Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-майындагы № 322
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын жарандарын тамекинин зыяндуу
таасиринен сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
жана Кыргыз Республикасы 2006-жылдын 2-мартында ратификациялаган
ДСУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча алкактык конвенциясына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарын тамекинин зыяндуу таасиринен
сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген
корутундуну эске алуу менен макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенеши
"Кыргыз Республикасынын жарандарын тамекинин зыяндуу
таасиринен сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары А.М.Марипов,
О.А.Артыкбаев, Б.Э.Шерниязов, С.Ш.Жеенбеков, Б.М.Мурзубраимов,
М.Т.Мамасаидов тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын
жарандарын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-
статьясынын 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасы 2006-жылдын 2-мартында
ратификациялаган ДСУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча алкактык
конвенциясына таянып аны төмөнкүдөй пикирлерди эске алуу менен кабыл
алууга макулдук берет.
Мыйзам долбоорунун аталышы "сактоо боюнча" деген сөздөн мурда "ден
соолугун" деген сөздөр менен толукталсын.
Мыйзам долбоорунун кириш сөзү "сактоо боюнча" деген сөздөн мурда
"ден соолугун" деген сөздөр менен толукталсын.
1 -статьяда:
Экинчи абзацы "аларды өндүрүүдө, сатууда жана керектөөдө" деген
сөздөр менен толукталсын.
Төртүнчү абзацындагы "улуттук стандарттарга" деген сөздөр "Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга" деген сөздөргө
алмаштырылсын, анткени продукцияга, атап айтканда тамеки буюмдарга
жана тамекиге карата милдеттүү талаптар (коопсуздук талаптары) Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык нормативдик укуктук актыларда
(техникалык регламенттерде) айтылат, ал эми ыктыярдуу талаптар
(сапатка карата талаптар) стандарттарда айтылат. Улуттук стандартка
гана шилтеме жасоо эл аралык соодада, атап айтканда - тамеки
продукцияны экспорттоодо кошумча тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.
Импорттоочу өлкөлөрдө тамеки буюмдарга карата талаптар Кыргыз
Республикасынын улуттук стандарттарынын талаптарынан жана мыйзамдык
талаптарынан айырмалуу болушу мүмкүн. Тамеки продукцияны экспортко
сатууда импорттоочу өлкөнүн шарттары аткарылууга тийиш.
2-статьяда:
Статья төмөнкүдөй түшүнүктөр менен толукталсын:
"Насвай" - 3-сорттогу тамеки жалбырагынан күл же акиташ жана жытуу
заттарды кошуп жасалган түтүнсүз тамеки буюм.
Тамекиге каршы күрөш - тамеки буюмдарды берүүнү, ага болгон
керектөөнү жана тамеки буюмдарды колдонууну, ошондой тамеки түтүнүнүн
зыянын жоюу же азайтуу аркылуу элдин саламаттыгын жакшыртууга
багытталган стратегиялардын кењири чөйрөсү.
Медициналык эскертүүлөр - тамеки буюмдарды колдонуунун жана тамеки
түтүнүнүн адамдын ден соолугуна терс таасири, чылым чегүүнү таштоонун
артыкчылыктары жана ыкмалары жөнүндө маалымат, ошондой эле тамеки
буюмдардын упаковкасына (кутусуна) жана ушул Мыйзам менен аныкталган
башка жерлерге жазылчу башка маалыматтар.
Мыйзамсыз соодалоо - өндүрүүгө, жөнөтүүгө, алууга, ээлик кылууга,
бөлүштүрүүгө, сатууга же сатып алууга байланыштуу иштин же жүрүм-
турумдун мыйзамда тыюу салынган бардык түрлөрү, мунун ичинде мындай
ишке өбөлгө болуу максатын көздөгөн иштин же жүрүм-турумдун бардык
түрлөрү.
Куту - тамеки буюмдардын упаковкасынын ичинде упаковкаланбаган
тамеки буюмдар бар, чекене сатууга арналган жана ар кандай графикалык
же тексттик маалыматты билдирген бардык формалары.
Упаковка (тањгак) - чекене сатууга арналган жана ар кандай
графикалык же тексттик маалыматтарды билдирген, упаковкаланган тамеки
буюмдары бар тамеки буюмдардын упаковкасынын ар кандай формасы.
Алтынчы бөлүгүндө "калктын ден соолугуна зыяндуу адаттар:" деген
сөздөр алып салынсын.
Жетинчи бөлүгүндө "зыяндуу" деген сөз алып салынсын.
Он биринчи бөлүгү алып салынсын.
Жыйырманчы бөлүгү:
"өткөрүп берүү" деген сөздөн кийин "коммерциялык" деген сөз менен
толукталсын;
"же колдонуу" деген сөз алып салынсын.
Он алтынчы жана он жетинчи бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
"Чылым чегүү - тамеки буюмдардын күйүшүнө алып келип, анын
натыйжасында чылымчы дем алып жана деми менен чыгаруучу, ошондой эле
абага чыгуучу тамеки түтүнү пайда кылган аракет.
Тамеки түтүнү - тамеки буюмдардын күйүгүнүн абада болуучу
продуктулары.".
Жыйырманчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тамеки өнөр жайы - тамекини ферменттөө, тамеки буюмдарды жасоо,
аларды сатуу жана экспорттоо боюнча иштеген ишканалар.".
Жыйырма экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чылым чегүү үчүн өзүнчө бөлмө - уюмдарда, мекемелерде,
ишканаларда, коомдук пайдаланчу жайларда чылым чегүү үчүн гана
арналып, башка жайлардан (бөлмөлөрдөн, орундардан) бөлүнгөн жана
кызматкерлер жана келген-кеткендер түз бара албаган өткөөл жер
болбогон, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу
орган бекиткен санитардык-гигиеналык нормаларга ылайык жабдылган
бөлмө;", анткени эл аралык эксперттердин сунуштары боюнча чылым
чегүүчү орун ден соолуктун сакталышын эч кандай камсыздабайт, анткени
чылым чеккенде түтүнү ал жерден башка жактарга тарап, тамеки чегүүгө
тыюу салынган жерлерге барат.".
Биринчи бөлүгүндөгү "(насвай)" деген сөз алып салынсын.
3-статьяда:
аталышы "сактоо жөнүндө" деген сөздөн мурда "ден соолукту" деген
сөз менен толукталсын.
Биринчи бөлүгүндөгү "конвенциялар" деген сөз "ДСУнун Тамекиге
каршы күрөш боюнча алкактык конвенциясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Экинчи бөлүгүндөгү "мында" деген сөз алып салынсын.
4-статьяда:
үчүнчү абзацы "жана тамекиге каршы күрөш боюнча мамлекеттик жана
региондук программаларды ишке ашыруу" деген сөздөр менен толукталсын.
Жетинчи бөлүгүндө:
"чегүү жана" деген сөздөр алып салынсын.
"колдонуу" деген сөздөн кийин "элдин" деген сөз менен толукталсын.
Статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- тамеки колдонуунун ден соолук үчүн кесепеттери, анын
наркотиктик касиети жана тамеки колдонуунун ден соолукка
коркунучтуулугу жана тамеки түтүнүнүн жанындагыларга таасири жөнүндө
маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
- тамеки тармагындагы жумуштун натыйжасында кесиптик ооруга
чалдыккан жана/же аны колдонууда тамекинин организмге зыяндуу
таасирине байланыштуу ден соолуктан айрылган адамдарга келтирилген
зыяндын ордун иш берүүчүлөрдүн жана/же өндүрүшчүлөрдүн эсебинен
төлөө;
- айрыкча тамеки колдонууну контролдоо жана тамекиге каршы күрөш
боюнча улуттук потенциалды түзүү тармагында эл аралык кызматташуу;
- тамеки буюмдарга, өндүрүштүн, сактоонун, ташуунун, сатуунун,
эксплуатациялоонун жана утилдештирүүнүн жарандарды тамекинин зыяндуу
таасиринен коргоону, ошондой эле тамекини иштетүүдө эмгектин коопсуз
шарттарын камсыздоочу процесстерине (ыкмаларына) (мындан ары -
процесстер) карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу.".
II главанын аталышы "коргоо боюнча" деген сөздөн мурда "ден
соолукту" деген сөз менен толукталсын.
Тамеки колдонууну азайтуунун экономикалык жактан кыйла натыйжалуу
ыкмасынын бири жана тамекиге каршы күрөштө комплекстүү саясаттын
иштиктүү элементи болуп тамеки продуктуларга салыктарды көбөйтүү жана
Тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук потенциалды жогорулатуу
болгондугуна байланыштуу II глава төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-
статьялар менен толукталсын:
"6-статья. Тамекиге керектөөнү азайтуу боюнча салыктык чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тамеки колдонууну азайтуу жана элдин
ден соолугун чыњдоо максатында:
- тамекиге карата салыктык саясатты, ал эми зарыл учурда баа
саясатын жүргүзүүнү камсыздайт;
- түтүнсүз тамеки буюмдарды жасоону, сатууну мыйзамдаштыруу жана
аларга акциз салыгын салуу саясатын жүргүзөт.
7-статья. Тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук потенциалды түзүү
жана өнүктүрүү, тамеки чегүүнүн зыяны жөнүндө маалыматты даярдоо жана
элге билдирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук потенциалды түзөт жана
өнүктүрөт,
- тамекинин колдонулушун контролдоо жана жарандардын ден соолутун
тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо боюнча мамлекеттик стратегияны
иштеп чыгат жана колдонууга киргизет жана тамекини контролдоо боюнча
чараларды каржылоо механизмдерин аныктайт;
- XI арасында, айрыкча балдар жана жаштар арасында тамеки
эпидемиясы таралышын алдын алуу максатында мамлекеттик, коммерциялык
жана коммерциялык эмес, көз карандысыз коомдук жалпыга маалымдоо
каражаттары аркылуу такай жана пландуу тартипте
билим берүүнүн жана маалымдоонун механизмин иштеп чыгат жана
колдонууга киргизет;
- тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук потенциалды түзүү жана
өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун майнаптуу
программаларын иштеп чыгат жана киргизет.".
6-8-статьялар иретине жараша 8-10-статьялар деп эсептелсин.
8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Жарандардын тамеки түтүнүсүз айлана-чөйрөгө укугу
Кыргыз Республикасынын жарандары тамеки түтүнүсүз айлана-чөйрөгө
укуктуу.
1. Тамеки чегүүгө такыр тыюу салынчу жерлер:
- бардык дењгээлдердеги билим берүүчү уюмдар, ведомстволук
тиешесине жана менчигинин формасына карабастан эс алуу мекемелери;
- ведомстволук тиешесине жана менчигинин формасына карабастан
саламаттык сактоо уюмдары;
- өрткө опурталдуу жерлер, анын ичинде авто-майкуюучу станциялар;
- кинотеатрларда, театрларда, спорттук жайларда жана майдандарда,
цирктерде, концерттик залдарда жана башка жабык маданият, билим берүү,
спорт мекемелеринде;
- мамлекеттик бийлик органдары ээлеп турган имараттарда жана
жайларда, тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөндөн башка жерлер;
- музейлерде, китепканаларда, көргөзмө залдарда жана
лекторийлерде;
- кургак жерде жүрүүчү коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө;
- жарандар көп топтолгон жерлерде;
- аба транспортунда;
- лифттерде;
- элге кызмат көрсөтүлүүчү бардык иш бөлмөлөрдө.
2. Тамеки чегүүгө атайын бөлүнгөндөн башкасында тыюу салынчу
жерлер:
- мамлекеттик бийлик органдары ээлеп турган имараттарда жана
жайларда;
- автостанциялардын, автовокзалдардын, темир жол вокзалдарынын
жана аэропорттордун имараттарында жана залдарында;
- ресторандарда, кафелерде, барларда, мында ресторандын, кафенин,
бардын аянтынын 50 %тен ашык эмесин 2008-жылдан баштап тамеки чекчү
жарандар үчүн бөлүү менен.
2-пунктта көрсөтүлгөн уюмдардын, ишканалардын жана коомдук
жайлардын жетекчилери менчигинин түрүнө карабастан тамеки чегүү үчүн
өзүнчө бөлмөлөрдү бөлүп жана аларды саламаттык сактоо тармагындагы
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен санитардык-гигиеналык
нормаларга ылайык жабдууга тийиш.
Тамеки чегүү үчүн жайлардын жабдылышына карата талаптарды
саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана
өрт кызматы бекитишет.
9-статья "квалификациялуу медициналык" деген сөздөрдөн кийин "жана
консультациялык" деген сөздөр менен толукталсын.
10-статьянын биринчи бөлүгү:
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тамеки буюмдарды соодалык автоматтар аркылуу сатуу жана Кыргыз
Республикасынын аймагында аны эксплуатацияга киргизүү;";
жетинчи абзацындагы "он сегиз жашка чейинки адамдардын көњүлүн
бурат" деген сөздөр алып салынсын.
III главанын 11-13-статьялары алып салынсын, анткени бул милдеттер
Мыйзамдын долбоорунун максаттарынын чегинен тышта;
IV-VI главалар иретине жараша III - V главалар деп эсептелсин;
12-23-статьялар иретине жараша 11-23-статьялар деп эсептелсин.
11-статьяда:
экинчи бөлүгүн "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун
негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-статьясына
ылайык келтирүүнү сунуш кылабыз, ага ылайык сертификаттоо шайкештикти
ырастоонун милдеттүү формасы катары сертикация боюнча аккредиттелген
органдар тарабынан ишке ашырылат.
12-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү бөлүктөр менен
толукталсын:
"Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын милдеттери:
- тамеки буюмдарда жана тамеки түтүнүндө болуусунун эњ жогорку
чектик көлөмү белгиленген заттардын тизмесин жол берилген чектик
көлөмдөрдү көрсөтүү менен жыл сайын жарыялоо;
- бешинчи абзацта саналган себептердин негизинде тамеки буюмдарды
жасоо технологиясынын процессинде тамеки буюмдарга кошууга тыюу
салынган заттардын тизмесин жыл сайын жарыялоо жана жањыртып туруу.
Бир эле ингредиентинин же тамеки түтүнүнүн болушу белгиленген
чектик көлөмдөн ашкан тамеки буюмдар тизме расмий жарыялангандан кийин
3 айдын ичинде сатыктан алынууга тийиш.
Тамеки буюмдардын ар бир маркасынын ингредиенттери жана тамеки
түтүнүнүн болушу жөнүндө саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым
укуктуу мамлекетгик орган алган маалымат жалпыга жеткиликтүү болот
жана жарандарга тамеки буюмдарды жасоонун өзгөчөлүктөрү (формуласы)
жөнүндө маалыматтан башкалары чектөөсүз берилет.".
13-статьяда:
статьянын аталышындагы "никотиндин жана" деген сөздөр алып
салынсын.
ДСУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча алкактык конвенциясы эч бир
чайырды же никотинди рекомендация кылбагандыктан жана "тамеки
буюмдардын жана алар бөлүп чыгаруучу продуктулардын курамын сыноонун
жана өлчөөнүн, ошондой эле бөлүнүп чыкчу ошол продуктулардын курамын
жөнгө салуунун маанисин гана моюнга алгандыктан", ошол эле учурда
"сыноонун жана курамын өлчөөнүн жетекчиликке алынчу принциптери"
Тараптардын конференциясында компетенттүү эл аралык органдар менен
кызматташтыкта талкуулана тургандыгын айткандыктан, ушул статьянын
биринчи жана экинчи бөлүктөрү алып салынсын.
Статья төмөнкүдөй редакциядагы биринчи бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органы тамеки буюмдарда ингредиенттердин же тамеки
түтүнүнүн курамынын эњ жогорку чектик көлөмүн жыл сайын белгилейт.".
үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр экинчи жана үчүнчү бөлүктөр деп
эсептелсин.
Экинчи бөлүгүндөгү "чайырдьш жана никотиндин" деген сөздөр
"ингредиенттердин" деген сөзгө алмаштырылсын.
14-статьяда:
биринчи бөлүгү "Сатууга Кыргыз Республикасында уруксат берилет"
деген сөздөр ал тамеки буюм кайсы өлкөдө жасалганын көрсөтүү менен ".
Жасалган жери _____." деген сөздөр менен толукталсын.
Экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацында:
"тамеки буюмдардагы никотиндин жана уулуу ингредиенттердин саны"
деген сөздөр алып салынсын;
"2006" деген сан "2007" деген санга алмаштырылсын;
"маалымат" деген сөз "тамеки буюмдарды колдонуунун ден соолукка
зыяны жөнүндө эскертүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Экинчи жана үчүнчү абзацтар алып салынсын.
үчүнчү бөлүгүндөгү "убактысы менен алмаштырылып турат" деген
сөздөр "3 жылда бир жолудан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Төртүнчү бөлүгүндөгү "2007" деген сан "2008" деген санга
алмаштырылсын.
Алтынчы бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ак фондо жоон Не1vеticа шрифти менен басылып, соодалык маркадан
жана кутудагы башка сүрөттөрдөн кара түстөгү 3 мм алкак менен
бөлүнүүгө тийиш, мында эскертүүнүн өлчөмүн аныктоодо алкактын өлчөмү
эсепке алынбайт;".
Алтынчы бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен
толукталсын:
таасиринен коргоо боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга
максаттуу которуулардьш механизмдерин иштеп чыгышат жана бекитишет.".
Мыйзам долбоору төмөнкүдөй мазмундагы 21-статья менен толукталсын:
"21-статья. Жарандардын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун
толтуруу
Жарандар тамеки өстүрүүдө жана иштетүүдө же тамеки буюмдарды
колдонуунун натыйжасында ден соолугуна келген зыяндын ордун төлөтүүгө
укуктуу.
Келтирилген зыянды иш берүүчүлөр - жеке адамдар жана менчигинин
түрүнө карабастан юридикалык жактар төлөшөт.
Келтирилген зыяндын өлчөмүн жана зыяндын ордун толтуруунун
тартибин тараптар өз ара макулдашуу боюнча же сот аркылуу аныкташат.".
23-статьяда долбоорго карата айтылган сунуш-пикирлер боюнча күчүнө
кирүү мөөнөтүн көрсөтүү жагында керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү
сунуш кылабыз.