Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-апрелиндеги № 315

 

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

                                  

         "2006-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

           бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

      өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

                Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

                                  

   Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  

   1.  "2006-жылга  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун  бюджети

жөнүндө"   Кыргыз   Республикасыньш   Мыйзамына   өзгөртүүлөрдү   жана

толуктоолорду   киргизүү   тууралуу"  Кыргыз  Республикасынын   Мыйзам

долбооруна макулдук берилсин.

   2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Кароосуна киргизилсин.

   3.  .Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу

боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

караган  учурда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий  өкүлү  болуп

дайындалсын.

  

  

   Премьер-министр                               Ф.Кулов