Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 17-мартындагы № 173
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 280 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) ведомстволор аралык координациялык орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен бекитилет.
2. Кеңештин максаттары жана милдеттери
4. Кеңештин максаты:
- кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча конструктивдүү жана координацияланган ишин камсыз кылуу.
5. Кеңештин милдеттери:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын иштеп чыгуу боюнча чечимдерди талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүлөрүн жакшыртуу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын жаштар саясаты жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү бөлүгүндө сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ишин координациялоо.
3. Кеңештин функциялары
6. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасында бирдиктүү мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу маселелерин талкуулайт;
- жаштар саясаты жаатындагы мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын, максаттуу программалардын, концепциялардын долбоорлорун алдын ала тартибинде карайт жана талкуулайт;
- Кыргыз Республикасындагы жаштар саясатынын абалы, Кыргыз Республикасындагы жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалыматтарды жиберет, бул иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
- жаштар саясаты жаатындагы эл аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
4. Кеңештин укуктары
7. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз жыйындарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн ушул органдарга мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы тууралуу угууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана уюмдарынан Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды. жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- белгиленген тартипте Кеңештин жыйналыштарын жана жумушчу жолугушууларын өткөрүүгө;
- Кеңештин ишине Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын, илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин, уюмдарынын жана коомдук бирикмелердин адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- жаштар чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүнүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылуучу сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө.
5. Кеңештин иштөө тартиби
8. Кеңештин маалыматтык материалдары Кеңештин мүчөлөрүнө жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 5 жумуш күндөн кечиктирилбей берилет. Кеңештин жыйыны өтүүчү дата жана жер Кеңештин төрагасы же анын тапшырмасы боюнча төраганын орун басары тарабынан аныкталат.
9. Кеңештин жыйыны жарым жылда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн. Кеңештин жыйыны эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу деп саналат.
10. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, Кеңештин төрагасы жок учурда - Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
11. Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат, Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен, ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана Кеңештин төрагасы же Кеңештин төрагасынын орун басары кол коёт.
Кеңештин чечими сунуштама мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кароосуна андан ары чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө Кеңешке кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдоо үчүн белгиленген тартипте жиберилет.
12. Кеңештин чечимдеринин аткарылышын Кеңештин төрагасынын орун басары контролдойт.
6. Кеңештин катчылыгынын милдеттери жана функциялары
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Катчылык) Кеңештин жумушчу органы болуп саналат.
14. Катчылыктын милдеттери болуп Кеңештин максаттарына жана милдеттерине ылайык анын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо, Кеңештин жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү саналат.
15. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
Кенештин жыйынына материалдарды даярдайт жана катышуучуларды чакырат, Кеңештин жыйынындарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, жиберүүнү уюштурат, документтерди сактайт жана эсепке алат;
- Кеңештин чечимдеринин, бекитилген пландарынын жана программаларынын аткарылышына көмөк көрсөтөт, кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн контролдойт;
- Кеңештин чечимдеринин материалдарын жана долбоорлорун ыкчам жана сапаттуу даярдоо үчүн тапшырмаларды аткарууда жумушчу топтордун жана комиссиялардын жетекчилерине көмөк көрсөтөт;
- Кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт;
- Кеңештин жетекчилигинин өзүнчө тапшырмаларын аткарат.