Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы
№ 673 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген |
Кыймылсыз мүлктү баалоонун СТАНДАРТЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт кыймылсыз мүлктү баалоо жаатындагы түшүнүктөрдү, терминологияны, баалоо жүргүзүү методологиясын жана тартибин аныктайт.
2. Бул стандарт кыймылсыз мүлктүн наркын аныктоодо Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттери тарабынан колдонулууга милдеттүү жана төмөнкүлөрдү баалоого жайылтылат:
- жер участокторун;
- имараттарды жана курулмаларды, алардын айрым бөлүктөрүн жана кошумча курулуштарды, анын ичинде алардын ишин камсыз кылган инженердик жабдууларды;
- курулушу бүтө элек объекттерди;
- көп жылдык бак-дарактарды.
3. Терминдер жана аныктамалар:
Куруучу - курулушка же кыймылсыз мүлк объектисин курууга же реконструкциялоого жер участогу белгиленген тартипте берилген жеке же юридикалык жак.
Кирешени капиталдаштыруу - капиталдаштыруу ставкасын колдонуу менен келечекте ала турган, чоңдугу боюнча туруктуу кирешени учурдагы наркка которуу, акча агымын дисконттоонун жекече учуру болуп саналат.
Кыйыр чыгымдар - жер участокторун жакшыртууга (реконструкциялоого, ремонттоого) байланышкан чыгымдар, аларды кандайдыр бир конкреттүү элементтерге (мисалы, камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, кредиттер боюнча пайыздар, салыктар, жарнамаларга чыгымдар, консультанттарды тартуу) кийирүүгө мүмкүн эмес.
Чектелген рыногу менен кыймылсыз мүлк - өзүнүн бөтөнчө мүнөздөмөсү же рыноктун өзгөчө шарты жана/же башка бир жагдайлардан улам ушул мезгилде потенциалдуу инвесторлорду (сатып алуучуларды) салыштырмалуу анча көп тартпаган кыймылсыз мүлк.
Адистештирилбеген кыймылсыз мүлк - бул кыймылсыз мүлк, ага жалпы суроо-талап бар жана ачык рынокто сатып алынат, сатылат же ижарага берилет.
Кирешелүүлүктүн (пайданын) нормасы - кирешенин (пайданын) баштапкы капиталга болгон катышы.
Курулушу бүтө элек объекттер - курулуш жумуштары башталган, бирок аяктай элек жана/же алар боюнча пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө документтери белгиленген тартипте таризделе элек объекттер.
Алмаштыруунун наркы (кыймылсыз мүлк объектисинин) - жер участогунун учурдагы пайдаланылышында бардык түрдөгү эскирүүнү жана рыноктук наркын (жер участогуна байланыштуу укуктар) эске алуу менен баалоо күнүндөгү рыноктук баада баалоо объектисине окшош объектини түзүүгө жумшалуучу чыгымдардын суммасы.
Калтырылган учурдагы ремонт - жасалбаган, зарыл ремонттоо иштери.
Окшош объект (кыймылсыз мүлктүн) - өзүнүн физикалык, техникалык жана экономикалык мүнөздөмөлөрү боюнча бааланып жаткан менен бирдей же окшош жана колдонулушу жагынан да бирдей объект.
Подрядчик - жер участокторун жакшыртуу (реконструкциялоо, ремонттоо) иштерин аткарган адам.
Куруучунун пайдасы - куруучуну долбоорду ишке ашырууга шыктандырган айрыкча мүмкүн болуучу сумма.
Тике чыгымдар - подрядчиктин кошумча чыгымдарын жана пайдасын кошуп, жакшыртууларды (материалдарга болгон чыгымдар, эмгек акы, механизмдер, транспорт, долбоорлоо-изилдөө жумуштары, курууга уруксат алуу, иштин сапатын контролдоо ж.б.у.с.) түзүүдө (реконструкциялоо, ремонттоо) милдеттүү түрдө катышуучу, айрым элементтерди жана бардык жакшыртууларды түзүүгө тикеден-тике байланышкан чыгымдар.
Азыркы колдонулуп жаткан жердин рыноктук наркы - баалоо датасына карата сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда тиешелүү маркетингден кийин коммерциялык бүтүм жасоо аркылуу аны алмаштырууга боло турган азыркы колдонулуп жаткан жер участогунун ээленбешине жана улантылышына жол берүүдө эсептелген сумма, бул мезгилде тараптар мажбурлоосуз компетенттүү эсептеп, өз кызыкчылыктарын сактоолору керек. Мындай учурда сатып алуу жана сатуу бүтүмү менен байланышкан чыгымдарды жана салыктарды эсепке албай эсептелген рыноктук наркты түшүнсө болот.
Адистештирилген кыймылсыз мүлк - өзүнүн өзгөчө касиетинин натыйжасында пайдага ээ болуп, колдонууда анын конкреттүү түрү менен чектелген, ишкананын бир бөлүгү катары сатылган учурду кошпогондо, ачык рынокто сейрек сатылган кыймылсыз мүлк.
Жер участогун жакшыртуу - чарбалык иштин жана жер менен тыгыз байланышкан башка иштердин натыйжасында курулган кайсы гана болбосун инженердик конструкциялар, имараттар, курулмалар, тармактар жана системалар жана мелиоративдик, ландшафттык комплекстер. Жер участогун жакшыртуу ага тиешелүү бардык конструктивдүү элементтерди жана деталдарды, инженердик тармактарды жана анын негизги функцияларын (курулуш конструкцияларын, буюмдарды жана элементтерди, жылытуучу, электр жана суу менен камсыз кылуучу инженердик тармактарды, ошондой эле алар үчүн жабдууларды - лифттерди, насосторду, желдеткичтерди, кондиционерлерди, жылыткычтарды, электр щиттерин, жарык берүүчү жана сантехникалык арматураларды жана башкаларды) жакшыртуу үчүн зарыл болгон жабдууларды камтыйт.
2. Баалоо ыкмалары
4. Кыймылсыз мүлктү баалоодо төмөнкүдөй ыкмалар колдонулат:
- чыгымдуу;
- салыштырмалуу;
- кирешелүү.
Баалоо үчүн рыноктук, техникалык жана башка маалыматтар болгон учурда бардык үч ыкма тең колдонулат.
Ыкмалардын кайсы бирин колдонууга мүмкүн эместиги баалоо жөнүндө отчётто негизделүүгө тийиш.
5. Чыгымдуу ыкма.
Чыгымдуу ыкма мүлктүн наркын аныктоо үчүн алгылыктуу негиз болуп жерди жакшыртууну (жалпы кунарсыздыгын эске алып) калыбына келтирүүгө (же алмаштырууга) жана жер участогун алууга кеткен чыгымдар эсептелет деген болжолдоолорго негизделген. Кыймылсыз мүлктү калыбына келтирүүнүн (алмаштыруунун) наркын эсептөөдө тике жана кыйыр чыгымдар эске алынууга тийиш.
Окшош объекттер боюнча бүтүмдөрдүн бааларын күбөлөндүрүүчүлөр табылбаса же тийиштүү укуктун ээси тарабынан алынышы мүмкүн болгон иш жүзүндөгү же шарттуу акча агымы идентификацияланбаса, анда чыгымдуу ыкма колдонулат. Негизинен адистештирилген мүлк объекттерин, б.а. алар бөлүгү болуп саналган бизнести же уюмду сатуу жолу сыяктуу рынокто башкача, сейрек сатылган мүлк объекттерин баалоо үчүн пайдаланылат.
Чыгымдуу ыкма менен аныкталган кыймылсыз мүлктүн наркы жалпысынан эки курамды камтууга тийиш:
- жер участогунун наркы;
- жер участокторун жакшыртууларды калыбына келтирүүнүн (же алмаштыруунун) наркы.
Кыймылсыз мүлктүн наркын чыгымдуу ыкма менен аныктоо төмөнкүлөрдү караштырат:
- жер участогунун азыркы же бир кыйла натыйжалуу пайдалануусундагы наркынын эсеби;
- куруучунун пайдасынын кыйыр жана түз бардык чыгымдарын эске алуу менен жер участогун жакшыртууларды иштеп чыгуунун (кайра түзүү же алмаштыруу) наркын эсептөө;
- жакшыртуунун жалпы эскирүүсүнүн чоңдугун эсептөө;
- кыймылсыз мүлктүн наркын эсептөө (жер участогунун наркы жана жалпы эскирүүнү жана куруучунун пайдасын эске алуу менен жер участокторун жакшыртуунун наркынын суммасы катары).
Жер участогунун наркын эсептөө салыштырмалуу жана кирешелүү ыкмалар менен аткарылат. Чыгымдуу мамиле жер участокторун баалоо үчүн өз алдынча мааниге ээ эмес.
Жер участогун жана анда жайгашкан жакшыртууларды камтыган бирдиктүү кыймылсыз мүлк объектисинин рыноктук наркын баалоодо жер участогун мыкты пайдаланууда шарттуу түрдө жер участогунун наркын бош катары баалоо жана учурдагы пайдаланылышын баалоо өзүнчө каралышы керек. Мындай талдоо кыймылсыз мүлктүн бардык объекттерин натыйжалуу пайдаланууну аныктоого мүмкүндүк берет.
Жакшыртууларды калыбына келтирүүнүн (же алмаштыруунун) наркын эсептөө төмөнкүлөрдү пайдаланууга негизделиши мүмкүн:
- нарктын жогорулатылган көрсөткүчтөрү;
- жакшыртууларды калыбына келтирүү (же алмаштыруу) боюнча чыгымдардын сметалык эсептери;
- окшош объекттерди тургузуу боюнча жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө коюлган баалар жөнүндө маалыматтар;
- окшош объекттер менен түзүлгөн бүтүм жөнүндө маалыматтар жана башка рыноктук маалыматтар.
Жакшыртууларды калыбына келтирүүнү (же алмаштырууну) эсептөө үчүн курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга зарыл болгон, тиешелүү деңгээлдеги долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу талап кылынбайт.
Кыймылсыз мүлктү баалоодо жалпы эскирүү жакшыртуунун учурдагы наркын аныктоо үчүн ретроспективдүү чыгымдарга карата салыштырмалуу эмес негизги фактор катары каралат жана пайданы, демек кайсы себеп болбосун наркты дагы жоготкон катары аныкталат. Жалпы эскирүүнүн чоңдугун аныктоодо ар түрдүү факторлордун тийгизген таасири да эске алынууга тийиш.
Кыймылсыз мүлктүн эскиришинин үч түрүн айырмалашат:
- физикалык эскирүү - мүлктүн ушул объектисин пайдалануу процессинде табигый физикалык эскирүү жолу менен өзүнүн заттык касиеттерин (бекемдиги, тышкы түрү ж.б.) жоготуунун натыйжасында анын наркынын төмөндөшүнө байланыштуу мүлктүн эскириши;
- функциялык же техникалык эскирүү - мындай объекттерге коюлуучу заманбап талаптарга техникалык, конструктивдик чечимдердин шайкеш келбестигине байланыштуу мүлктүн керектөө наркынын жарым-жартылай жоголуусу;
- экономикалык же тышкы эскирүү - тышкы факторлордун (саясий, экономикалык, экологиялык ж.б.) өзгөрүшүнүн натыйжасында мүлктүн наркынын арзандашы.
Жакшыртууларды калыбына келтирүү (же алмаштыруу) наркын аныктоо конструктивдик аткарууну жана/же колдонулуучу материалдарды өзгөртүүдө, ошондой эле баалоо объектисинин техникалык параметрлерин же техникалык дефекттерин өзгөртүүдө жүргүзүлөт.
Рыноктук маалымат болбогон шарттарда адистештирилген кыймылсыз мүлктү, ошондой эле рыногу чектелген кыймылсыз мүлктү баалоо алмаштыруу наркын жакшыртууну аныктоого негизделүүгө, ошондой эле бүтүмдү түзүүнүн шарттарын эсепке алууга тийиш. Мында жер участогу шарттуу түрдө бош турган катары аны натыйжалуу пайдаланууну болжолдоо менен каралат.
Жерди пайдаланууга байланышкан кошумча баанын түшүшү аны бир кыйла натыйжалуу пайдалануудагы участоктун рыноктук наркы менен азыркы пайдаланып жаткан наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
6. Салыштырмалуу ыкма.
Салыштырмалуу ыкма мындай объекттердин мүнөздөрүн жана касиеттерин салыштырууга негизделген жана алмаштыруу принцибине негизделет: рационалдуу ыкмадагы потенциалдуу сатып алуучу объекттин (кыймылсыз мүлктүн) керектөө касиети боюнча рынокто ушундай эле наркта турган объект үчүн көп төлөбөйт.
Салыштырмалуу ыкма бүтүмдөр жана мындай объекттерди сатууга сунуштардын баалары жөнүндө жетишерлик сандагы рыноктук маалымат болгондо колдонулат.
Салыштырмалуу ыкма менен кыймылсыз мүлктүн наркын аныктоонун жалпы тартиби төмөнкүлөрдү караштырат:
- рыноктук маалыматтарды топтоо жана талдоо, окшош объекттерди табуу;
- салыштыруу элементтерин аныктоо;
- окшош объекттердин наркына оңдоолорду (корректировкаларды) киргизүү жолу менен бааланып жаткан кыймылсыз мүлктүн наркын эсептөө.
Рыноктук маалыматтарды топтоо баалануучу жана окшош объекттерди бүтүмдүн негизги шарттары боюнча, физикалык, техникалык жана башка мүнөздөмөлөрү менен (параметрлери менен) жана кыймылсыз мүлккө баанын түзүлүшүнө жана өзгөрүшүнө олуттуу таасир тийгизген элементтерге ылайык (максималдуу окшоштук) талаптарды канааттандырууга негизделүүгө тийиш.
Салыштыруунун негизги, айрыкча көп колдонулган элементтерине төмөнкүлөр кирет:
- берилүүчү укуктардын, ушул укуктарды чектөөлөрдүн (оорлотуулардын) курамы;
- бүтүмдү түзүүнүн жана каржылоонун шарттары;
- бүтүмдү түзүүнүн жана каржылоонун шарттары;
- бүтүмдү түзүүнүн убактысы (датасы);
- жайгашкан жери;
- физикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү;
- экономикалык көрсөткүчтөрү;
- пайдалануунун мүнөзү;
- ошондой эле кыймылсыз мүлк менен байланышпаган нарктын компоненттери.
Киргизилген оңдоолор (корректировкалар) абсолюттук жана салыштырмалуу (пайыздар, үлүштөр менен) чоңдукта болушу мүмкүн.
Бир эле объектти баалоо үчүн бир эле мезгилде бир нече мүнөздөмөлөр жана көрсөткүчтөр боюнча салыштыруу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Салыштырмалуу ыкма менен аныкталган баалануучу кыймылсыз мүлктүн наркынын чоңдугу жөнүндө акыркы чечим окшош объекттерге бүтүмдөрдүн (же сунуштардын) оңдолгон баасынан алынган талдоонун негизинде кабыл алынат.
7. Кирешелүү ыкма.
Кирешелүү ыкма күтүү принцибине негизделет жана наркты бааланып жаткан кыймылсыз мүлктү пайдалануудан келечекте күтүлгөн кирешелердин (пайдалардын) дисконттолгон (азыркы учурга келтирилген) чоңдугу катары карайт.
Кыймылсыз мүлк объектиси генерирлеген келечекте күтүлгөн кирешелердин булактары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- операциялык (эксплуатациялык) иштен түшкөн кирешелер;
- кыймылсыз мүлктү сатуудан (реверсиядан) түшкөн кирешелер.
Наркты кирешелүү ыкма менен аныктоонун жалпы тартиби төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мурдагы мезгилдин ичиндеги бааланып жаткан кыймылсыз мүлккө таандык кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана анын өнүгүү тенденциясын ачып көрсөтүү;
- рынокту изилдөө жана бүтүмдөр боюнча рыноктук маалыматтарды талдоо жана салыштыруу максатында окшош объекттерди эксплуатациялоо жана бааланып жаткан кыймылсыз мүлктүн келечекте түшө турган кирешелерин болжолдоодо алынган жыйынтыктарды пайдалануу;
- бааланып жаткан кыймылсыз мүлктүн келечекте күтүлүүчү (болжолдуу) эсептөөлөрү;
- келечектеги күтүлүүчү кирешелерди (акча агымдарын) кыймылсыз мүлктүн учурдагы наркына дисконттоо (капиталдаштыруу).
Баалоочу келечекте күтүлүүчү кирешелерди баанын динамикасы, ижара ченемдери, окшош объекттердин пайдалануу чыгымдарынын деңгээли, ошондой эле альтернативдүү инвестициялардын (тобокелдик деңгээли боюнча салыштырылган) кирешелүүлүгүнүн рыноктук чени боюнча рыноктук маалыматтарды талдоонун негизинде болжолдойт.
Мында ээлик кылуунун болжолдонгон (күтүлгөн) мезгилинде жалпы эскирүүнүн өсүшүнүн эсебинен пайдалуу касиеттердин жоготууларын (наркынын арзандашын) же акча агымында же дисконттоштуруу (капиталдаштыруу) ставкасында калыбына келтирүү чыгымдарын эске алуу зарыл.
Операциялык (эксплуатациялык) иштерден түшкөн киреше объектти пайдаланууга байланышкан (кызмат көрсөтүү), күтүлүп жаткан чыныгы дүң киреше менен чыгашалардын ортосундагы айырма менен аныкталган, келечектеги болжолдонгон таза жылдык операциялык кирешенин (же акча агымынын) учурдагы наркы катары эсептөө менен эске алынат. Менчик ээси же ижарачынын бизнес жүргүзүүгө байланышкан кирешелери менен чыгашалары кыймылсыз мүлктү баалоо эсебине киргизилбейт.
Сатуудан (реверсиядан) түшкөн киреше бааланып жаткан кыймылсыз мүлктү келечекте күтүлүүчү сатуудан (болжолдоо мезгилинин аягына) же болжолдонгондон кийинки мезгилде капиталдаштырылган стабилдүү акча агымынын учурдагы наркы катары аныкталат.
Жылдык операциялык таза кирешени дисконттоштуруу (жана/же акча агымы) анын келечектеги ар бир чоңдугун (болжолдоо мезгилиндеги мөөнөттө) азыркы наркына инвестициянын кыймылсыз мүлккө болгон тиешелүү тобокелдигинин кирешелүү нормасы боюнча кайтадан эсептөөнү болжолдойт.
Дисконттоштуруунун айрым бир учуру жылдык таза операциялык кирешенин (жана/же акча агымынын) тике капиталдашуусу болуп эсептелет, анда акчалай түшүүлөр (же чыгуулар) убакыт боюнча чектелбеген бирдей чоңдуктагы төлөмдөр болот.
Күтүлүп жаткан (болжолдонгон) келечектеги кирешелердин чоңдугу тобокелдикти эске алып бааланып жаткан кыймылсыз мүлккө инвестицияланган капиталдын кирешелүүлүгүнүн талап кылынган нормасына ылайык келүүгө тийиш.
Кирешелүүлүктүн талап кылынган нормасы альтернативдүү салымдардын кирешелүүлүгү, инвестициялоонун тобокелдигинин эксперттик баасы ж.б. жөнүндө рыноктук маалыматтарды талдоонун негизине таянат (баштапкы маалыматтын болушуна, объекттин өзгөчөлүгүнүн жана баалоону жүргүзүүнүн максатына жараша). Айрым учурларда кирешелүүлүктүн талап кылынган нормасы баалоого тапшырма менен же аныкталуучу нарктын түрү менен (инвестициялык нарк) шартталышы мүмкүн.
3. Эң мыкты пайдаланууну талдоо
8. Эң натыйжалуу пайдалануу - физикалык жактан колдонууга мүмкүн болгон, юридикалык жактан жол берилген, финансылык көз караштан алганда ишке ашырылуучу мүлктү мүмкүндүккө жараша пайдалануу, анын натыйжасында баалануучу мүлктүн наркы эң жогорку болуп саналат.
9. Эң натыйжалуу пайдаланууну талдоо кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркын баалоонун негизинде турат.
10. Кыймылсыз мүлк объектисин эң натыйжалуу пайдалануу анын иш жүзүндөгү колдонулушуна шайкеш келиши же башкача пайдаланууну, мисалы, жер участогундагы капиталдык курулуш объекттерин оңдоону (же реконструкциялоону) болжолдошу мүмкүн.
11. Эң натыйжалуу пайдаланууну талдоо баалоо объектисинин түзүүчү бөлүктөрүнүн айрымдарына (шарттуу бош жер участогу, мүлктүк комплекстин айрым имараттары ж.б.) карата жүргүзүлүшү мүмкүн.
12. Рыноктук наркты баалоодо мындай объекттер баалоо объектисин эң натыйжалуу пайдаланууга ылайык тандалышы керек.
4. Баалоо тапшырмасына карата талаптар
13. Баалоо тапшырмасы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- баалануучу кыймылсыз мүлктү идентификациялоону;
- баалануучу укуктарды идентификациялоону;
- заказчынын баалоонун жана отчёттун жыйынтыктарын болжолдуу пайдаланышы;
- баалануучу кыймылсыз мүлктүн аныкталган наркынын түрү;
- баалануучу кыймылсыз мүлктүн наркы аныкталган баалоо датасы;
- өзгөчө болжолдор жана атайын шарттар, аларды эске алуу менен баалоо жүргүзүлөт (мисалы, объекттин физикалык же юридикалык статусу жөнүндө).
14. Баалоо тапшырмасында аныкталган наркка толуктоо болуп төмөнкүдөй эсептик чоңдуктар (улуттук валютадагы) киргизилиши мүмкүн:
- рыноктук ижара акысы;
- жаңыдан түзүүгө толук чыгымдар;
- булганууларды жоюуга же рекультивацияга чыгымдар.
5. Кыймылсыз мүлктү баалоонун өзгөчө учурлары
15. Бузулган кыймылсыз мүлк.
Бузулган кыймылсыз мүлктү баалоонун чоңдугу калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды эске алып, кыймылсыз мүлктү кайра жасаган наркка шайкеш келүүгө тийиш. Толук түрдө бүлүнгөн учурда жана калыбына келтирүүдөн баш тартканда, баалоонун суммасы мурунку курулманын бөлүктөрүнөн тазалоого жана бошотууга кеткен чыгымдарды эске алуу менен жердин бош участогу катары аныкталууга тийиш.
16. Активдери түгөнүп бараткан жер участогу.
Кыймылсыз мүлктүн мындай тибине кен байлыктары бар жерлер, таштанды жаткан жерлер, көмүлгөн жерлер ж.б. кирет, алардын азыркы пайдалануу үчүн белгилүү бир (чектелген) жашоо мөөнөтү болот.
Эскирген кыймылсыз мүлктү пайдалануу жердин наркын акырындык менен учурдагы же болжолдонгон максаттан алынуучу экономикалык пайдага колдонууга жарабай калган деңгээлге чейин түшүрөт жана азыркы же эң натыйжалуу пайдаланууга калтырылган наркка өтөт.
Пайдалануу мезгилинин аягында (болжолдуу) мындай типтеги кыймылсыз мүлктү келечекте альтернативдүү пайдаланууга уруксат берүү үчүн алмашуунун калдык наркы аныкталууга тийиш.
Түгөнүп бараткан активдерди пайдалануу мезгилинин аягында алмаштыруунун наркы баалануучу кыймылсыз мүлктү пландаштыруу, экологиялык талаптар же болбосо жакшыртуу, калыбына келтирүү же кайра пландаштыруу боюнча коммерциялык ой-пикирлер менен байланышкан потенциалдуу чыгымдарды эске алуу менен эсептелинет.
17. Курулушу бүтө элек объекттер.
Курулушу бүтө элек объектти (кыймылсыз мүлктү) баалоо наркы бааланып жаткан кыймылсыз мүлктү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды жана жалпы эскирүү чоңдугун эске алуучу алмаштыруунун калдык наркынын базасында чыгымдуу ыкманы пайдалануу менен аныкталышы мүмкүн.
Курулушу бүтө элек объекттин наркы курулушту бүткөрүүгө чыгымдарды жана мындан аркы сатуудан алынган кирешени же курулушу аяктаган объектти кирешелүү пайдаланууну эске алуучу дисконттоштурулган акчалай агымдын негизинде кирешелүү ыкманы колдонуу менен аныкталышы мүмкүн.
18. Иштеп жаткан ишкананын курамында баалануучу кыймылсыз мүлк.
Иштеп жаткан ишкананын курамындагы кыймылсыз мүлктү баалоо пайдаланууну улантуу шартында же иштеп жаткан ишкананын курамында жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мындай учурда баалоо эң мыкты пайдаланууну талдоосуз, анын арналышын жана аны учурда пайдалануу шарттарынын сакталышын болжолдоодо жүргүзүлөт.
19. Жер участогуна болгон укугу бүткөндө кыймылсыз мүлктү баалоо.
Келишимдин (актынын) мөөнөтү бүткөндө жана бир эле мезгилде жер участогун пайдалануу (ээлөө) укугу бүткөндө жакшыртууну баалоо, эгерде тиешелүү участокко жерди пайдалануу документтеринде башка каралбаса, утилизациялык нарк боюнча жүргүзүлөт.
20. Баалоочунун отчётунда белгиленген баалоо объектисинин рыноктук же башка наркынын чоңдугунун тактыгы жөнүндө талаш-тартыш болсо, баалоо ушул стандартта белгиленген тартипте мүлктүн объектисин учурдагы датада баалоо үчүн башка баалоочу тарабынан (кайталап баалоо) жүргүзүлүшү мүмкүн.