Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-апрелиндеги № 223 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Р.Б.Тагаевтарабынан демилге көтөрүлгөн "Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген
корутундунун негизиндемакулдук берилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов 2006-жылдын 3-апрели № 23-50/151 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
"Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Р.Б.Тагаевтарабынан демилге көтөрүлгөн
"Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, КыргызРеспубликасынын Өкмөтү аны төмөнкүдөй сунуштарды жана пикирлерди эскеалуу менен кабыл алууга макулдук берет. Расмий тилдеги редакциясынын 5-статьянын 3-пунктунда жана 6-статьянын 1-пунктунун акыркы абзацында "при" деген сөз "в" деген сөзгөалмаштырылсын. 8-статьяда: - биринчи пункт "окуу" деген сөздөн мурда "профилдик" деген сөзменен толукталсын; 11-статьянын 5-пунктунун биринчи абзацы "түзүлөт" деген сөздөнкийин "республикалык" деген сөз менен толукталсын; "персонал" дегенсөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы үчүнжыл сайын каралчу каражаттардын чегинде" деген сөздөр менентолукталсын. 22-статьянын 3-пунктунун 3-пунктчасында "террористик акцияныннатыйжасында" деген сөздөр "жабыркаган" деген сөзгө алмаштырылсын. 27-статъя
2004-жылдын 21-августундагы № 163 «Аскер кызматчыларынынжана машыктыруучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскергемилдеттүүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттиккамсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыккелтирилсин. Бул статьянын 1-пунктунда «терроризмге каршы күрөш» дегенсөздөр тийиштүү жөндөмөдө "терроризмге каршы операция" деген сөздөргөалмаштырылсын. Ошондой эле мыйзам долбоорун, айрыкча 2, 4, 5, 6, 8, 10, 11, 12,18, 22. 25, 27, 29 жана 32-статьяларды орфографиялык жанапунктуациялык эрежелерге ылайык келтирүү жагынан толуктап редакциялапчыгууну сунуш кылабыз. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы (мындан ары -УКК) 2-статьяда, ошондой эле 4-статьянын 2 жана 3-пункттарындасаналган айрым түшүнүктөрдү баяндоо боюнча бир катар пикирлердибилдирди. УККнын корутундусу боюнча, 5-статьянын 1-пунктунда жана 11-статьянын 5-пунктунда баяндалгандар кылдат ойлоштурууну жана орчундуукайра иштеп чыгууну талап кылат. Мындан тышкары УКК Мыйзамдын долбооруна УККнын алдында туруктууиштөөчү терроризмге каршы улуттук борбор түзүүнү жана анын иштешинжөнгө салуучу статья кошууну сунуш кылды. Жогоруда айтылгандардын негизинде жана мыйзам долбооруна ылайык УККаны түздөн түз негизги ишке ашыруучу болоорун эске алып,
"Терроризмгекаршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын акыркыдолбоорун Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы мененбирдикте иштеп чыгуу керек деп эсептейбиз. Премьер-министр Ф.Кулов