Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 6-майы № 324

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө

Жарандардын динди карманууга конституциялык  укуктарын  андан  ары өнүктүрүү,  мамлекеттин жана диний уюмдардын кызыкчылыктарынын эриш-аркактыгына жетишүү, көп конфессиялуу жарандык ачык коомду калыптандыруу, конфессиялар аралык сабырдуулукту жана көтөрүмдүүлүктү чыњдоо жана сактоо,  ошондой эле жарандардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын  тењ  салмагын  камсыздоо  максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын тиркелген концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору,  жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний укуктарын жана эркикдиктерин камсыздоо боюнча  иштеринде ушул Концепциянын милдеттерин, максаттарын жана приоритеттерин жетекчиликке алышсын.

3. Бул  токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министр

Ф.Кулов