Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 207 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
1.1. Бул Нускама мамлекеттик жашыруун сырларга (мамлекеттик сыр) иштөөгө уруксат берилген мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жумушчулары менен кызматчыларынын жашырын мүнөздөгү иштери жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү, ошондой эле шифровалдык иштери үчүн кызмат маяналарына (тарифтик ставкасына) проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.2. Жашыруун документтер менен иштеген жумушчулар жана кызматчылар алардын сакталышы, ошондой эле алардын иш процессинде же башкалар аркылуу белгилүү болгон же ишенип берилген жашыруун маалыматтардын сакталышына жеке жоопкерчилик тартышат.
1.3. Мамлекеттик же кызматтык сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгаруу, мындай маалыматтарды камтыган документтерди жоготуу, ошондой эле жашырындуулук режимин бузуулар үчүн күнөөлүү адамдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кылмыш же дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат.
1.4. Көрсөтүлгөн үстөк жашырындуулуктун тийиштүү деңгээлиндеги маалыматтарга белгиленген тартипте таризделген уруксаты бар жана кызматтык (функционалдык) милдеттеринен улам көрсөтүлгөн маалыматтар менен дайыма иштеген кызматкерлерге эмгекке акы төлөө фондунда каралган каражаттардын чектеринде аткаруу бийлик органынын, ишкананын, мекеменин же уюмдун жетекчисинин чечими боюнча төлөнөт.
Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар менен дайыма иштөө деп аларды алуу (жазуу жүзүндөгү документ түрүндө, техникалык каражаттарды жана башкаларды пайдаланууда) тартибине жана шарттарына, ошондой эле жыл ичиндеги анын узактыгына жана мезгилдүүлүгүнө карабастан ошол маалыматтар менен иштөөнү түшүнүү керек.
Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, уюмдардын жана аскердик бөлүктөрдүн мамлекеттик жашыруун сырды коргоо боюнча структуралык подразделениелери болуп жетекчинин приказы менен мамлекеттик сырды коргоо жүктөлгөн, маалыматты коргоо каражатын пайдаланышкан, ошондой эле пайдаланышпаган атайын подразделениелер же болбосо өзүнчө штаттык адистер эсептелет.
1.5. Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маянасына ар айлык үстөктүн өлчөмү 25ке чейинки процентти түзөт.
Иши үстөк төлөнүүгө укук берген кызматтардын тизмеси жана үстөктүн конкреттүү өлчөмү, министрликтин, ведомствонун, уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.
Кызмат маяналарына үстөк алыскы жана климаттык шарттары оор жерлердеги кызматы үчүн жогорулатууну эсепке албастан төлөнөт.
1.6. Иште жашырындуулук режимин начарлатууга жол бергендиги үчүн подразделениенин жетекчиси иштин жашыруун мүнөзү же жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн үстөктүн өлчөмүн төмөндөтүп коюуга же аны толугу менен алып салууга укуктуу.
1.7. Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн үстөк кызматтык (функционалдык) милдеттеринен улам жашырындуулуктун тиешелүү деңгээлиндеги мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар менен кызмат адамынын же жарандын туруктуу негиздеги иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, мамлекеттик органдын жетекчисинин (командирдин) тиешелүү чечими (буюрмасы, буйругу, көрсөтмөсү) жазуу жүзүндө таризделген учурдан тартып төлөнөт.
Чечимде кызматы, фамилиясы, аты, атасынын аты, мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарга карата уруксат берүү карточкасынын номери, числосу, айы, жылы жана белгиленген ар айлык үстөктүн өлчөмү процент менен көрсөтүлөт.
Аткаруучу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жетекчисине мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар менен иштөө үчүн проценттик үстөк эреже катары жогоруда турган орган тарабынан белгиленет. Ведомстволук таандуулугу аныкталбаган ишканалардын жетекчилерине көрсөтүлгөн проценттик үстөк ошол ишкана жүргүзгөн иштердин жогорку деңгээлине жараша эмгек келишими (контракт) менен белгиленет.
Чечим кызмат орундарынын тизмесиндеги өзгөртүүлөрдү, кызмат адамдарын кабыл алуу жана иштен бошотууну, мамлекеттик сырга кирген маалыматтардын тизмесин өзгөртүүнү жана башка факторлорду эске алуу менен жылына кеминде бир жолу чыгарылат.
Лицензиясы бар ишканаларда, аскердик бөлүктөрдө жана мамлекеттик сырды түэүүчү маалыматтарды пайдаланууга байланыштуу биргелешкен иштерди аткарууга заказчы тарабынан тартылуучу кызматкерлерге көрсөтүлгөн маалыматтар менен иштөө үчүн проценттик үстөк төлөө ушул иштерге заказчы каржылоону ачкан учурдан тартып ал иштер бүткөнгө чейин жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
1.8. Проценттик үстөктөрдү төлөө кызмат адамдары жана жарандар отпускада (бала багуу боюнча отпускадан тышкары), командировкада, амбулатордук жана дарылоо мекемелеринде дарыланып жүргөн мезгилде токтотулбайт.
1.9. Көрсөтүлгөн проценттик үстөк төмөнкүлөргө төлөнбөйт:
а) ээлеген кызматтарынан бошотулган адамдарга;
б) аны менен иштөөгө тыюу салынган адамдарга;
в) айкалыштырып иштеген жана негизги иштеген жери боюнча ушундай үстөк алган адамдарга;
г) саатына акы алып иштегендерге;
д) бала багуу боюнча отпускада жүргөн адамдарга.
Проценттик үстөк төлөө кызматтан бошогон күндөн кийинки күндөн, иштөөгө тыюу салынган күндөн тартып токтотулат.