ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги №236 «Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын 2006-жылга ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

Бишкек шаары,  Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-апрели №236

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

            «Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз

       Республикасына алынып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик

       товарларга акциз салыгынын 2006-жылга ставкалары жөнүндө»

     Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

               киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын

                        Мыйзам долбоору жөнүндө

 

    Кыргыз   Республикасында  экономиканы  өнүктүрүү   үчүн   укуктук,

экономикалык  жана  уюштуруучулук өбөлгөлөрдү, ишкерликти  өнүктүрүүдө

жагымдуу  шарттарды  түзүү  максатында Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү

токтом кылат:

    1.  «Юридикалык  жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасына

алынып  келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын

2006-жылга   ставкалары  жөнүндө»  Кыргыз  Республикасынын   Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү  жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.

    2.   Аталган   мыйзам  долбоору  Кыргыз  Республикасынын   Жогорку

Кењешинин кароосуна киргизилсин.

    3.  Кыргыз  Республикасынын экономика жана каржы министринин  орун

басары   аталган  мыйзам  долбоорун  Кыргыз  Республикасынын   Жогорку

Кењешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү  болуп

дайындалсын жана талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн

атынан ага өзгөртүү киргизүүгө укук берилсин.

   

    Премьер-министр                                Ф.Кулов