Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 6-майы № 324
Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө
Жарандардын динди карманууга конституциялык укуктарын андан ары өнүктүрүү, мамлекеттин жана диний уюмдардын кызыкчылыктарынын эриш-аркактыгына жетишүү, көп конфессиялуу жарандык ачык коомду калыптандыруу, конфессиялар аралык сабырдуулукту жана көтөрүмдүүлүктү чыњдоо жана сактоо, ошондой эле жарандардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын тењ салмагын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын тиркелген концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний укуктарын жана эркикдиктерин камсыздоо боюнча иштеринде ушул Концепциянын милдеттерин, максаттарын жана приоритеттерин жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Ф.Кулов |