Загрузка документа…
4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген |
Кыймылдуу мүлктү баалоонун СТАНДАРТЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул стандарт кыймылдуу мүлктү баалоо жаатында түшүнүктөрдү, терминологияны, баалоонун методологиясын жана тартибин аныктайт.
2. Ушул стандарт нарктын түрүн, баалоо объектин, баалоого ыкмаларды жана баалоо методдорун аныктоодо Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттери тарабынан колдонууга милдеттүү болуп саналат жана төмөнкүлөрдү баалоого жайылтылат:
- материалдык формадагы кыймылдуу мүлктү;
- транспорт каражаттарын;
- машиналарды жана жабдууларды.
2. Баалоо ыкмалары
3. Кыймылдуу мүлктүн наркын баалоодо төмөнкүдөй ыкмалар колдонулат:
- чыгымдуу ыкма;
- салыштырмалуу ыкма;
- кирешелүү ыкма.
Рыноктук, техникалык жана башка маалымат болсо, баалоо үчүн үч ыкманын бардыгы колдонулат.
Ыкмалардын кайсы бирин колдонуу мүмкүн эместиги баалоо жөнүндө отчётто негизделиши керек.
4. Чыгымдуу ыкма.
Чыгымдуу ыкма так көчүрмөнү кайра түзүү наркынын же учурдагы (баалоо күнүнө карата) баада баалоо объектисин жаңы катары ошого тете алмаштырууга (алмаштыруунун наркы) жана ага тийиштүү жалпы эскирүүгө байланыштуу объекттин наркынын жоготууларынын ортосундагы айырма катары ордун толтуруунун калдык наркын аныктоого негизделген.
Объекттин наркын чыгымдуу ыкманын методдору менен аныктоодо башкы элемент болуп бааланып жаткан объектти түзүүгө, сатып алууга жана тургузууга байланышкан чыгымдар (коромжулар) эсептелет.
Объекттин наркын тургузулган, өндүрүштүк процессте иштеп жаткан катары аныктоодо, калыбына келтирүүнүн (алмаштыруунун) наркы объектти сатып алууга, транспорттоого жана орнотууга (монтаж жана орнотуп-ишке киргизүү иштери) кеткен бардык чыгымдарды эске алуу менен аныкталат.
Тургузулбаган, өндүрүштүк процессте иштебеген объекттин наркын аныктоодо калыбына келтирүүнүн (алмаштыруунун) наркынын курамына завод-өндүрүүчүнүн берүү баасы жана объектти арналган жерге жеткирүү боюнча транспорттук чыгымдар, ошондой эле бардык алымдар жана акциздер кирет.
Баалоо объектин толук эмес комплекттөөдө (айрым түйүндөрдүн, агрегаттардын, аспаптардын ж.б. жоктугу), жетишпеген элементтердин наркын комплекттелген объектти калыбына келтирүү (алмаштыруу) наркынан алып салуу зарыл.
Жалпы эскирүүдө ар кандай факторлордун тийгизген таасирине байланыштуу объекттин наркынын төмөндөгөнү эске алынат. Эскирүүнүн себептери объекттин өзүнө, же болбосо бул объекттин тегерегиндегилерге (бир кыйла жакшыртылган жана атаандаштыкка жөндөмдүү аналогдордун пайда болушуна, жаңы технологиялардын пайда болушуна же объект киргизилген технологиялык чынжырчадагы өзгөртүүлөргө) же болбосо объектиге түздөн-түз тиешеси жок, башкача айтканда ага карата тышкы жагдайларга кириши мүмкүн. Кыймылдуу мүлк объектисинин баасынын түшүшүнүн негизги факторлору болуп физикалык, функциялык жана экономикалык эскирүүсү эсептелет.
Физикалык эскирүүнү эсептөөдө бааланып жаткан объекттин кызмат кылган мөөнөтүн, жүргүзүлгөн оңдоолорду, түйүндөр менен агрегаттардын техникалык абалын, ошондой эле жоголгон керектөө касиеттерин калыбына келтирүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн жана экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу зарыл.
Функциялык эскирүү технологиялык өзгөрүүлөрдүн, жаңы конструкциялардын жана материалдардын пайда болушунун, натыйжалуу эмес жайгашышы жана жыйналышы, заманбап өндүрүштүн талабына салыштырганда өндүрүштүк кубаттуулуктардын ашыктыгы, өндүрүштүк процесстин теңдешсиздиги сыяктуу факторлордон улам объектти оптималдуу пайдалануу мүмкүн эместигинин натыйжасы болуп эсептелет.
Экономикалык (сырткы) эскирүү объективдүү экономикалык себептердин, жабдуулардын айрым түрлөрүн пайдаланууга коюлуучу чектөөлөрдүн, объекттин инвестициялык жагымдуулугун төмөндөткөн сырткы чөйрөнүн башка факторлорунун натыйжасында объектти толук эмес иштетүү менен байланышкан.
5. Салыштырмалуу ыкма.
Салыштырмалуу ыкма окшош объекттердин мүнөздөмөлөрүн жана касиеттерин салыштырууга негизделген жана алмаштыруу принцибинде түзүлөт: рационалдуу ыкма менен потенциалдуу сатып алуучу объект үчүн керектөө касиети ага окшош объект рынокто канча турса, андан ашык төлөбөйт.
Салыштыруу ыкмасы окшош объекттерди сатуу жана сунуш кылуу жөнүндө рыноктук так маалымат болгондо колдонулат.
Рыноктук маалыматтарды жыйноо бүтүмдүн негизги шарттары, физикалык, техникалык жана башка мүнөздөмөлөрү, баалоо объектисинин наркын түзүүгө жана өзгөртүүгө түз таасирин тийгизген параметрлер жана элементтер боюнча бааланган объекттердин максималдык окшоштугуна ылайык келүү талаптарын канааттандырууга негизделиши керек.
Милдеттүү салыштырмалуу эсепке алынууга тийиш болгон негизги элементтерге жана мүнөздөмөлөргө төмөнкүлөр кирет:
- өткөрүп берилүүчү укуктардын курамы;
- бүтүмдөрдү түзүүнүн жана каржылоонун шарттары;
- бүтүмдөрдү түзүүнүн убагы (датасы);
- физикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү (анын ичинде комплектациялоо);
- экономикалык көрсөткүчтөр;
- баалоо объектисине байланышпаган нарктын компоненттери.
Киргизилген оңдоолор (корректировкалар) абсолюттук жана салыштырмалуу (пайыз, үлүш менен) чоңдуктарда берилиши мүмкүн.
Бир мезгилде бир эле объектти баалоо үчүн бир нече мүнөздөмөлөр жана көрсөткүчтөр боюнча салыштыруу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Салыштырмалуу ыкма менен аныкталган баалоо объектисинин наркынын чоңдугу жөнүндө акыркы чечим ушуга окшош объекттерге түзүлгөн бүтүмдүн (же сунуштардын) оңдоп-түзөтүлгөн бааларынан алынган талдоонун негизинде кабыл алынат.
Рыноктук так маалымат болгондо, баалоо объектисинин наркын салыштырмалуу ыкма менен аныктоо үчүн математикалык статистиканын методдорун колдонууга уруксат берилет.
6. Кирешелүү ыкма.
Кирешелүү ыкма күтүү принцибине негизделет жана баалоо объектисин пайдалануудан келечекте күтүлө турган кирешелердин (пайдалардын) дисконттоштурулган (азыркы учурга айландырылган) чоңдугу катары караштырат. Келечекте күтүлгөн пайдалардын булактары: пайдалануудан түшкөн киреше (өндүрүш процессинде пайдалануу же ижарага берүү); реверсиядан (ээлик кылуу мөөнөтүнүн аягында сатуудан) түшкөн киреше.
3. Наркка таасир тийгизүүчү факторлор
7. Кыймылдуу мүлктү пайдаланууда, сатууда же консервацияга коюуда алдын алууга мүмкүн болбогон факторлор же форс-мажордук жагдайлар пайда болсо, наркты эсептөөдө сарптоолор жана чыгымдар эсепке алынышы жана баалоо объектиси жөнүндө отчётто көрсөтүлүшү керек.
8. Кыймылдуу мүлктүн наркына конкреттүү объектти өндүрүп чыгарган өлкө жана фирманын кадыр-баркы сыяктуу факторлор олуттуу таасир тийгизет. Бул факторлор чыгымдуу жана салыштырмалуу ыкмаларды колдонуу менен наркты эсептөөдө баалоо жөнүндө отчётто эске алынышы жана ачылышы керек.
9. Эгерде кыймылдуу мүлктү пайдалануу материалдык эмес активдерди (программалык каражаттарды, адистештирилген маалымат базаларын, лицензияларды, техникалык документтерди ж.б.) пайдалануусуз мүмкүн болбосо, анда баалоо тапшырмасына ылайык материалдык эмес активдердин наркын өз алдынча же баалоо объектисинин наркынын курамында эсепке алуу керек.
10. Баалоо базасын тандоо баалоонун максаттары жана баалануучу кыймылдуу мүлк турган жашоо циклинин этабы менен макулдашылууга тийиш.
Мында төмөнкүдөй объекттер айырмаланат:
- орнотууга арналган, монтаждалган же пайдаланууга сынактан өтүп жаткан;
- пайдаланууда турган;
- убактылуу пайдаланылбаган жана капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, модернизациялоодо турган ж.б.;
- консервацияда же запаста турган;
- сатуу же өткөрүп берүү үчүн чыгарууга даярдалган;
- пайдалануудан алып салынган, бөлүктөргө бөлүүгө жана утилдештирилүүгө тийиш болгон.
11. Кыймылдуу мүлк объекттеринин типтеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн ар түрдүүлүгүнө байланыштуу аларды идентификациялоодо төмөнкүдөй факторлорду эске алуу талап кылынат:
- кыймылдуу мүлктүн объекттери бизнес ишин улантып жаткан жерде жайгашып жана анын курамына интегрирленип бир бүтүн катары бааланат.
- кыймылдуу мүлктүн объекттери бизнес жайгашкан жерде, бирок бизнес жабылуу учурунда бир бүтүн катары бааланат.
- кыймылдуу мүлктүн объекттери анын жайгашкан жеринен алып чыгуу боюнча өз-өзүнчө бааланат.
12. Кыймылдуу мүлк объектисинин ишин камсыз кылууга байланышкан жана алар менен ажырагыс болуп бириктирилген кыймылдуу мүлк - кыймылдуу мүлктүн баалануучу объекттеринин курамына киргизилиши керек.
4. Баалоо тапшырмасына карата талаптар
13. Баалоо тапшырмасы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- баалануучу кыймылдуу мүлктү идентификациялоо;
- баалануучу кыймылдуу мүлккө мүлктүк укуктарды идентификациялоо;
- заказчы тарабынан баалоонун жана отчёттун жыйынтыктарын болжолдуу пайдалануу;
- аныкталуучу нарктын түрү;
- баалануучу мүлктүн наркы аныкталган баалоо датасы.
14. Баалоо тапшырмасы баалануучу кыймылдуу мүлк башка активдер менен кайсы даражада бириктириле жана интегрирлене тургандыгын караштырышы керек. Мисалы:
- активдер жерге катуу бекитилиши керек жана активдин өзүн же болбосо аны курчап турган курулуштарды же имараттарды бузбастан көчүрүүгө жөндөмсүз болушу мүмкүн;
- өз алдынча машина интегрирленген өндүрүштүк линиянын бөлүгү болушу мүмкүн, анын натыйжасында анын иштеши башка активдерге байланыштуу болот.
Аталган жагдайлар болсо, кайсы объекттер тизмеге кириши, ал эми кайсылар баалоодон чыгышы керектигин аныктоо керек.
15. Баалоочунун отчётунда белгиленген баалоо объектисинин рыноктук же башка наркынын чоңдугунун тактыгы жөнүндө талаш-тартыш болсо, баалоо ушул стандартта белгиленген тартипте мүлктүн объектисин учурдагы датада баалоо үчүн башка баалоочу тарабынан (кайталап баалоо) жүргүзүлүшү мүмкүн.