Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-марты №207
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү
үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби
жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Эмгекке акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү, ошондой эле
мамлекеттик же кызматтык сырды түзүүчү маалыматгарды сактоо максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн
мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,
ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жумушчуларынын жана
кызматчыларынын кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн
тартиби жана шарттары жөнүндө тиркелген Нускама бекитилсин.
2. Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн
жумушчулардын жана кызматчылардын кызмат маяналарына проценттик
үстөктөрдү төлөө эмгекке акы төлөө фондунда каралган каражаттардын
чектеринде жүргүзүлөт.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери
боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов