Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы
№ 673 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген |
Бизнести баалоонун СТАНДАРТЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт бизнести баалоо жаатындагы түшүнүктөрдү, терминдерди, баалоо жүргүзүү методологиясын жана тартибин аныктайт.
2. Бул стандарт нарктын түрүн, баалоо объектисин, баалоонун ыкмаларын жана методдорун аныктоодо Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттери тарабынан колдонулууга милдеттүү жана төмөнкүлөрдү баалоого колдонулат:
- чарбакер субъект катары иштеп жаткан ишкананы;
- менчикте турган же субъектке таандык болгон активдерди жана милдеттенмелерди;
- капиталдагы үлүштөрдү.
3. Бул стандартта пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар:
Активдүү рынок - төмөндө көрсөтүлгөн бардык шарттар аткарылуучу рынок:
- рыноктогу бүтүмдөрдүн объекттери бир түрдүү болушат;
- бүтүмдү түзүүнү каалаган сатып алуучуларды жана сатуучуларды кайсы учурда болсо да тапса болот;
- баалар жөнүндө маалымат жалпыга ачык болот.
Баланстык пайда - салык төлөө боюнча чыгымдарды эсептен чыгарганга чейин, түшкөн дүң акча менен өндүрүштүк чыгымдардын ортосундагы айырма.
Баланстык нарк:
- активдерге карата - топтолгон амортизацияны, эскирүүнү жана төлөөнү чыгарып салып, чарбакер субъекттердин бухгалтердик китептеринде көрсөтүлгөндөй бул активди түзүүгө/сатып алууга капиталдаштырылган чыгымдар;
- бизнеске карата - суммалык активдер (амортизацияны чыгарып салып) менен бизнестин суммалык милдеттенмелеринин ортосундагы айырма - анткени алар чарбакер субъекттердин балансында көрсөтүлгөн.
Дүң пайда - дүң түшкөн акча менен сатуунун өздүк наркынын ортосундагы айырма.
Иштеп жаткан ишкана - учурда иштеп жаткан ишкана.
Дивиденддик киреше - акциялардын учурдагы баасынан пайыз менен туюнтулган дивиденддердин ар бир жылдагы суммасы.
Кирешелүү ыкма - бизнестин наркы келечекте күтүлгөн кирешенин учурдагы наркы менен аныкталуучу бир же бир нече методдорду пайдаланып бизнестин наркынын көрсөткүчүн, бизнестеги үлүштү же баалуу кагазды эсептөөнүн жалпы жолу.
Чыгымдуу ыкма (таза активдердин негизиндеги ыкма) - ишкананын жана/же анын жеке капиталынын активдеринин наркын аныктоонун жалпы ыкмасы, анын алкагында милдеттенмелерин эсептен чыгарып салып, ишкананын активдеринин учурдагы датага карата рыноктук наркын эсептөөгө тикеден-тике негизделген бир же андан көп методдор колдонулат.
Инвестицияланган капитал - карыздын жана узак мөөнөттүү негизде бизнестеги жеке капиталдын суммасы.
Капитал - бардык милдеттенмелерин эсептен чыгарып салгандан кийинки компаниянын активдеринде калган үлүш. Өзүнчө беренелер түрүндө көрсөтүлөт: жеке менчик ээлери киргизген капитал (акционердик коомдор үчүн: жөнөкөй жана артыкчылык акциялары), башка капитал, бөлүштүрүлбөгөн пайда, резервдер д.у.с.
Капиталдаштыруу (бизнести баалоодо):
- кирешени наркка конверсиялоо;
- бизнестин капиталынын түзүмү;
- чыгымдарды мезгилдин ичиндеги чыгашалар катары эмес, капиталдык актив катары таануу.
Контроль - ишкананы башкарууну жана анын саясатын аныктоо боюнча ыйгарым укуктар.
Капиталдаштыруунун коэффициенти - ишкананын кирешесин/пайдасын наркка келтирүү үчүн колдонулган пайыздык ставка.
Экономикалык жашоонун калган мөөнөтү - объекттин баалоо датасынан экономикалык жашоосу аяктаганга чейинки мезгил.
Аз өтүмдүүлүккө жеңилдик - анын аз өтүмдүүлүгүн чагылдыруу үчүн акциялардын пакетинин наркынан чыгарып салынган сумма же пайыз.
Оңдоп-түзөтүлгөн баланстык нарк - баланстык нарктын чоңдугу, ал активдердин же милдеттенмелердин бир же бир нече беренеси бухгалтердик китептеги тийиштүү жазууларга салыштырмалуу өзгөргөндө алынат.
Ишкананын жеке капиталы (ишкананын туруктуулугунун көрсөткүчү) - ишкананын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма; жөнөкөй акциялардын, резервдердин жана бөлүштүрүлбөгөн пайдалардын наркынан турат (ишкананы сатууда ишкананын жеке капиталы боюнча анын ишкердик кадыр-баркы бааланат); ишкананын балансынын пассивинин биринчи бөлүмүнүн мазмунуна ылайык келет.
Жүгүртүүдөгү жеке капитал - күндөлүк (жүгүртүүдөгү) активдер менен күндөлүк (жүгүртүүдөгү) милдеттенмелердин ортосундагы айырма.
Салыштыруу ыкмасы - ишкананын же анын жеке капиталынын наркын аныктоонун жалпы ыкмасы, анын алкагында акциялардын пакетинин же бүткүл ишкананын наркын толук бойдон же акциялардын пакети түрүндө сатылган окшош ишкананын наркына салыштырууга негизделген бир же бир нече методдор колдонулат.
Таза пайда - салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү (мисалы, зайымдар боюнча төлөмдөрдү) төлөгөндөн кийин калган пайда. Таза пайда ишкананын ар түрдүү фонддорун жана резервдерин түзүүгө, ошондой эле акциялар боюнча дивиденддерди төлөөгө пайдаланылат.
Таза активдер - суммалык активдер минус суммалык милдеттенмелер.
Таза акча агымы - ушул операциялык мезгилде бизнестин акча каражаттарына болгон бардык муктаждыктары канааттандырылгандан кийин калган акча каражаттын суммасы. Таза акча агымы жеке же инвестициялануучу капиталды толуктоого жумшалышы мүмкүн болгон акча каражат катары каралат.
Экономикалык жашоонун мөөнөтү - мүлктү кирешелүү пайдаланууга боло турган мезгил.
2. Бизнести баалоо стандарттарынын тартиби жана методологиясы
4. Бизнестин наркын баалоодо төмөнкүдөй методдор колдонулат:
- чыгымдуу ыкма;
- салыштыруу ыкма;
- кирешелүү ыкма.
Рыноктук, техникалык жана башка маалыматтар бар болсо, баалоо үчүн бардык үч ыкма тең колдонулат.
Ыкмалардын кайсы бирин колдонуу мүмкүн эместиги баалоо жөнүндө отчётто негизделиши керек.
5. Чыгымдуу ыкма.
Чыгымдуу ыкманын маңызы оңдоп-түзөтүлгөн таза наркты алуу үчүн оңдоп-түзөтүлгөн активдердин суммасынан оңдоп-түзөтүлгөн милдеттердин таза суммасын алып салууда турат. Чыгымдуу ыкманы ишке ашырууда алгачкы (тарыхый) чыгымдардын базасында түзүлгөн баланстык отчёт бардык активдер, материалдык жана материалдык эмес активдер жана бардык милдеттер алардын рыноктук наркында көрсөтүлгөн баланстык отчёт менен алмаштырылат.
Чыгымдуу ыкма бизнестин пайдасы жана/же акча агымы анык аныкталышы мүмкүн болбогон өнүгүүнүн алгачкы же баштапкы стадиясында тургандан же чыгымдуу ишканалардан башка учурларда бизнести баалоо үчүн көп деле колдонулбайт, мында бизнестин активдерине жана милдеттерине карата адекваттуу рыноктук маалымат ачык болот.
Эгерде баалоо ишкана жоюлууга тийиш деген болжолдоодон улам жүргүзүлүп жатса, активдерди алардын рыноктук наркы боюнча баалоо зарыл жана активдерди жоюу боюнча бардык чыгымдарды жана милдеттенмелердин рыноктук наркын бул нарктан чыгарып салуу керек.
6. Салыштыруу ыкмасы.
Салыштыруу ыкмасында каралып жаткан бизнести ачык рынокто бүтүмдөр түзүлгөн ушуга окшош бизнеске, бизнестеги үлүштөргө же баалуу кагаздарга салыштыруу жүргүзүлөт. Бизнестин кайсы гана болбосун түзүүчүсүнө карата мурдагы бүтүмдөр же сунуштар нарктын болжолу болушу мүмкүн.
Салыштыруу ыкмасында эсептөөлөр чарбалык иштин негизги көрсөткүчтөрү боюнча окшош бизнеске салыштыруунун негизинде жүргүзүлөт.
Бизнести салыштырып баалоону жүргүзүүдө аналог-компаниянын субъектисинин чарбалык ишинин финансы-экономикалык эсептөөлөрү пайдаланылат. Салыштыруу элементтерине төмөнкүлөр кирет:
- сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөр жагынан караганда баалануучу бизнеске окшоштук;
- маалыматтардын көлөмү жана окшош бизнес боюнча текшерүү мүмкүндүгү;
- окшош бизнес менен бүтүмдөрдүн шарттары (салыштыруучу бизнестин баасы көз карандысыз коммерциялык бүтүмдүн шарттарын чагылдырабы?).
Финансы-экономикалык көрсөткүчтөрдү салыштырып талдоону аналог-компаниялар менен баалануучу бизнестин ортосундагы окшоштук жана айырма боюнча жүргүзүү зарыл.
Ачык компанияларды же иш жүзүндөгү бүтүмдөрдү талдоонун негизинде бааны кирешенин же таза активдердин кайсыл бир көрсөткүчүнө бөлүү жолу менен баалоо коэффициенттери (мультипликаторлор) эсептелет. Мындай ыкмаларды эсептөөдө жана тандоодо төмөнкүдөй учурларга көңүл буруу керек:
- мультипликатор бизнестин наркы жөнүндө маанилүү маалыматты бериши керек;
- мультипликаторду баалануучу объект үчүн алгылыктуу кылуу үчүн оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү керек болушу мүмкүн. Үлгү катары салыштыруучу жана баалануучу бизнеске карата тобокелдиктердин жана күтүүлөрдүн деңгээлинде айырмаларды оңдоп-түзөтүүнү келтирсе болот;
- ошондой эле контролдун, өтүмдүүлүктүн же пакеттин өлчөмүнүн деңгээлине карата аналог-бизнестеги үлүштөр менен баалануучу үлүштүн ортосундагы айырманы оңдоп-түзөтүү керек болушу мүмкүн.
Эгерде баалоо үчүн болжол катары баалануучу бизнес менен буга чейин болгон бүтүмдөр пайдаланылса, мезгил факторун, ошондой эле экономикадагы, тармактагы жана бизнестеги жагдайлардын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен оңдоп-түзөтүүлөр киргизилиши керек.
Ачык сатылган акциялардын же катышуу үлүшүнүн рыноктук баалары, катышуу үлүшүн же иштин окшош же чектеш түрүн жүргүзгөн бизнестерди сатып алуу баалары да баалоого карата тигил же бул ыкманы колдонуунун алкагында алынган бизнестин наркынын акылга сыярлык маанисин текшерүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
7. Кирешелүү ыкма.
Кирешелүү ыкманы колдонуу менен наркты алуу үчүн ар түрдүү методдор колдонулат. Айрыкча көп колдонулган методдор кирешени капиталдаштыруу жана акча агымын же дивиденддерди дисконттоо болуп саналат. Алынган нарк жердин, имараттардын, машиналардын жана жабдуулардын, жүгүртүүдөгү жеке капиталдын, материалдык эмес активдердин салымын камтыйт.
Кирешени капиталдаштыруу ыкмасы туруктуу акча агымын капиталдаштыруу ставкасына бөлүү жолу менен бизнестин, бизнестеги үлүштүн же баалуу кагаздын наркын белгилөөнү караштырат.
Акча агымын жана (же) дивиденддерди дисконттоо келечектеги бир нече мезгилдердин ар бирине эсептелген акча агымын дисконттоо жолу менен бизнестин, бизнеске менчиктин үлүшүнүн же баалуу кагаздын наркын белгилейт.
Кирешелер жана акча агымдары ар түрдүү негизде өлчөнсө болот. Кирешелер жана акча агымдары салыктарды төлөөгө чейин же салыктар төлөнгөндөн кийин реалдуу же номиналдуу туюнтмада эсептелиши мүмкүн. Капиталдаштыруунун же дисконттоонун колдонулган ставкасы кирешелердин же акча агымдарынын колдонулган базасына ылайык келиши керек.
Кирешелүү ыкма пайданы же акча агымын капиталдаштырууда капиталдаштыруу коэффициентин ал эми акча агымдарын дисконттоодо - дисконттоо ставкасын эсептөөнү талап кылат. Тийиштүү ставкаларды эсептөөдө пайыздык ставкалардын деңгээли, окшош инвестицияларга рыноктун катышуучулары күтүп жаткан кирешелүүлүк ставкасынын деңгээли, ошондой эле пайдалардын күтүлүүчү агымына байланыштуу тобокелдик сыяктуу факторлор эске алынат.
Күтүлүүчү киреше же пайда күтүлүүчү өсүштү жана пайданы алуу убактысын, пайданын агымына байланыштуу тобокелдикти жана убакытка жараша акчанын наркын, капиталдын түзүмүн жана бизнестин буга чейинки натыйжаларын, ошондой эле тармактык жана жалпы экономикалык факторлорду эсепке алуучу эсептөөлөр аркылуу наркына чыгарылат.
Ишкананын (бизнестин) наркын баалоодо ашыкча активдерди б.а. операциялык ишке тартылбаган активдерди эсепке алуу керек.
3. Финансы-экономикалык ишти талдоо жана оңдоп-түзөтүү
8. Кирешелүү ыкманы колдонууда бизнестин келечектеги пайдаларын жана акча агымдарын эсептөө үчүн негиз катары экономикалык субъекттин ретроспективдүү финансылык отчету колдонулат. Финансылык коэффициенттерди талдоонун негизинде тарыхый тенденцияларды аныктоо ушул тармактын алкагында ишти алып барууга байланыштуу тобокелдиктерди жана келечекте бизнестин иштешинин перспективаларын баалоо үчүн керектүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк түзөт.
9. Бизнести баалоо үчүн өткөн мезгилдеги финансылык отчетко талдоо жүргүзүү керек. Баалануучу объекттин финансы-экономикалык ишин талдоо төмөнкүдөй үч максатты көздөйт:
- ушул бизнестин операцияларына таандык тобокелдиктерди жана келечектеги иштин жыйынтыктары жөнүндө перспективаларды баалоо үчүн пайдалар жана чыгымдар жана баланс жөнүндө отчёттун көрсөткүчтөрүнүн ортосунда болгон байланыштарды түшүнүү;
- тобокелдиктин жана нарктын параметрлерин баалоо үчүн окшош бизнеске салыштыруу;
- бизнестин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана перспективаларын баалоо үчүн өткөн мезгилдердеги отчёттордун маалыматтарын оңдоп-түзөтүү.
10. Финансы-экономикалык ишти талдоо төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
- акча көрсөткүчтөрү менен, кирешелер жана чыгымдар эсептери боюнча көрсөткүчтөрдүн убактысындагы жана бизнестин үлүшүнө тийиштүү алардын ортосундагы байланыштардагы өзгөрүүлөрдүн тенденциясын белгилөө үчүн пайдаланылат;
- пайыздар менен (пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчёттогу сатуу көлөмүнө карата пайыздар жана баланстын позициялары үчүн суммалык активдерге карата пайыздар), каралып жаткан бизнес үчүн жана ага окшош бизнестерге убакыттагы (түшүүлөр менен чыгымдардын көрсөткүчтөрүнүн жалпы көлөмүнүн же баланстын эсептери боюнча көрсөткүчтөрдүн ортосундагы) катышынын өзгөрүү тенденциясын салыштыруу үчүн пайдаланылат;
- тийиштүү финансылык катыштар (коэффициенттер), убакыттын ар түрдүү мезгилдери үчүн ага окшош бизнеске каралып жаткан бизнестин салыштырмалуу тобокелдигин салыштыруу максаты менен колдонулат.
11. Иш жүзүндөгү ретроспективдүү акча агымдарынын жана баалоо датасына карата бизнеске катышуу үлүшүнүн сатып алуучусу ала турган агымдардын ортосундагы айырмаларды чагылдыруу үчүн отчетко оңдоп-түзөтүүнү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу. Оңдоп-түзөтүүнүн үлгүлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ишти улантуу жөнүндө күтүүлөрдү чагылдырган негизделген деңгээлге чейин кирешелерди жана чыгымдарды оңдоп-түзөө;
- баалануучу бизнес жана макулдашылган негизде аналог бизнестер боюнча финансы маалыматтарын берүү;
- көз каранды бүтүмдөрдү рыноктук деңгээлге чейин оңдоп-түзөө;
- рыноктук бааларды жана ставкаларды чагылдыруу максаты менен байланышы бар тараптардан ижарага алынган же башка түр менен алынган эмгекке же активдерге чыгымдарын оңдоп-түзөө;
- ретроспективдүү кирешелерге жана чыгымдарга бир жолку окуялардын таасирин жокко чыгаруу. Бир жолку окуялардын үлгүлөрү забастовкадан, жаңы заводду ишке киргизүүдөн же аба-ырайынын бузулушунан болуучу чыгымдарды камтыйт. Ага карабастан, болжолдонгон акча агымдары кандай гана болбосун бир мезгилдеги кирешелерди жана чыгымдарды чагылдырышы керек, ал эми буга чейинки окуялар келечекте мындай окуялардын кайталанышы жөнүндө күбөлөндүрүшү керек;
- бухгалтердик аммортизацияны жана салыктык базаны аналог ишканалар үчүн мүнөздүү деңгээлге чейин оңдоп-түзөтүү;
- эсепке алуу башка негизде жүргүзүлгөн аналог ишканалар менен салыштырууну камсыз кылуу максатында жана экономикалык реалдуулукту тагыраак чагылдыруу максатында запастарды эсепке алуунун айырмаларын эске алуу менен оңдоп-түзөтүү.
4. Бизнестин наркына таасир тийгизүүчү факторлор
12. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине байланыштуу юридикалык документтерде белгиленген жана күбөлөндүрүлгөн менчикте, өнөктөштүктүн корпоративдик же чарбакер субъекттин жеке формасындагы үлүштөргө байланыштуу менчик укуктары, артыкчылыктар же шарттар.
Документтер үлүштү өткөрүп берүүгө чектөөлөрдү, үлүштү өткөрүп берүү учурунда кабыл алынышы мүмкүн болгон баалоо базасын жөнгө салуучу жоболорду камтышы мүмкүн.
13. Бизнестин мазмуну жана бизнестин тарыхы. Келечектеги менчиктен пайда алуу мүмкүндүгү менен нарк аныкталса, тарых баалуу болуп саналат, анткени келечекте бизнеске байланыштуу күтүүлөр үчүн ориентир боло алат.
14. Каралып жактан бизнеске таасир тийгизе турган экономикалык перспективалар, саясый перспективалар жана мамлекеттик саясат.
15. Каралып жаткан бизнеске таасир тийгизе турган конкреттүү тармактын абалы жана перспективалары.
16. Ушул бизнестин активдери, милдеттери, жеке капиталы жана финансылык абалы.
17. Пайданын жана дивиденддердин бар (жок) экендиги.
18. Материалдык эмес активдердин бар (жок) экендиги.
19. Баалоонун предмети болгон бизнестеги каралып жаткан үлүштөрү менен мурдагы бүтүмдөр.
22. Башка рыноктук маалыматтар б.а. инвестициялардын альтернативалуу варианттары боюнча берүүнүн (кирешелүүлүктүн) ставкалары, контролдун бар болушунан артыкчылык же жетишсиз ликвиддүүлүктөн болгон зыян.
23. Бизнести баалоого тиешеси бар бардык башка маалыматтар.
5. Баалоо тапшырмасына карата талаптар
24. Баалоо тапшырмасы милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- бизнести, баа берилиши керек болгон бизнестеги менчиктин үлүшүн идентификациялоо;
- укуктарды, чектөөлөрдү, алып салууларды, ошондой эле баалануучу акциялардын же үлүштөрдүн типтерин сүрөттөө;
- заказчы тарабынан баалоонун жана отчеттун жыйынтыктарын болжолдонгон пайдалануу;
- баалануучу бизнестин аныкталуучу наркынын түрү;
- алгачкы маалыматтарды чогултуу жана топтоо жүргүзүлгөн баалоо датасы жана баалануучу бизнестин наркын аныктоо;
- жыйынтыктарды берүүгө карата талаптар (так мааниси, маанилердин интервалдары, валюта ж.б.).
25. Баалоого карата тапшырмада баалоо жүргүзүлүшү керек болгон өзгөчө болжолдор чагылдырылышы керек. Бизнести же ага карата укуктарды баалоодо баалоо тапшырмасында чагылдырылышы талап кылынган типтүү болжолдор же атайын болжолдор болуп төмөнкүлөр саналат:
- сатуу же сактоо бөлүгүндө калган үлүшкө карата ээсинин ниетин билдирүүчү болжол;
- бизнеске таандык активдерди же милдеттерди эсептөөдөн алып салууну караштырган болжол.
26. Баалоочунун отчётунда белгиленген, баалоо объектисинин рыноктук же башка наркынын чоңдугунун аныктыгы жөнүндө талаш бар болсо, баалоо ушул стандарттар белгиленген тартипте мүлктүн объектин баалоону учурдагы датада жүргүзүү үчүн, башка баалоочу тарабынан (кайталап баалоо) жүргүзүлүшү мүмкүн.