүтүү жана адам инсанына таандык каеиеттерин сыйлатуу укугу; маалыматалууга, анын ичинде, укуктары, мекеменин эрежелери, мекеменин кызмат-керлеринин аракетине карата арыздануу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматалууга укугу. Кылмыш жана бийликтен кыянаттык менен пайдалуунун курман-дыктары үчүн сот акыйкаттыгынын негизги принциптеринин БУУ кабыл алганДекларациясына ылайык мыйзамсыз кармалгандыгы, камалгандыгы жана эрки-нен ажыратылгандыгы үчүн келтирилген залалдын ордун толтуруунун меха-низмин жөнгө салган нормативдик укук актыларын иштеп чыгуу зарыл. Кесилгендердин ар бирине Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу ко-дексинде, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кар-малган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамында, түзөтүү мекемелеринин ички тартибининэрежелеринде баяндалган укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун механиз-ми жеткиликтүү болушун камсыз кылуу максатында өкмөттүк эмес жана эларалык уюмдардын колдоосу менен жазаларды аткаруунун борбордук органда-рында кесилгендердин укуктарын коргоо кызматтарын түзүү зарыл. 4.3. Кесилгендердин кармоо шарттарын жакшыртуу "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин ишке киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык кесил-гендердин кармоо шарттарын жакшыртуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү төмөнкүлөрдүн курулушун (2010-жылга чейинки мезгилде) ишке ашы-руусу жөнүндө токтом кабыл алуусу абзел: - ар бирине 500 адам сыя турган жалпысынан алганда жети жалпы тар-типтеги түзөтүү абактарын (республиканын бардык региондорунда); - ар бири 500 адамга эсептелген эки өзгөчө тартиптеги түзөтүүабактарын (республиканын түшүк жана түндүк региондорунда); - бойго жете элек эркек балдар үчүн бир күчөтүлгөн тартиптеги 150адамдык орунга эсептелген тарбиялоо абагын; - бойго жете элек кыздар үчүн бир жалпы тартиптеги 100 адамдыкорунга эсептелген тарбиялоо абагын; - аялдар үчүн бир катуу тартиптеги 100 адамдык орунга эсептелгенабагын; - соттордун жана укук коргоо органдарынын соттолгон мурдагы кыз-маткерлери үчүн бир жалпы тартиптеги түзөтүү абагын; - соттордун жана укук коргоо органдарынын соттолгон мурдагы кыз-маткерлери үчүн бир күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагын; - ар бири 50 адамдык орунга эсептелген тогуз камак үйлөрүн (атайынизоляторлорду) (областтык борборлордо бирден жана Бишкек менен Ош шаар-ларында бирден) курууну жүзөгө ашырсын. Ошону менен бирге ушул реформалоо этабында жазык-аткаруу тутумуна: - азыр иштеп жаткан пенитенциардык мекемелерин, инженердиктүйүндөрүн, режимдик корпустарын, кошумча жайлардын блокторун,азык-түлүк жана буюм кампаларын, күзөттүн инженердик-техникалык кара-жаттарын капиталдык ремонттон өткөрүү, ошондой эле соттолгондордун кар-моо шарттарын Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайыккелтирүү; - кесилгендердин тамак-аш рационун жана сапатын белгиленген норма-га жеткирүү, мекемелердин өзүмдүк чарбаларын жана тамак-аш азыктарынөндүрүү боюнча чарбалык эсептеги участкаларын кењейтүү, максатында биркатар жатак-абактарын айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө адистештирүү; - пенитенциардык мекемелердин коммуналдык-тиричилик объектилерин(ашканаларын, чачтарачтарын, мончолорун, кир жуучу жайларын, дүкөндөрүнж.б.) керектүү шаймандар жана жабдуулар менен камсыздоо зарыл. 4.4. Медициналык камсыз кылуу Кесилгендерди медициналык тейлөөнү жакшыртуу максатында: - медицинага мүнөздүү чаралардын көрүлүшүн, жугуштуу жана башкаооруларды, анын ичинде, алкоголизмди, бањгиликти, ВИЧ-инфекциясын жанаСПИДди профилактикалоо, аныктоо жана дарылоо маселелеринде пенитенциар-дык жана граждандык саламаттык сактоо органдарынын өз ара аракет-тенүүсүн жөнгө салган нормативдик базаны өркүндөтүү боюнча иш жүргүзүү; - пенитенциардык тутумунун туберкулезду, ВИЧ-инфекциясын, СПИДди,бањгиликти, жыныстык органдар аркылуу жуккан жана башка ооруларды про-филактикалоо боюнча мамлекеттик программаларга катышуусун камсыз кылуу; - пенитенциардык тутумунун дарылоо мекемелеринин материалдык-тех-никалык базасын чыњдоо; - ведомстволук медициналык кызматты түзүү, анда кесилгендер үчүндарылоо мекемелеринен тышкары госпиталь, бейтапкана, санитардык-эпиде-миологиялык кызмат, аскердик-врачтык комиссия, санаториялык-курорттукмекемелерин камтыган, ошондой эле, ал ушул мекемелердин ишин жетектөө,координациялоо; - эрте диагноз коюу кызматын бекемдөө; - туберкулезду аныктоо үчүн бардык кесилгендерди жыл сайын медици-налык текшерүүдөн өткөрүүнү камсыз кылуу, пенитенциардык тутумунун да-ры-дармекке болгон реалдуу керектөөсүн аныктоо; - эл аралык уюмдар менен бирдикте пенитенциардык тутумунун мекеме-леринде ДОТС стратегиясы боюнча туберкулезду, алкоголдук жана бањгизаттарга көз каранды болушкан оорулуударды дарылоонун азыркы методдорункиргизүү; - пенитенциардык системаны медициналык персонал анын ичинде өзгөчөадистештеги врачтар менен комплектөөнү камсыз кылуу; - медициналык персоналдын квалификациясын такай көтөрүү жана алар-ды медициналык тейлөөнүн эл аралык стандарттарына окутуу; - пенитенциардык тутумундагы медициналык персоналдын эмгек акысы-нын дењгээлин граждандык саламаттык сактоонукуна ылайыкташтыруу; - дарылоо мекемелеринин иш практикасына кесилгендерге саламаттыксактоо органдарынын адистери тарабынан пенитенциардык тутумунун дарылоомекемелеринин шарттарында белгилүү акы алуу менен кошумча дарылоо-про-филактикалоо жардамын көрсөтүүнү киргизүү зарыл. 4.5. Кесилгендерди оњ жолго салуу таасири жана социалдык реабилитациялоо Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык жазалардыжана кылмыштык-укуктук мүнөздөгү башка чараларды аткаруунун соттолгон-дорду оњ жолго салуу катары, максаты аныкталат. Бул максат кесилгендер-ди коомдогу турмуш шарттарына мыйзамды аткарган жаран катары реабилита-циялоо менен байланышкан. Кесилгендерди оњ жолго салуу таасири жана со-циалдык реабилитациялоо соттолгондорго жардам көрсөтүүгө жана алардынкоом менен социалдык пайдалуу байланышын калыбына келтирүүгө багыттал-гандыгын эске алуу менен, тарбиялык-профилактикалык мүнөздөгү төмөнкүкомплекстүү иш-чаралар өзгөчө мааниге ээ: - соттолгондорду социалдык-укуктук жана социалдык-психологиялыкжактан корголушун камсыз кылуу, жазадан бошонгондон же аны өтөпбүткөндөн кийин коомго өз алдынча аралашып кетүүсү, көнүүсү жана өз араиштешип кетүүсү үчүн шарттарды түзүү, эркинен ажыратылган жерлерден бо-шонгон адамдарга мамлекеттик жардам кызматын уюштуруу; - соттолгондор менен жекече тарбиялык иш жүргүзүү, соттолгондордунинсанын үйрөнүү жана алардын жүрүм-турумун мүмкүн болушунча оњдоо, баа-луулуктарды оњ багытта түшүнүшүнө көмөктөшүү; - соттолгондорду адеп-ахлактык тарбиялоого, өзү жасаган кылмышыүчүн өкүнүүгө, абийир жана динге ишенүү эркиндигинин конституциялык ке-пилдиктерине негизделген диний салттарды алып жүрүүгө көмөктөшүү; - соттолгондордун бош убактысын эс алууга багыттоо, аларды рухиймаданияттын жетишкендиктерине тартуу; - үй-бүлөсү, коомдук, чыгармачылык бирикмелер, диний уюмдар жанабашка коомдор менен байланыштар аркылуу тышкы дүйнө менен пайдалуу со-циалдык байланыштарды түзүү, кат алышууну жана жолугушууларды колдоо; - соттолгондорго жалпы орто жана кесипчилик жактан билим берүү,Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрли-ги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, би-лим берүү мекемелери менен тийиштүү келишимдерди түзүү аркылуу сырттанжана дистанциялык окуу формаларын пайдалануу менен баштапкы, орто, жо-горку жана атайын билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүн берүү; - акыйкаттыкты калыбына келтирүү технологияларын пайдалануу алкылмыш жасаган адам менен жабыр тарткан адамдын жарашуусун, жабыр тарт-канга келтирилген залалдын ордун жазаны өтөө стадиясында жана өтөпбүткөндөн кийин толтурууну билдирет. Бул үчүн пенитенциардык системанынкызматкерлери жарашуу чараларын аларга психологдорду жана социалдыккызматкерлерди тартуу аркылуу өткөрөт, өкүм чыгарган сот органына жара-шуу фактысын билдирет; - чектөөлөрдү жана тыюу салууларды, анын ичинде, жолугушууга, те-лефон менен сүйлөшүүгө, берип жиберүүлөрдү, аманат жөнөтүүлөрдү, банде-ролдорду алууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды акырындап төмөндөтүү,соттолгондордун коомго аралашуусун калыбына келтирүү. Соттолгондордун дифференциалдуу шарттарда кармалышын камсыз кыл-ган, түзөтүү мекемелеринде жазаны өтөөнүн адаттагы, жењилдетилген жанакатаал шарттары түзүлөт. Жазаны дифференциалдуу өтөө шарттарында Кыргыз Республикасынын жа-зык-аткаруу тутумуна: - соттолгондордун оњ жолго түшкөнүнө баа берүүнүн адистештирилгенкритерийлерин жана алардын инсандык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүнүн програм-маларын, жазаны жана кылмыштык-укуктук мүнөздөгү башка чараларды атка-руу, соттолгондордун жүрүм-турумун оњдоо процессинде пайда болгон конф-ликттик кырдаалдардын алдын-алуу жана аларды жоюу боюнча сунуштарды,соттолгондорду адеп-ахлактык-укуктук тарбиялоо боюнча усулдук сунуштар-ды иштеп чыгуу; - тартип практикасында ишендирүү методдорунун артыкчылыгын жанажүрүм-турумунда мыйзамды урматтоого дем берүүнү белгилөө; - маданий эс алууну уюштуруунун, клубдук, ийримдик, спорттук-денсоолукту чыњдоо иштерин өнүктүрүүнүн жањы формаларын жана ыкмаларынкиргизүү; - соттолгондордун өздүк чыгармачылык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, ре-нитенциардык тутумунун кызматкерлери үчүн соттолгондор менен социалдыкиш жүргүзүү усулу боюнча семинарларды жана тренингдерди уюштуруу; - пенитенциардык мекемелеринде психологдордун штатын көбөйтүп, со-циалдык жана психологиялык жардам кызматын түзүү, соттолгондор жанаперсонал үчүн психологиялык түйшүктөн жењилдөө бөлмөлөрүн ачуу зарыл. Соттолгондор менен тарбиялык-профилактикалык жана социалдык иштинмаселелери боюнча гранттарды тартуу боюнча долбоор иштеп чыгып, анынчегинде: - калкты жумуш менен камсыздоо кызматтары менен биргеликте кесип-чиликке багыт берүү маселелери боюнча иш жүргүзүү керек, анын ичинде,эмгек рыногундагы акыбал, учурда талап кылынган адистиктер тууралуу ма-алымат берүү; - тажрыйба иретинде, ал эми келечекте айрым жатак-абактарында сот-толгондорду социалдык реабилитациялоо борборлорун түзүү. 4.6. Жазалоонун альтернативалуу чараларын өнүктүрүү жана колдонуу Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумун накта кайра түзүүнүмамлекеттеги эркинен ажыратууга альтернативалуу чараларды колдонуучөйрөсүндө эл аралык стандарттар аркылуу сунушталган пробация элемент-терин түзүүдөн ажыратып кароого болбойт. Ушуга байланыштуу жазык-аткаруу инспекцияларынын ролу жогорулап,аларды кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинен Кыргыз Респуб-ликасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү зарыл жанааларга эркинен ажыратууга байланышпаган бардык кылмыш жазаларын аткарууүчүн кошумча ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти берүү менен алардынбазасында пробация кызматын түзүү керек. Ушул кызматтардын ишин жөнгөсалган нормативдик укук документтерин карап көрүү жана алардын уюштуру-учулук-укуктук камсыз болушун жакшыртуу алдыда турат. Пробациялык кызматтардын ойдогудай иштеши үчүн "Жазык-аткаруу (пе-нитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүжөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып, ан-да пробация кызматкерлеринин статусу, иш-милдети, ыйгарым укуктары, эр-кинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткаруунун механизми, ушулкызматтардын административдик иши, башка укук коргоо органдары мененболгон өз ара аракети жана башка маселелер каралышы керек. Эркинен ажы-ратуу менен байланышпаган жазалардын аткарылышын ушул кызматтардынштаттык санын көбөйтмөйүнчө, алар материалдык-техникалык жактан ти-йиштүү дењгээлде камсыздалмайынча, маалыматтардын өзүмдүк автоматташты-рылган банкын түзмөйүнчө жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес. Пробация кызматынын ийгиликтүү иштешине анын штаттан тышкаркы кыз-маткерлеринин институтун түзүү өбөлгө болор эле, алар ыктыярдуу жардам-чылардан, анын ичинде, "юриспруденция" жана "психология" адистиктерибоюнча окуган жана пробация кызматына өндүрүштүк практикасын өтүү үчүнжиберилген студенттердин эсебинен түзүлөт. Жазык-аткаруу инспекцияларынын кызматкерлеринин профессионалдыкдаярдыгын жогорулатуу үчүн пенитенциардык тутумунун кызматкерлерининквалификациясын жогорулатуу курстарынын түйүндөрүн өнүктүрүү, юридика-лык факультеттерде коомдон обочолондурулбастан туруп соттолгон кылмыш-керлерге тарбиялык таасир көрсөтүүнүн психологиялык-юридикалыкөзгөчөлүктөрү боюнча атайын сабактарды окутууну киргизүү керек. Жазык-аткаруу инспекцияларынын көзөмөлдөөсүндө турган укук бузуу-чулардын инсанын социалдык-укуктук иликтөөнүн механизмин, аныжүргүзүүнүн тартибин иштеп чыгуу керек, анын милдеттери болуп: - соттолгон адамдын кылмыш жасоодо көрүнгөн жеке-психологиялыкөзгөчөлүктөрүн аныктоо; - инсандын оњолуу жагына таасир көрсөтүүчү жаткан мүнөзүн аныктоо; - конкреттүү соттолгонго карата пробация кызматынын "коомго кайта-руу" мүмкүнчүлүктөрүн табуу; - соттолгондорду оњ жолго салуу боюнча жеке программаны иштеп чы-гуу. 4.7. Аялдарга жана бой тарта элек балдарга карата жазаларды жана кылмыштык-укуктук мүнөзүндөгү башка чараларды аткаруунун өзгөчөлүктөрү Пенитенциардык системаны андан ары гумандаштыруунун, аны эл аралыкстандарттардын сунуштарына ылайык келтирүүнүн зарылдыгын эске алуу жанакесилгендердин инсанына дифференциалдуу мамиле кылуунун, аялдарды жанабой жете элек балдардын социалдык-укуктук жактан корголушун жогорулату-унун маанисин эске алуу менен, аялдар жана бой жете элек балдар тарабы-нан жасалган кылмыштар үчүн кылмыш мыйзамдарынын санкцияларын жумшарту-уга, тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу чөйрөсүн кењейтүүгөбагытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу зарыл. Кылмыш жасаганаялдарга карата жазаны өтөө мөөнөтүн жылдыруу жана кылмыш жоопкерчили-гинен бошотуу боюнча башка кылмыштык-укуктук чараларды да кењири колдо-нуу максатка ылайыктуу. Андан тышкары, кылмыш-жаза мыйзамдарынын жалпы башталыштарындабөтөнчө учурларда жаза берүүнүн эркинен ажыратуу көрүнүшүндөгү санкция-ларын колдонуунун жана кылмышты моюнга алуунун жумшартуучу жөн-жайы ка-тары бой тарта элек балдары бар аялдарын жасаган кылмышын эске алуу ке-рек. Бой тарта элек балдарга карата альтернативалуу чараларын максимал-дуу колдонулушун кењейтүү керек. Бой тарта элек укук бузуучулар жанасоттолгон аялдар менен тарбиялык иш жүргүзүү жаш өзгөчөлүк психология-сынын, педагогиканын атайын билимин талап кылгандыктан кесилгендердинбелгилүү категориясы менен иштөө үчүн пенитенциардык тутумунун кызмат-керлерин профессионалдык жактан даярдоонун критерийлерин иштеп чыгуу,аларды тийиштүү ички ведомстволук документ аркылуу бекитүү зарыл. Жазаларды жана кылмыштык-укуктук мүнөздөгү башка чараларды аткару-уда кесилген аялдардын жана балдардын социалдык-карым-катнашка муктаж-дыгана негизденүү керек, мындай карым-катнашты колдоо үчүн зарыл шарт-тарды түзүү абзел. Бой тарта элек балдардын жаш өзгөчөлүк психологиясын эске алуу ме-нен, төмөнкү маселелерди карап чыгуу зарыл: - Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамынан тарбия абагындакармоонун катуу жана жењилдик берүүчү шарттары жөнүндө жобону алып са-луу жаатында сунуш киргизүү; - бой жете электерге карата жаза берүүдө максималдуу экономдоопринцибине таянуу менен, мыйзам бузуучулардын ушул категориясына каратакалыбына келтирүү акыйкатчылыгынын технологияларын пайдалануу сунуш кы-лынат; - бой тарта элек кесилгендерди реабилитациялоо Программасын жанаалар коомчулукка кошулгандан кийин аларды социалдык адаптациялоо боюнчаатайын программа иштеп чыгуу; - тарбия абагында социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүүборборлорун түзүү, камкордук көрүү кењештерин жана ата-энелер комитет-терин түзөтүү мекемелеринин түрүн өзгөртүү, шарттык мөөнөтүнөн мурдабошотууга сунуш кылуу, жарашуу иш-чарасына катышуу, бой тарта элек бал-дарга жазасын өтөп бүткөндөн кийин жардам көрсөтүү маселелерин чечүүгөтартуу менен, алардын статусун көтөрүү; - илимдин, маданияттын, билимдин, диний жана граждандык коомдунбашка өкүлдөрүнүн катышуусу менен бой тарта элек мыйзам бузуучулардыколдоонун мамлекеттик фондун түзүү; Кесилген бой тарта элек балдардын жана аялдардын проблемаларынакоомчулуктун көњүлүн бурдуруу (сүрөт көргөзмөлөрү, түзөтүү мекемелери-нин китеп фондун толтуруу боюнча жардам көрсөтүү, көркөм чыгармачылыкконкурстары ж.б.) боюнча жалпы республикалык жана регионалдык мүнөздөгүкайрымдуулук акцияларын такай уюштуруу жана колдоо. 4.8. Пенитенциардык системаны демилитаризациялоо жана анын структурасын өркүндөтүү Азыркы шарттарда пенитенциардык тутумун реформалоонун башкы багыт-тарынын бири болуп аны демилитаризациялоо эсептелет. Бул процесс жаза-ларды жана кылмыштык-укуктук мүнөздөгү башка чараларды аткарган мекеме-лердин жана органдардын адам укуктарын камсыз кылууга, кесилгендергекоомдогу өз алдынчалык турмушка ыњгайлашууга жардам берүү менен аныкта-лат. Бул жазык-аткаруу саясатынын идеологиясын өзгөртүүнү карайт жанапенитенциардык системасынын органдарын жана мекемелерин граждандык ве-домстволор катары андан ары өнүгүшүн шарттайт, бул пенитенциардык сис-темадагы уюштуруучулук-структуралык ар кандай өзгөрүүлөргө түздөн-түзбайланыштуу. Ушул өзгөрүүлөр төмөнкүлөрдү караштырат: - жазык-аткаруу-инспекцияларынын Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүпберүүнү ишке ашыруу; - келечекте азыркы аракеттеги жазык-аткаруу инспекцияларынын база-сында пробация кызматын түзүү. Пробация кызматыныи нормативдик-укуктукдокументациясын жана анын ишин уюштуруу механизмин иштеп чыгуу (проба-ция кызматы жөнүндө тийиштүү жобону, анын кызматкерлеринин ишине жетек-чилик көрсөтмөлөрдү даярдоо); - пенитенциардык тутумунда педагогикалык жана социалдык-психологи-ялык кызматты түзүү; - жазаларын өтөп бүткөндөрдү реабилитациялоо борборлорун түзүү жа-на аларды уюштуруучулук-нормативдик камсыздоо боюнча сунуштарды кир-гизүү; - пенитенциардык тутумун ага азыркы маалыматтык технологиялардыкиргизүү менен маалыматтык-талдоолук камсыздоону уюштуруу жана байланыштутумун өнүктүрүү, кесилгендерди автоматташтырылган эсепке алуунун маа-лыматтык банкын түзүү; - пенитенциардык мекемелерин башкаруунун аралаш тибине өтүүжолу менен башкарууну борборлоштурууну жоюу, борборлоштурулганжана регионалдык тибине өтүү; Пенитенциардык тутумун демилитаризациялоо шарттарында кызматкер-лердин белгилүү категорияларынын статусун өзгөртүү, аларды медициналык,каржы кызматкерлеринин, камсыздоо, өндүрүш, кадр жана кошумча жардамчыкызматтарынын категорияларына которуу зарыл. Бул үчүн көрсөтүлгөн кыз-маткерлердин пенитенциардык кызматка жана кайра мурдагы кызматынаөтүшүнүн механизмин иштеп чыгуу абзел. 4.9. Пенитенциардык тутумунун кадрларын даярдоо, кызматкерлерин социалдык-укуктук коргоо Пенитенциардык тутум үчүн кадрларды даярдоо, алардын кызматкерле-ринин жањы шарттарда иштей билүүсү мамлекеттин жазаларды жана кылмыш-тык-укуктук башка чараларды аткаруу чөйрөсүндөгү саясатынын башкы ба-гыттарынын бири болуп саналат. Бул артыкчылык милдет катары пенитенци-ардык тутумун кесилгендердин укуктарынын сакталышын, алардын адамдыккасиеттерин сыйлоону көздөгөн жана кесилгендерди коомго кайра көнүшүнөкөмөктөшүүгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу персонал менен камсызкылууну аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Пенитенциардык тутумунун кызматке-ри юриспруденция, психология жана социалдык иш чөйрөсүндө профессионалжана ишке көзү жеткен адам болууга тийиш. Пенитенциардык тутумунун кыз-маткерлерине белгилүү дењгээлде адеп-ахлактык-психологиялык жана би-лимдүүлүк керек. Ушуга байланыштуу пенитенциардык тутумунун кызматкери-нин ушул функцияларды аткарууга жөндүү критерийлерин камтыган квалифи-кациялуу мүнөздөмөсүн иштеп чыгуу, аны тийиштүү түрдөгү ведомстволукнормативдик актылар менен бекитүү маанилүү. Пенитенциардык тутумунун кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдооүчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин пенитенциардык туту-мунун окуу борборунун уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык ба-засын бекемдөө зарыл. Пенитенциардык тутумунун жогорку квалификациялуу адистер мененкамсыздоо жана кызматкерлерди кайра даярдоо максатында мамлекеттик за-каздын негизинде жогорку окуу жайларында адистештирилген атайын окуутопторун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү керек. Пенитенциардык тутумунун кызматкерлеринин социалдык-укуктук корго-лушун жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кызматкер-лердин штаттык санынын нормативдерин иштеп чыгуу керек, мында аларды эларалык стандарттардын сунуштарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык келтирүү менен психолог, социалдык кызматкер штаттык бир-диктерин киргизүүнү эске алуу абзел Кыргыз Республикасынын нормативдикукуктук актыларына ылайык кесилгендердин жылдык орточо санынын 6 пайы-зынын өлчөмүндө кылмышкерлерди көзөмөлгө алып кайтара турган катардагыжана башкаруу кызматкерлеринин санын белгилөө зарыл. "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемеле-ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир катар норматив-дик укуктук актыларын кыбыл алынышы керек. 4.10. Тартипти, көз салууну жана кайтарууну жакшыртууну уюштуруу боюнча чаралар Соттолгондорду отряддык тутумда карма алган түзөтүү мекемелериненкамералык жана отряддык жайгаштыруу (катуу, жењилдетилген жана кадимкишарттар) айкалышкан аралаш типке акырындап өтүү, түзөтүү абактарындалокалдык участокторду калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууабзел. Текшерүүчүлөрдүн курамын өзүмдүк коргонуунун атайын каражаттарыменен камсыз кылуу керек. Жазаларды аткаруунун борбордук органында жанатүзөтүү мекемелеринде байланыш, кинологиялык кызматтарды, тек-шерүүчүлөрдүн курамын окутуу, көз салуу жана көзөмөлдүк кылуу техника-лык каражаттарын тейлөө боюнча атайын кызматтарды уюштуруу зарыл. "Кыргыз Республикасында жазаларды аткаруу тутумунун ишинин абалыжана аны жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кооп-суздук кењешинин 1997-жылдын 25-декабрындагы N 7 чечимин аткаруу боюнчамекемелерди кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын кайра конс-трукциялоону ишке ашыруу, ал эми андан ары түзөтүү мекемелерин кайтару-унун азыркы инженердик-техникалык каражаттары менен жабдуу жаатында ишжүргүзүү керек. Пенитенциардык мекемелерин азыркы техникалык каражаттар менен жаб-дылышын алдын ала ойлоо менен, алардын кайтаруу жана көз салуу инженер-дик-техникалык каражаттарын кайра конструкциялоо графигин иштеп чыгуукерек. Түзөтүү мекемелеринин Чүй өрөөнүндө көбүрөөк топтолгонун, кылмыш-тык топтордун кесилгендерге таасир көрсөтүү жагынан зор мүмкүнчүлүгүнэске алуу менен, ошондой эле кесилгендер тарабынан мыйзамсыз массалыкнааразычылык көрүнүштөрүнүн алдын-алуу максатында тескери жана жаманойлуу келген кесилгендерди республиканын башка регионунда кармоо үчүнобъект куруу же кайра конструкциялоо сунушун киргизүү керек. 4.11. Соттолгондордун эмгек менен алектениши Соттолгондорго мамиле кылуунун эл аралык стандарттарына, "Жа-зык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык соттолгондордун эмгегипайда көрүү үчүн пайдаланылбашы абзел. Соттолгондордун эмгеги камактанкийинки социалдык-пайдалуу ишине керектүү билимдерге жана ыктарга ээболуу каражаты болушу керек, ал оњ жолго түшүүнүн негизги каражаттары-нын бири болуп, кадыресе граждандардын эмгеги сыяктуу принциптерде элеуюштурулат. Ушул максатта төмөнкүлөр зарыл: - пенитенциардык тутумунун ишканаларынын ишинин пенитенциардык ту-тумунун ишканаларынын өндүрүшүн кайра курууга жана аларда өндүрүштүкпотенциалын өлкөнүн экономикасына интеграциялоого, республиканын өнөржайын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү мамлекеттик жана инвестициялык долбо-орлоруна катышууга, белгилүү номенклатуранын продукциясын чыгарууга би-ринчи укук берүүгө, системанын ишканаларын салыктардын, жыйымдардын жа-на төлөмдөрдүн негизги түрлөрүнөн бошотууга, кредиттик карыздарды рест-руктуризациялоого негизделген нормативдик-укуктук жана каржылоо-эконо-микалык базасын түзүү; - пенитенциардык тутумунун өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынатаандашууга жарактуу продукция чыгаруу үчүн түзүлүшүндөгү башка багыталуу менен уюштуруу реформасын жүргүзүү; - пенитенциардык тутумунун ишканаларынын каржылоо-экономикалыкабалын жакшыртуу маселелери жана алардын өндүрүштүк кубаттуулуктарынөнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүү; - инвестицияларды тартуу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттерменен өз ара аркеттенүүнүн жањы жолдорун жана ыкмаларын, анын ичинде,пенитенциардык тутумунун ишканаларынын өндүрүш ишине менчиктин каалагантүрүндөгү ишкананын катышуу мүмкүнчүлүгүн кењейтүү жолу менен иштеп чы-гуу; - соттолгондордун өзү эле ишке орношуп алуусуна багытталган, эмгекрыногунда талап кылынган жањы кесиптерге үйрөтүү жана кайра окутүү үчүнтүзөтүү абактарынын кесиптик окуу жайларынын материалдык-техникалык ба-заларын өркүндөтүү 4.12. Илимий иш Азыркы учурда пенитенциардык тутумунун ишин илимий-укуктук жактанкамсыздоосуз жүзөгө ашырууга болбойт. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдүаткаруу зарыл: - пенитенциардык тутумунда эл аралык тажрыйбасын үйрөнүүнү жанаколдонууну киргизүү; - пенитенциардык тутумундагы кримонологиялык кырдаалды үйрөнүү,посткриминалдык жана постпенитенциардык көзөмөлдөө проблемалары, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, кылмыштардын алдын-алуу, кесил-гендер менен тарбиялык иш жүргүзүү, көз салууну жана көзөмөлдүктү кам-сыз кылуу маселелери жаатында сунуштарды киргизүү боюнча пенитенциардыкизилдөөлөрдүн лабораториясын түзүү. 4.13. Граждандык коом менен өз ара аракеттенүү Пенитенциардык тутумун реформалоону граждандык коомдун өнүгүшүнөнажырым кароого болбойт. Граждандык коомдун негизги субъекттери болупкоммерциялык эмес уюмдар эсептелет. Алар менен түзүлгөн конструктивдүүмамилелерди өнүктүрүү коомчулуктун көњүлүн пенитенциардык тутумунун ма-селелерине бурууга, кесилгендердин укугун коргоого, пенитенциардык ту-тумунун ачык иштөөгө, кесилгендерге укуктук жардам көрсөтүүгө, алардынкармоо шарттарын жакшыртууга, кесилгендерди медициналык жана социал-дык-психологиялык жактан реабилитациялоого көмөктөшүүгө шарт түзөт. Пенитенциардык тутумунун мекемелеринин ишин жакшыртуу үчүн жанакөз каранды эмес эксперттердин баасын алуу, пенитенциардык тутумунунперсоналынын кесилгендерге жасаган мамилесинде эл аралык стандарттаргаүйрөтүү пилоттук долбоорлорун ишке ашыруу максатында коммерциялык эмесуюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл. Пенитенциардык тутумунун көз каранды эмес коомдук мониторингин та-кай өткөрүүнү практикалоо зарыл. Республиканын калкына туура маалымат берүү жана коомдук пикирдитуура калыптандыруу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары менен бай-ланышты бекемдөө абзел. Эл аралык, мамлекеттик эмес уюмдар (бирикмелер), диний конфессия-лар менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин пенитенциардыктутумунун органдарынын жана мекемелеринин өз ара аракеттенүүлөрүнүнформаларын жана методдорун өнүктүрүү, пенитенциардык тутумунуда мыйзам-ды бузууну алдын алуу максатында, ошондой эле кесилгендердин КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын талабынын негизинде укугун жана эркинди-гин коргоого натыйжалуу кол кабыш кылуу үчүн Кыргыз Респуликасынын Юс-тиция министрлигине караштуу Коомдук байкоо кењештерин түзүү зарыл. 4.14. Эл аралык кызматташтык Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр зарыл: - эл аралык уюмдар жана ар кыл өлкөлөрдүн пенитенциардык тутумдарыменен кызматташуу жөнүндө узак мөөнөттүк макулдашуулары түзүү; - башка өлкөлөрдүн оњ тажрыйбаларын пайдалануунун негизинде жаза-ларды аткаруунун учурдагы проблемалары боюнча пенитенциардык тутумунунперсоналынын тажрыйба алмашуусу, аны окутуу жана квалификациясын жого-рулатуу; - пенитенциардык тутумунун иштеши жаатында маселелер боюнча эларалык конференцияларга жана семинарларга катышуу; - жазаларды аткаруу жана альтернативалуу санкцияларды колдонуу ма-селелери боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга өнөктөшкатары чыгуу; - биргелешкен тышкы экономикалык ишмердик жөнүндө келишим түзүү; - эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү; - пенитенциардык тутумунун ишин жакшыртуу үчүн эл аралык гранттар-ды тартуу боюнча иш жүргүзүү.