Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 7-апрели № 250

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

             "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык

                зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

                 Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"

                     Кыргыз Республикасынын Мыйзам

                           долбоору жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык  Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык  зоналар  жөнүндө"

Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамына  өзгөртүү  киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

     2. Аталган  мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

     3. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри бул мый-

зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Премьер-министринин  Аппаратынын  экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов