Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-апрели №236
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз
Республикасына алынып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик
товарларга акциз салыгынын 2006-жылга ставкалары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасында экономиканы өнүктүрүү үчүн укуктук,
экономикалык жана уюштуруучулук өбөлгөлөрдү, ишкерликти өнүктүрүүдө
жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. «Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасына
алынып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын
2006-жылга ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министринин орун
басары аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп
дайындалсын жана талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
атынан ага өзгөртүү киргизүүгө укук берилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов