Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 17-мартындагы № 173
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар
иштери боюнча кењеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу
жана ушул тармакта сунуштарды иштеп чыгуу боюнча аткаруучу бийликтин
мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
жана өкмөттүк эмес уюмдардын конструктивдүү жана координацияланган
ишин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 280 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери боюнча
кењеш жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргызтандын жаштарын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки
"Жаштык" Улуттук программасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-мартындагы № 144 токтомунун 1-пункту;
- "Кыргызтандын жаштарын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга чейинки
"Жаштык" Улуттук программасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-мартындагы № 144 токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-
февралындагы № 96 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-октябрындагы
№ 647-б буйругу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 280 токтомуна ылайык күчүн жоготту
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 17-мартындагы № 173
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар
иштери боюнча кењештин курамы
Кулов Ф.Ш. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, төрага,
Иманалиев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутаты (макулдашуу боюнча),
Жекшенов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министринин орун басары,
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун
басары,
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы
министринин орун басары,
Сарыбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгынын начальниги,
Батыралиева Н.С. - "Бирге!" элдик жаштар кыймылы" коомдук бирик-
месинин төрагасы (макулдашуу боюнча),
Шайхутдинов Т.Ф. - "Бирге!" элдик жаштар кыймылы" коомдук бирик-
месинин пландоо боюнча координатору (макулдашуу
боюнча),
Ишекеев Н.К. - "Кыргызстандын жаштар клубу" коомдук бирик-
месинин координатору (макулдашуу боюнча),
Жумадилде уулу Мурадил - "Кыргызстандын жаштар клубу" коомдук бирик-
месинин Координациялык кењешинин катчысы
(макулдашуу боюнча),
Краснов Ю.В. - "Арча" жаштар демилге тобунун мүчөсү (макул-
дашуу боюнча),
Абралиев К.А. - "КелКел-Кайра жаралуу" жарандык жаштар кыймылы"
коомдук бирикмесинин негизги координатору
(макулдашуу боюнча),
Абылаев Т.З. - "КелКел-Кайра жаралуу" жарандык жаштар кыймылы"
коомдук бирикмесинин программалык координатору
(макулдашуу боюнча),
Шишкараев Э.К. - Жалалабат мамлекеттик университетинин студенттик
омбудсмени (макулдашуу боюнча),
Осмоналиева Э.М. - "Кыргызстандын студенттер союзу" коомдук бирик-
месинин төрагасынын милдетин аткаруучу (макул-
дашуу боюнча),
Омушев С.Т. - Талас шаардык кењешинин депутаты (макулдашуу
боюнча),
Эралиева М.З. - "Интербилим" борбору" коомдук бирикмесинин про-
граммалык координаторунун ассистенти (макулдашуу
боюнча),
Жолдошев А.А. - "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун дирек-
тору (макулдашуу боюнча),
Кењешева Б. - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көкжар
айылынын жаштарынын коомдук жаштар бирикмесинин
төрагасы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси-министр Т.Коеналиев