Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 324
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын КОНЦЕПЦИЯСЫ Киришүү Кыргыз Республикасында динге жана дин уюмдарга карата мамлекеттиксаясат Кыргыз Республикасынын
Конституциясына, "Жарандардын укуктарынынжалпы
декларациясынын", "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык
пактынын", "Диний негиздеги ишенимдердин, келишпестиктердин жана кем-синтүүлөрдүн бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө декларациянын", "Жарандардынукугун жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европалык конвенция-нын" принциптеринн жана нормаларына, ОБСЕнин адамдардын дин тутуу эр-киндигине тийиштүү милдеттенмелерине жана стандарттарына жана КыргызРеспубликасы ратификациялаган жана адамдын дин тутууга жана диний ише-нимдерин билдирүүгө фундаменталдуу укуктарына тийиштүү башка эл аралыкдокументтерге негизделет. Бул документтер мамлекет тарабынан жарандар-дын динге ишенүү эркиндигине укугу сакталышын камсыздоого милдетин бе-китет, мамлекеттик органдар өздөрүнүн диний уюмдар менен өз ара мамиле-син ушунун негизинде жүргүзүшөт. Бул Концепцияда төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: дин тутуу - кайсы бир динге таандыктык; конфессия - диний багыттарга ылайык келүүчү түшүнүк, анын аныктоо-чу фактору диний окуу болот; - зыяраттарга, кудайга сыйынууга жана ди-ний чогулуштарды өткөрүүгө, диний расымдарды (ажылык) жасоого арналганобъект; миссионердик иш - диний-агартуучу ишмердик аркылуу кайсы бир диидитүшүндүрүү жана таратуу; салттуу эмес культтар (диндер) - XX кылымдын 60-70-жылдарынан баш-тап жаралган диний жањы агымдарды жана культтарды билдирүү үчүн жалпы-лоочу түшүнүк; дин - кудайга ишенүүгө негизделген көз караш, ошондой эле ага жа-раша жүрүм-турум жана иш-аракеттер; диний жањжал - адамдардын, топтордун же жамааттардын диний окуу,диний ишмердик, культ, диний уюмдун уюштуруу принциби ж.у.с. маселелер-деги ар башка позицияларынан улам кагылышуусу; диний экстремизм - дин тутууда турган түзүлүштү конституцияга кар-шы өзгөртүүнү, мамлекеттин бүтүндүгүн жана коопсуздугун бузууну, соци-алдык, расалык, улуттук, диний, катмардык жана уруулук жаатташууну ту-тантууну, ошондой эле адамды бузууну, анын ден соолугуна жана өмүрүнөкоркунуч келтирүүнү көздөгөн ашыкча көз караштарга ыктоо; диний билим берүү - дин кызматкерлерин даярдоо боюнча окутуучупрограммаларды ишке ашыруучу, ошондой эле диний-агартуу иштеринжүргүзүүчү ар түрдүү окуу жайлар аркылуу алынчу тийиштүү билим; диний эмес мамлекет - дин жагынан нейтралдуу, эч бир динди расмийидеология катары кабыл албаган, өзүнүн жарандарына дүйнөгө көз караштынэркиндигин камсыздаган мамлекет; динге ишенүү эркиндиги - адамдын дүйнөгө көз карашты эркин тандоо-до башка адамдардын жарандык укуктарын жана эркиндиктерин чектебөөчү жеаларды жок кылбоочу негизги ажыратылгыс укугу. Дин тутуу эркиндиги баш-калардын эркиндиктерине жана кадыр-барктарына кысым кылбастан ар кандайдинге жеке же башкалар менен бирдикте ишенүүгө же эч бир дингеишенбөөгө, диний же башка ишенимин эркин тандоого, алмаштырууга жанатаратууга жана ага ылайык аракеттенүүгө болгон укукту кошо камтыйт; дин тутуу эркиндиги - динге ишенүү эркиндигинин зарыл жана ажыра-гыс элементи, ал: адамдын кайсы динди болсо да тутунуу же өзүнүн динийишенимдерин алмаштыруу укугун; тигил же бул динге таандыктыгына кара-бастан ар кимдин бардык саясий жана жарандык укуктарды жана эркиндик-терди пайдалануу мүмкүндүгүн камтыйт; мамлекеттин диний бирикмелер менен мамилеси (мамлекеттик-конфесси-ялык мамиле) - бир тараптан мамлекеттик институттардын, экинчи тараптан- конфессиялык кошуундардын (диний бирикмелердин, рухий-администрация-лык борборлордун, конфессиялык мекемелердин) өз ара байланыштарынын жа-на мамилелеринин тарыхый калыптанган жана өзгөрүп туруучу формаларынынжыйындысы. Мамлекеттин диний бирикмелер менен мамилесинде мамлекеттиндин тутуу саясаты практикалык жактан ишке ашат. Динге жана диний уюмдарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу-да бул демократиялык жана укуктук мамлекеттин жолунда ишенимдүү турганКыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги жана өзгөчөкурамдык бөлүгү экени жана мамлекеттин эл аралык аброю, коомдогу морал-дык психологиялык абал жана стабилдүүлүк көп жагынан ошого жараша боло-ору эске алынышы керек. Республикабыздын көз каранды эмес жылдарында дин ишмердүүлүгү ли-бералдаштырылып, дин уюмдарында социалдык, өндүрүштүк чарбалык жана ди-ний эмес ишмердүүлүктөрдөгү өзүн актабаган бардык тоскоолдуктар алыныпсалынды. Мамлекеттик-диний цивилизациялуу байланыштардын өнүгүшүнө негизсалынып, мамлекет менен диний уюмдардын иштиктүү байланыштары жөнгө са-лынууда. Кыргызстандын тажрыйбасын көптөгөн, анын ичинде өнүккөн демок-ратиялуу өлкөлөр изилдеп үйрөнүшүүдө, айрым эксперттер Кыргызстандынаймагында жүргүзүлүп жаткан дин саясатын кыйла ийгиликтүү деп эсеп-тешүүдө. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттынконцепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргыз Республикасынын мамлекеттикбийлик органдары менен Кыргыз Рсспубликасында иштеп жаткан диний бирик-мелердин ортосундагы мамиленин абалына карата расмий көз караштардын,максаттардын принциптердин жана негизги тапшырмалардын жалпылыгын ча-гылдырат. Концепция Кыргыз Республикасында маданий мейкиндиктердин биримди-гин, эгемендүүлүгүн, адамдын жана жарандын укугун, эркиндиктерин, аныничинде дин тутуудагы эркиндигин, ошондой эле жарандардын кызыкчылыкта-рынын тењ салмагын камсыздоо зарылдыгына таянат. Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалга баяндама Маселенин тарыхы Кыргызстанда мамлекет менен диний уюмдардын өз ара байланышынынөнүгүшүндө көп конфессиялуу мейкиндиктин өнүгүшүнө негиз түзүүчү таасиртийгизген бир нече этап бар. Биринчи этап - республикада демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталышы,демократиялык мамлекетти куруу. Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын16-декабрындагы "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Мыйза-мынын кабыл алынышы. Дин тутуу эркиндиги биринчи жолу мыйзам түрүндөжарыяланып жана бекемделген. Экинчи этап - дин уюмдарына жана динге карата мамлекеттик саясат-тын нормативдик укуктук базасынын түзүлүшү. 1993-жылдын 5-майында Кыр-гыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышы. Үчүнчү этап - мамлекеттик-конфессиялык байланыштардын калыптанышыжана өнүгүшү, бардык жарандардын, динге ишенгендердин жана ишенбеген-дердин кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды бекитүү, мамлекеттик са-ясаттын дин чөйрөсүндвгү кырдаалга активдүү таасир этүү процессининбашталышы. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 14-ноябрын-дагы "Кыргыз Республикасынын жарандарынын абийир эркиндигинин жана динтутуу эркиндигинин укуктарын ишке ашыруунун чаралары жөнүндө" Жарлыгы-нын кабыл алынышы. Төртүнчү этап - мамлекеттик-диний мамиленин, мамлекеттик бийликоргандары менен диний бирикмелердин мамилесинин абалын, бул чөйрөдөгүмаксаттардын, принциптердин жана негизги милдеттердин биримдигинин маз-мунун бирдиктүү түшүнүү зарылдыгын коомдун динге ишенген жана ишенбегенбөлүктөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен калыптандыруу. Көп конфес-сиялуу коомдун конструктивдүү өнүгүшүнө тоскоол болгон проблемалардычечүү үчүн мыйзамдагы өксүктөрдү четтетүү зарылдыгы. Диний кырдаалга талдоо Кыргыз Республикасында көп конфессиялуу коом калыптанган. Кыргызс-тандын жарандары динге мамиледе ар түрдүү ынанымдарды карманышат.Өлкөбүздүн жарандарынын көпчүлүк бөлүгү анын аймагында көп кылымдан бе-ри тарыхый жактан бекемделип, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүндөбелгилүү тарыхый ролду ойногон динди тутушат. Исламдын жана православи-енин бириктирүүчү ролунун аркасы менен Кыргызстандын аймагында жашаганэлдердин улуттук маданияттарынын уникалдуу биримдиги жана көп тараптуу-лугу сакталып калган. Социалдык жана маданий көрүнүш катары кызыгуунун жапырт өсүшү,диндин жана диний уюмдардын өткөндөгү жана азыркы учурдагы ролуна баа-нын өзгөрүшү алардын абройунун өсүшүнө, коомчулуктун алдында ишенимдиндењгээли жогорулашына алып келди. Бул элде диний уюмдар коомдогу кри-зистен чыгууга жардам кылуучу, элди кооптондурган тигил же бул процесс-терге жакшы таасир тийгизүүгө жарактуулугу жөнүндө айрым жагынан актал-ган, кээ бир жактарынан ашыра бааланган үмүттөрдү жаратты. Өткөн кылымдын 1990-жылдарында калктын динге ишеними көзгөкөрүнөрлүк өсүшү коомдун динге жана диний уюмдарга карата мамилесининөзгөрүшүнө маанилүү көрсөткүчү болду. Бул көрсөткүч бери дегенде үчнерседен турат: биринчиси - өткөн жылдары өз динин ачык айтуудан корк-кондор; экинчиси - динге кийинки жылдары гана ишене баштагандар, алар-дын ичинде жаштар көп; үчүнчүдөн - динге ишенбесе да өзүнүн улуттук та-андыктыгын тийиштүү бир диний салт менен байланыштыргандар. Кыргызстанда мамлекеттик жана коомдук системаларды демократиялаш-тыруу процесси өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн республикабызда диндер-дин табигый өнүгүүсүнө шарт түздү, бул республикада жањыча диний кырда-алдын жаралышына алып келди. Мамлекеттик атеизм саясатынын ордуна динмаселесин демократиялык чечүү келип, көз карашты жана дин тутууну эркинтандоого, өзүнүн динин эркин таркатууга мүмкүнчүлүктөр ачылды. Мунун натыйжасында диний уюмдардын саны байкаларлык көбөйдү. Кыргызстанда көз каранды эместик жана демократиялаштыруу мезгилин-де адам укугунун жана эркиндиктеринин, динге ишенүүнүн жана мыйзамдынбийлигинин бекем негизин түзүү үчүн реалдуу шарттардын камсыздалышыдиндин жана диний уюмдардын жакшы өнүгүшүнө шарт түздү. Он жылдын ичин-де Кыргызстанда конфессиялык мейкиндиктин структурасы өзгөрдү. Жыйырманчы кылымдын 90-жылдарынын башында негизинен эки дин: сун-ниттик-ислам жана православиелик христиан диндери бар болчу (бирок, му-рунку союздук мамлекеттин аймагында лютерандар, католиктер, евангелия-лык христиан-баптистер, жетинчи күндүн адвентисттери, элүүнчүлөр, Иего-ванын күбөлөрү да өз иштерин жүргүзүшүп келишкен). Азыркы учурда биздин республика 30дан ашык ар кандай диндер жанадиний уюмдар иш жүргүзгөн көп диндүү өлкө болуп саналат. Мындай көпконфессиялуулук, биринчиден, исламдын жана православиенин; экинчиден,мурда расмий таанылбаган жана мамлекет тарабынан куугунтукталган биркатар диний агымдар легалдашып, ишин кайра баштагандыктан; үчүнчүдөн,"жањы", Кыргызстан үчүн салттуу эмес диндердин киришинен болууда. Диний жањы абалдын түзүлүшү ар кандай багыттагы диний уюмдардынэркин жана ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүүдө. Республикабызда көп конфессиялуу мейкиндик калыптанып, бугадүйнөдөгү диндердин бардыгынын өкүлдөрү жана Кыргызстанда мурун болбо-гон "жањы" диний уюмдар, кыймылдар жана топтор кирүүдө. Өлкөбүздө конфессиялар жана диний уюмдар жањы өнүгүү багытынатүшүп, бардык жерлерде мечиттер, храмдар, чиркөөлөр, исламдын жана пра-вославиенин сыйынчу үйлөрү эле эмес, христиандагы католиктик, протес-танттык жана преситериандык багыттардын, Кыргызстан үчүн салттуу эмес"жањы" дүйнөлүк диндердин жана диний уюмдардын да сыйынуу үйлөрү ачылабаштады. Эгер 1991-жылы Кыргызстанда 39 мечит (1000ге жакын мечит расмийстатусу жок иштеп келген), Орустун православ чиркөөсүнүн 25 храмы мененприходу иштесе, бүгүнкү күндө Кыргызстанда баарынан чоњ конфессия ис-лам, аны Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жетектейт жана динийбагыттагы 1725 объектини бириктирип турат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын курамында 7 облустукказыят, Бишкек, Ош шаарларынын казыяттары, 1 университет, 6 институт,Куранды үйрөтүү боюнча 45 медресе жана класстар, чет өлкөлүк конфессия-лардын 3 миссиясы, 26 борбор, фонд жана бирикмелер бар, 1619 мечит жанабашкалар иштейт. Христиан дининин багытында 343 диндик объект иштейт, анын ичиндеОрус православие чиркөөсүнүн 46 храмы жана приходдору, анын ичинде аял-дардын 1 монастры, 1 православиелик чиркөө мектеби, православиелик ба-гыттагы 2 диний уюм (эскиче ырымды карманган чиркөө), католиктердин 3жамааты иштерин жүргүзүшүүдө. Протестанттык багыттагы 292 диний уюм,анын ичинде 48 баптистик, 20 лютерандык, 45 элүүнчүлүк, 30 адвентист-тик, 18 пресвитериандык, 16 харизматизм багытындагы, 41 иегованынкүбөлөрү, 22 протестанттык багыттагы деноминирленбеген диний уюмдар, 21жањы диний агымдар, анын ичинде 12 "Бахаи" топтору бар. Ошондой эле четөлкөлүк диндердин 21 миссиясы, 13 окуу жайы, 7 борбор, фонддор жана би-рикмелер, иудеисттердин 1 жамааты, 1 буддисттик топ бар. 1996-жылдан бери КМШ мамлекеттерин кошкондо дүйнөнүн 54 өлкөсүнөнКыргызстандын аймагына диний иш жүргүзүү максатында келген 1137 четөлкөлүк жаран эсептик каттоого турган (кайра каттоодон өтүшкөн). Диний уюмдарда акыркы жылдарда диний мазмундагы басылмалардынкөбөйгөнү мүнөздүү болуп калды, мезгилдүү басма сөз (журналдар, гезит-тер ж.б.) чыгарылып жатат. Чет өлкөдөн да көп санда келүүдө. Диний агымдарды жана диний уюмдарды басма сөздө пропагандалоонунактивдешкени бардык конфессияларга жана диний уюмдарга тийиштүү. Кайрымдуулук иштер социалдык мааниге ээ, республикабыздагы конфес-сиялардын жана диний уюмдардын көбү кайрымдуулук иш жүргүзүшөт, алардынайрымдары муну өз жактоочуларын көбөйтүүнүн бир ыкмасы катары карашат. Өлкөбүздөгү убактылуу социалдык-экономикалык кыйынчылыктардан пай-даланып "жањы" чет өлкөлүк диний уюмдардын жана миссиялардын кызматчы-лары айрыкча активдүү иштешип, өзүн жактоочуларды көбүрөөк тартуу үчүнмаксат коюп иш жүргүзүшүүдө. Диний кырдаал Кыргызстандагы социалдык-саясий жана экономикалыкабалына түздөн-түз байланыштуу экенин жана ошолор менен аныкталаарынбелгилеп коюу зарыл. Өлкөнүн экономикасы оњолсо жана андан ары демократиялаштыруу менендин тармагындагы кооптондурган тенденциялар жок болушат. Тескерисинче,бул чөйрөлөрдөгү иштердин начарлашы конфессиялардын ортосунда чыњалуу-ларга шарт түзүп, диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнө алыпкелет. Диний кырдаалдын курчушу мамлекеттик уюмдардын алдына диний багыт-тагы саясатты жүргүзүү боюнча оњой эмес милдеттерди коет. Мамлекет ме-нен диндин ортосундагы өз ара байланыштар чөйрөсүндө мамлекеттик сая-сатты жүргүзүүдө бул процесстерди эске алуу өзүнчө көњүл бурууну талапкылат. Негизги тыянактар Буга чейин Кыргызстанда Диний уюмдар менен байланыш чөйрөсүндөмамлекеттик саясаттын концепциясы болгон эмес. Бул концепцияны динийкырдаалдын өзгөрүшү менен мамлекеттик-конфессиялык мамилени жањы, са-паттуураак дењгээлге көтөрүүгө өтө зарылдык пайда болгондуктан иштелипчыкты. Концепция мамлекеттик бийлик органдарынын диний бирикмелер мененмамилесин нормативдик, укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, жарандардын,коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын тењ салмагын камсыздоого,адамдын дин тутууга жана ишенимин билдирүүгө укуктары жана эркиндиктерисакталышына методологиялык негиз болууга арналган. Концепция диндердин ортосундагы диалогду бекемдөөгө, коомду аби-йирдик жана руханий жактан тарбиялоодо мамлекет менен диний бирикмелер-дин ортосундагы өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө, ањ сезимде сабырдуу-лукту калыптандырууга диний экстремизмдин, фундаментализмдинкөрүнүштөрүнө жана диний бузуку агымдарга каршы чараларды иштеп чыгуугажана бөгөт коюуга арналган. Бул Концепция мамлекеттик-конфессиялык өзара мамилелердин механизмин мындан аркы калыптандырууга негиз болуугатийиш. Концепциянын максаттары жана милдеттери Максаттары - конфессиялар аралык мамилелерди шайкеш келтирүү жанакоомдун биримдигин чыњдоо, диний эмес мамлекеттин диний бирикмелер ме-нен мамилесин аныктоочу принциптерди сактоо, жарандардын дин тутууга,ишенимдерин билдирүүгө жана дүйнөгө көз карашты тандоого фундаменталдууукуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү. Милдеттери - диний тиешесине карата кысымга алуунун бардык форма-ларын болтурбоочу мамлекеттик-конфессиялык мамилени ишке ашыруу, кон-фессиялар аралык жана этностор аралык диалогду чыњдоо, сабырдуулуктунжана көтөрүмдүүлүктүн жалпы кабыл алынган принциптерин сыйлоо. I. Кыргыз Республикасында мамлекет менен диний бирикмелердин ортосундагы мамиленин абалы Кыргыз Республикасында мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагымамиленин абалы эл аралык укуктун адамдын фундаменталдуу укуктары тар-магындагы жалпы таанылган принциптери менен нормаларына: Кыргызстандакөп диндүү мейкиндиктин өнүгүүсүнө уютку болгон динге ишенүү жана динтутуу эркиндиктерине негизделген мамлекеттик демократиялык жана динийэмес принциптер менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекет өзүнүн ай-магында мыйзамдуу болгон ар бир адамга дин тутуу эркиндигин, анын ичин-де кайсы динди болбосун карманууга же карманбоого, диний жана башкаишенимдерди эркин тандоого жана таратууга жана ушуга ылайык аракет-тенүүгө укугун гарантиялайт. Мында бул эркиндиктердин ишке ашырылышыконституциялык түзүлүштүн негиздерине, башка адамдардын абийрине, денсоолугуна, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүгөже коркунуч туудурууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасында бул укуктар-дын жана эркиндиктердин ишке ашырылышы диний уюмдарды мамлекеттен ажы-ратуунун принцибине негизделет. Бул өнүгүү "Динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыр-гыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жарандарынындин тутуу жана динге ишенүү укуктарын ишке ашыруу боюнча чараларжөнүндө" Жарлыгы менен шартталган. Республикада мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамиленинабалына төмөнкүдөй факторлор таасир этет: - диний экстремисттик көрүнүштөр күчөшүнө, атап айтканда БорбордукАзия регионундагы өлкөлөрдө күчөшүнө байланыштуу экстремисттик жанафундаменталисттик идеялардын таратылышы, ар кандай бузуку диний жанатеррористтик топтордун иштеринин активдешүүсү тынчсыздандырып жатат; - жакынкы келечекте исламдагы деструктивдүү багыттар менен агым-дардын кошулушу диний экстремизмдин идеяларын жайылтууну күчөтүүчү фак-тор болуп калышы мүмкүн; - айрым чет өлкөлүк диний уюмдар менен түрдүү фонддордун ишмердик-тери тынчсыздандырат, алар республикадагы тарыхый жактан түзүлгөн динишеними үчүн мүнөздүү эмес болгон өздөрүнүн башкача идеяларын жана ише-нимдерин сињирүүгө аракеттенип жатышат. Бул келечекте конфессиялар ара-лык жана конфессиялар ичиндеги тынчтыкка жана ынтымакка коркунуч тууду-рушу мүмкүн; - коом ден соолукка, адеп-ахлакка, укукка жана жарандардын мыйзам-дуу таламдарына зыян келтирүүчү ар түрдүү деструктивдүү топтордун жанаокуулардын жайылышына жана киришине көбүрөөк тынчсызданып жатат. Жогоруда аталган факторлор проблемалардын комплексин жаратып жа-тат, аларды чечүү үчүн мамлекет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык зарыл чараларды көрөт, атап айтканда: - "Динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын жањы редакциясын иштеп чыгуу; - диний кырдаалдардын өзгөрүп турган жерлерин эске алуу менен Кыр-гыз Республикасынын жарандарынын дин ишенимине жана дин тутууга укукта-рын ишке ашыруу боюнча кошумча чараларды түзүү. Бул жалпысынан диний бирикмелердин ишмердиктери жана жарандардындин тутуу эркиндигине укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү кам-сыз кылат, бирок айрым проблемаларды чечүү үчүн диний бирикмелердин иш-мердиктерин жана мамлекеттин диний бирикмелер менен мамилелерин динийкырдаалдын өзгөрүшүнө жараша мыйзамдык дењгээлде жөнгө салууну анданары өркүндөтүү зарыл. Керектүү нормативдик укуктук базаны түзүү мамлекеттик бийлик ор-гандарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук,диний уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салууга жана диний-адепахлактык баалуулуктар системасынын девальвация болуу, коомдо диний экс-тремизмдин активдешүү, коопсуздукка, ден соолукка, адеп-ахлакка, коом-дун жана мамлекеттин таламдарына зыян келтирүү процесстерине бөгөт ко-юуга мүмкүндүк берет. II. Диний бирикмелер менен мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги максаттары жана принциптери Диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттынмаксаттары, принциптери жана мазмуну мамлекеттин динге ишенүү эркинди-гине кепилдикти камсыз кылуу, ошондой эле Кыргызстан элинин ру-хий-адеп-ахлактык потенциалын жана маданий мурастарын сактоо жанаөнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин милдеттери мененаныкталат. Диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттыннегизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет: Кыргыз Республикасында коомдун рухий-адеп-ахлактык потенциалынсактоо жана чыњдоо; - динге болгон мамилелерге карабастан адамдын жана жарандын дингекарата ишенимине жана укуктары менен эркиндиктеринин тењдигине кепил-дикти камсыздоо; - социалдык туруктуулукту, диний бирикмелердин тынчтыкта болушунколдоо, динге ишенүү эркиндиги маселесинде Кыргыз Республикасынын жа-рандарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, сабырдуулукка жана бири-би-рин сыйлоого колдоо көрсөтүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний бирикмелердинэркин ишмердигине кепилдиктерди камсыз кылуу. Кыргыз Республикасында диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөмамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - диний бирикмелерди мамлекеттен бөлүү принциби, мамлекеттин динийэмес мүнөздөгү принциби, бул мамлекеттин төмөнкү шарттарды сактоонукамсыз кылышын көздөйт: - эч кандай дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгиленбейт; - диний бирикмелер мамлекеттик бийлик органдарынын иштерине кийли-гишпейт, саясий партиялардын жана саясий кыймылдардын иштерине катыш-пайт жана аларга материалдык жана башка жардамдарды көрсөтпөйт; - мамлекет диний бирикмелердин диний ишмердиктерин каржылабайт,бирок мында салттуу диний уюмдардын кайрымдуулук, маданий-агартуучулукжана башка социалдык маанилүү ишмердиктерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт; - кайсы динди болсо да жекече же башкалар менен биргелешип тутууже эч кандай динди тутпоо укугун, ошондой эле диний жана башка ишеним-дерди эркин тандоо, кармануу жана ага ылайык аракеттенүү укугун камсызкылууну билдирген дин ишенимине жана дин тутууга эркиндик принциби. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет ар бир адамдындин ишенүү эркиндигине кепилдикти камсыз кылат, буга төмөнкүлөр да кошокирет: - адамдын жана жарандын динге болгон мамилесине, диний же коомдукбирикмелерге таандыктыгына карабастан анын укуктарынын жана эркиндикте-ринин тењдиги; - жарандын дин ишениминин эркиндигине укуктарды Кыргыз Республика-сынын мыйзамдары, нормативдик укуктук актылары менен гана жана консти-туциялык түзүлүштүн, адамдын жана жарандын адеп-ахлагынын, ден соолугу-нун, укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын негиздерин коргоо, мамле-кеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон өлчөмдө ганачектөө; - жаш балдарды диний бирикмелерге тартууга, ошондой эле жаш бал-дарды алардын эркине каршы жана алардын ата-энелеринин же аларды алмаш-тыруучу адамдардын макулдугусуз динге окутууга тыюу салуу; - диний бирикмелердин мыйзам алдында тењдик принциби, бул КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында бардык диний бирикмелер үчүн динге ишенүүжана диний ишмердик жүргүзүү эркиндигине бирдей укуктук негиздерди жанакепилдиктерди белгилейт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандан башка учурларда ди-ний бирикмелердин ички иштерине, ошондой эле ички өз алдынча башкаруу-суна мамлекеттин кийлигишпөө принциби, бул диний окуулардын, канонгоайланган эрежелердин, үрп-адаттардын, каада-салттардын жана диний иш-мердиктин башка формаларынын мазмунуна кийлигишпөө талабын камтыйт; - мамлекеттик бийлик органдары динге ишенүүчүлөрдүн диний сезимде-рине урматтоо менен мамиле кылган шарттарда диний бирикмелердин КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын сактоосун мамлекеттик контролдоо принциби; - мамлекеттин диний бирикмелер менен кызматташуу принциби, булКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин диний бирикме-лердин коомдук пайдалуу иштерине көмөк көрсөтүүсүнөн, тарыхый калыптан-ган салттуу диний уюмдардын рухий жана маданий мурастарын сактоогокөмөк көрсөтүүсүнөн турат. III. Диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын диний бирикмелери менен мамиле чөйрөсүндөтөмөнкүдөй негизги милдеттерди аткаруу боюнча чаралар көрүлөт: 1. Дин тармагындагы укуктук чөйрөнү жөнгө салуу боюнча мамлекеттиксаясатта: - динге ишенүү эркиндигине укуктук кепилдиктерди камсыз кылуу; - мамлекет менен диний бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелер-ди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү; - жарандардын динге болгон мамилесине, анын ичинде алардын динийтаандыктыгына карабастан алардын укуктары менен эркиндиктеринин тењди-гин мамлекет тарабынан кепилдикке алууну камсыздоо; - мамлекеттик бийлик органдарынын диний бирикмелер жана жарандыккоомдун башка институттары менен кызматташуусу аркылуу диний бирикме-лердин тынчтыкта жанаша жашоосун жана улуттар аралык ынтымакты сактооүчүн шарттарды түзүү; - түрдүү конфессиялардагы динге ишенүүчүлөрдүн, ошондой эле дингеишенүүчүлөрдүн жана ишенбөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелерде коомдогу өзара сыйлашуу жана баарлашуу маанайын колдоого көмөк көрсөтүү; - коомдун салттуу рухий-адеп-ахлактык баалуулуктарын кайра жарату-уга жана сактоого кемөк көрсөтүү; - жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мый-замдуу таламдарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттинкоопсуздугуна зыян же коркунуч келтирүүчү диний бирикмелердин ишмердик-терине тыюу салуунун жана бөгөт коюунун натыйжалуу укуктук уюштуруу ме-ханизмдерин түзүү; - мамлекет диний экстремизмдин, диний касташуунун, дингеишенүүчүлөрдүн диний сезимдерин мазактоочу көрүнүштөрдүн алдын алуу жа-на болтурбоо боюнча чара көрүүсү жагында мыйзамдарды өркүндөтүү; - диний бирикмелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташы-на, динге ишенүүчүлөрдүн билим берүү, саламаттык сактоо, ишке орношуужана коомдук турмуштун башка чөйрөлөрүндөгү укуктарын жана мыйзамдууталамдарын укуктук коргоону камсыз кылууга мамлекеттик контролдун меха-низмдерин өркүндөтүү; - диний багыттагы объекттердин ачылышын тартипке салуу, контролсузкурулушту болтурбоо боюнча нормативдик укуктук актыларды кабыл алуу. 2. Билим берүү жана маданият чөйрөсүндө: - Кыргыз Республикасында мамлекеттик билим берүү мекемелеринин иш-мердиктеринин диний эмес мүнөзүн камсыз кылуу; - жарандардын диний билим алууга укуктарын ишке ашыруунун укуктуккепилдиктерин камсыздоо; - мамлекеттик билим берүү мекемелеринде диндин тарыхы жөнүндө би-лимдерди жайылтууга көмөктөшүү; - Кыргызстан элдеринин диний маанидеги маданий мурас объекттерин(тарых жана маданият эстеликтерин) сактоого, коомдо маданий баалуулук-тарга сый мамиле кылуу атмосферасын түзүүгө көмөктөшүү; - балдарды жана жаштарды рухий-адеп-ахлактык, укуктук жана патри-оттук тарбиялоо милдеттерин жана башка коомдук маанилүү проблемалардычечүүдө мамлекеттин диний уюмдар менен кызматташуусу. 3. Кайрымдуулук жана социалдык тейлөө чөйрөсүндө: - диний бирикмелердин кайрымдуулук жана социалдык тейлөөчөйрөсүндөгү иштерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте мамлекеттик колдоо көрсөтүү; - турмуштук оор шарттарда калган жарандарга жардам көрсөтүү макса-тында диний уюмдар тарабынан түзүлгөн социалдык тейлөө мекемелерининжана кайрымдуулук уюмдарынын иштерине, ошондой эле балдардын жанаөспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун жана кароосуз калышынын алдын алуу,үй-бүлө институтун чыњдоо, бањгиликтин, аракенчтиктин алдын алуу, эр-киндигинен ажыратылган жайларда кармалган жана жамзасын өтөп бүткөнадамдарды социалдык жактан реабилитациялоо боюнча иштерге колдоокөрсөтүүгө өбөлгө болуучу укуктук шарттарды түзүү. Бир жањсыл эмес бойдон турган жагдайды олуттуу жакшыртуу үчүнтөмөнкүдөй чаралардын комплексин ишке ашыруу зарыл, биринчи кезекте: - тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун, жер-жерлердегимамлекеттик бийлик органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуужана координациялоону күчөтүү; - жергиликтүү жамааттардын мобилизациялык ресурстарын жана потен-циалын тартуу жана пайдалануу; - жаш муундарды адеп-ахлактык тарбиялоо жана дүйнөгө көз карашта-рын калыптандыруу боюнча кылымдардан бери келаткан салттарды жана адат-тарды, этикалык принциптерди сактоо үчүн атайын программаларды кылымдарбою түзүлгөн тарыхый-маданий башаттарды эске алуу менен иштеп чыгуу за-рыл. IV. Мамлекеттин салттуу (тарыхый калыптанган) диний уюмдар менен мамилеси Мамлекет мыйзам алдында диний бирикмелердин тењ укуктуу экендигинбелгилеп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний уюмдар мененкызматташуунун формаларын жана чектерин тандайт, мында белгилүү динийуюмдарга таандыктыгын же артык санаган мамилесин билдирген Кыргыз Рес-публикасынын жарандарынын санын эске алат. Ушулардын негизинде жана тарыхый салттарды жана бүгүнкү күндөгүшарттарды, ошондой эле мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мами-лелердин дүйнөлүк тажрыйбасын эске алып, адамдын жана жарандын эркин-диктерин жана укуктарын натыйжалуу коргоого, коомдун рухий-адеп-ахлак-тык потенциалын сактоого жана өнүктүрүүгө, Кыргызстандын жарандарынынрухий чөйрөдөгү таламдарын толугураак ишке ашырууга умтулуп, КыргызРеспубликасында салттуу диний уюмдар аныкталат. Салттуу диний уюмдарды бөлүү төмөнкүдөй максаттарда ишке ашыршат: - республиканын коомчулугун сактоонун, кайра жаратуунун жанаөнүктүрүүнүн зарыл шарттарынын бири катары Кыргызстандын элинин салттуурухий-адеп-ахлактык дөөлөттөрүн сактоо жана чыњдоо; - республиканын көпчүлүк жарандарынын таламдарын эске алуу; - коомдо динге ишенүү эркиндигинин маселесинде өз ара сыйлашуу жа-на баарлашуу атмосферасын сактоого көмөктөшүү. Кыргыз Республикасынын салттуу диний уюмдары болуп Кыргызстандынборборлоштурулган диний уюмдары эсептелет, алар: - кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө таасиркөрсөтүшкөн; - Кыргызстан элинин салттуу руханиятынын жана маданиятынынтүзүлүшүнө жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүшкөн жана республиканын рухийжана маданий мурастарынын бөлүгүн түзүшкөн; - Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүк бөлүгү таандыктыгынже артыкчылыктуу мамилесин билдиришкен диний бирикмелер болуп эсептели-шет; - коомдун Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана туруктуулукту сак-тоого багытталган жаратман жана бириктирүүчү рухий күчү катары чыгышат. Мамлекеттин жана салттуу диний уюмдардын кызматташуучу чөйрөлөрүболуп төмөнкүлөр эсептелет: - коом менен мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана кыз-матташууга көмөк көрсөтүү, коомдук адеп-ахлакты сактоо; - үй-бүлө, энелик жана балалык институтун колдоо жана чыњдоо; - балдарды жана жаштарды рухий-адеп-ахлактык, патриоттук жанаукуктук тарбиялоо, билим берүү чөйрөсү; - укук бузуулардын алдын алуу, эркинен ажыратылган жайларда кар-малган жана жазасын өтөп чыккан адамдар үчүн камкордук көрүү жаатындакызматташуу; - гуманитардык изилдөөлөрдү да камтыган илимдер; - саламаттык сактоо жана социалдык жактан тейлөө; - мамлекеттин жана салттуу диний уюмдардын катышуусу менентүзүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердиктери; - кайрымдуулук иштери. Кыргыз Республикасынын калкы негизинен исламды (сүнөттүк багытта-гы) жана православиени тутунушат. Ислам жана православие Кыргызстандатерењ тарыхый тамырга ээ жана азыркы учурда республиканын жарандарынынкөпчүлүгү таандык болгон же артыкчылыктуу мамиле кылган диний уюмдарболуп эсептелет. Ошондуктан Кыргызстанда диндер аралык жана мамлекет-тик-конфессиялык мамилелер көбүнчө мамлекеттин ушул диний уюмдарга ка-рата мамилесине жараша болот. Эркиндиктин, улуттар аралык жана конфессиялар аралык ынтымактындөөлөттөрүнө негизделген жањы мамлекеттүүлүктүн калыптанышында Кыргызс-тандын учурдагы рухий турмушунун жана тарыхый мурасынын ажыратылгысбөлүгү болгон Орустун Православие Чиркөөсү татыктуу салым кошуп жатат. Мусулмандар менен православдардын, салттуу ислам жана православиеокууларынын бүтүндүгүн, биримдигин сактоого бардык жактан колдоокөрсөтүү зарыл. V. Билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттин диний бирикмелер менен мамилеси Кыргыз Республикасында билим берүүнүн динге негизделбеген мүнөзүорнотулган, бул эч бир дин мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окутууүчүн мамлекеттик же милдеттүү стандарт катары болуп белгиленбейт, мам-лекет динге каршы идеяларды жана окууларды пропагандалоого колдоокөрсөтпөйт дегенди билдирет. Дин жана бардык культтар мамлекеттен жана мамлекеттик билим берүүсистемасынан бөлүнгөн. Мамлекеттик билим берүү системасы кайсы бир тип-теги көз караштарды жана ишенимдерди бардыгы үчүн милдеттүү катарытањуулабашы керек жана эгер Кыргыз Республикасынын Конституциясына жанамыйзамдарына каршы келбесе диний таандыктыгы же ынанымы боюнча куугун-туктоого же кысым көрсөтүүгө тийиш эмес. Мамлекеттик билим берүү мекемелери Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык салттуу диний уюмдар менен кызматташууга укуктуу. Мамлекеттик билим берүү мекемелеринин балдарды жана жаштарды тар-биялоо жана билим берүү маселесин майнаптуу чечишине жардам көрсөтүүмаксатында жана республиканын жарандарынын рухий чөйрөдөгү таламдарынэске алып, мамлекет: - балдарды жана жаштарды рухий-ыймандык, патриоттук жана укуктуктарбиялоо чөйрөсүндө, билим берүү, анын ичинде диний билим берүүчөйрөсүндө диний уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-йык кызматташат; - диний уюмдарга жарандардын диний билим алуу укуктарын ишке ашы-рууга шарт түзүүчү укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт; - билим берүү мекемелериндеги, анын ичинде диний билим берүү меке-мелеринде билим алуу процессинде ынанымдар өлкөнүн мыйзамдарына каршыаракеттерди жаратпаган шартта балдардын жана алардын ата-энелерининукуктарын, анын ичинде балдардын ишенимдерге, анын ичинде диний ынаны-мына жараша нормалдуу дене бой, интеллектуалдык, ыймандык, рухийөнүгүүгө укуктары корголушун камсыздоодо диний уюмдар менен кызматта-шат; - диний жалпы билим берүүчү мекемелер билим берүүчү негизги прог-раммалар үчүн мамлекеттик билим берүү стандартын аткарууга тийиш, булстандарт билим берүүчү уюмдардын бардык түрлөрү үчүн аларда билим алуу-нун формасына карабастан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамда-рына ылайык милдеттүү болот; - мамлекеттик билим берүү системасы динден ажыратылат. Мамлекеттикжалпы билим берүүчү мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларда динийже атеисттик тарбияга жол берилбейт; - изилдөөлөрдү, билим берүүнү алмашуу, ошондой эле кадрларды даяр-доо жана кайра даярдоо үчүн диний билим берүү чөйрөсүндөгү дүйнөлүктажрыйбаны иликтейт. Бул жобо мамлекеттик билим берүү системасында рухий дөөлөттөргөжана динге орун жок дегендик эмес. Окуу жайларда өзүнүн динчилдигин көрсөтүүгө, рухий, ыймандык са-бактарды өткөрүүгө, окугандарды жана студенттерди дүйнөлүк диндердинпрактикалары менен тааныштырууга, эгер нейтралдуу жана объективдүү фор-мада берилсе "Диндердин тарыхы" жана "Дин изилдөө" сабактарын кир-гизүүгө тыюу салынбайт. Дин тутуунун эркиндигин толук камсыздоо, ата-энелердин жана алардыалмаштырган адамдардын өз балдарын динге карата өзүнүн мамилесине ыла-йык тарбиялоо укугун сыйлоо максатында, мамлекеттик билим берүү систе-масы кайсы бир типтеги көз караштарды жана ишенимдерди тањуулоого жанадиний тиешеси жана ишеними боюнча куугунтуктоого жана кысым көрсөтүүгөтийиш эместиги декларацияланат. VI. Кайрымдуулук жана социалдык тейлөө чөйрөсүндө мамлекеттин диний уюмдар менен мамилеси Мамлекет диний бирикмелердин турмуштук кыйын кырдаалда калган жа-рандарга (майыптар, оору, жетимдик, кароосуздук, жумушсуздук, карылыккабайланыштуу өзүн багууга жараксыздык, туруктуу жашаган жери жоктук) на-тыйжалуу жардам көрсөтө алуучу, үй-бүлө институтунун проблемаларынчечүүгө, балдардын жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун, наркоманиянын,алкоголизмдин, проституциянын алдын алууга, эркинен ажыратуу жайларындакармалган жана жазасын өтөп чыккан адамдарды реабилитациялоого катышаалуучу кайрымдуулук жана социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү иштеринин маани-син моюнга алат. Мамлекет диний уюмдардын кайрымдуулук жана социалдык тейлөөчөйрөсүндөгү иштерин колдойт, анын ичинде: - диний уюмдар түзгөн кайрымдуулук уюмдардын иштерин, эгер ал ишсоциалдык багытта болсо жана диний мүнөздөгү максатты көздөбөсө; - жаштар арасында дене тарбия менен машыгуу жана убакытты мадани-яттуу өткөрүүнүн башка формаларын өркүндөтүү жана жашоонун сергек обра-зы үчүн адамдын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу, бирок диний мак-сатты көздөбөгөн шарттарды түзүүгө жана иш-чараларды өткөрүүгө багыт-талган күч-аракеттерин колдойт; - диний уюмдар турмуштук кыйын абалда калган жарандарды социалдыкколдоо максатында түзүшкөн жарандарды социалдык тейлөө мекемелерин(балдардын баш калкалары, кары-картањдар үйү ж.б.) ал уюмдар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү лицензияалышкан шартта. Мамлекеттик бийлик органдары диний уюмдардын кайрымдуулук жана со-циалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү иштерин колдоо максатында Кыргыэ Респуб-ликасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте диний уюмдар түзгөн социал-дык тейлөө жана кайрымдуулук уюмдарына колдоо көрсөтүүгв укуктуу. VII. Мамлекеттин диний экстремизмдин жана диний касташуунун алдын алуу жана ага каршы күрөш тармагындагы ишинин негизги багыттары Кийинки кездерде республикада диний экстремизмдин жана фундамента-лизмдин идеяларын таратуу тенденциясы уланып, диний экстремисттиккөрүнүштөр, айрыкча "Хизб ут-Тахрир аль ислами" исламдык уюмунун жана"Акрамия" коомунун активдешкен фактылары бар. Бир топ исламдык борборлордун максат көздөгөн үгүтчүлүк иштерисалттуу исламдык дин тутуунун ажырымына, исламдын ашепке агымдарынынидеялары таралышына негиз түзүүдө. Ар түрдүү фонддордун жана коомдук уюмдардын атын жамынышып урук-сатсыз диний үгүтчүлүк борборлорду түзүп жаткан бир топ секталардын жа-на диний жањы агымдардын иштери да олуттуу тынчсыздандырат. Алар четөлкөлөрдүн зор финансылык каражаттарын пайдаланышып республиканын реги-ондорунда жаштарды реакциячыл жана оккульттук окууларга тартуу боюнчаактивдүү үгүт иштерди жүргүзүп жатышат. Алар тараткан адабияттарды тал-даганда андай көз көрүнөө экспансия мүнөздөгү топтордун контролсуз иш-мердиги адамдын негизги укуктарын бузуп, адамдардын ден соолугуна ордутолгус зыян келтирип, үй-бүлөгө, коомго жана мамлекетке коркунуч тууду-руп жатканын көрсөттү. Конституциялык түзүлүштү чыњдоо жана коргоо, социалдык тынчтыктыжана диндер аралык ынтымакты сактоо максатында мамлекет: - Кыргыз Республикасынын аймагында диний уюмдардын конституциялыктүзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин жана анын жарандарынын коопсуздугу-на каршы багытталган иштерине тыюу салат, эскертет жана токтотот; - диний экстремизмге көкүткөн бардык аракеттерди, анын ичинде зом-булукту пайдаланып же зомбулук кылуу опузасы менен кимдир бирөөнү динийишке тартууну дагы токтотот; - диний экстремизимдин көрүнүштөрүн алдын алуу жана жоюу үчүн бар-дык зарыл чараларды көрөт; - адамдардын топторунун динге карата мамилесине жараша аларга кар-шы багытталган диний касташууну козутууга, динчилдердин диний сезимде-рин кордоого, андай иштерди жасоого жана көкүтүүгө, ошондой эле мыйзам-га каршы иштердин жүргүзүлүшүнө ар кандай жардамдашууга тыюу салат; - диний уюмдардын тынч жанаша жашоолоруна, коомдо социалдыкчыњалуунун азайышына, ар кыл конфессиялардагы динчилдердин, ошондой элединге ишенгендердин жана ишенбегендердин арасында сый мамиленин болушу-на өбөлгө түзөт. VIII. Диний уюмдар менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун формалары Диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Кыр-гыз Републикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешитарабынан ишке ашырылат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик,мамлекеттик бийликтин башка органдары тарабынан алардын ыйгарым укукта-рынын жана компетенцияларынын чектеринде жүргүзүлөт. Мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамиле чөйрөсүндөгүмамлекеттик саясат төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат, алар: - диний бирикмелердин иштерин жана мамлекет менен диний бирикме-лердин ортосундагы мамилени укуктук жөнгө салууну оркүндотүү: - мамлекеттик бийликтин диний бирикмелер менен өз ара мамилесининформаларын өркүндөтүү; - жарандардын, диний жана коомдук уюмдардын мамлекеттик бийликтиндиний бирикмелер менен өз ара мамилеси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саяса-тынын максаттарына шайкеш демилгелерин колдоо; - билим берүү, маданият жана социалдык тейлөө чөйрөлөрүндө максат-туу программаларды аларды ишке ашырууга салттуу диний уюмдардын катышуумүмкүндүгүн караштырып иштеп чыгуу жана турмушка дшыруу; - мамлекеттик бийлик органдарынын диний уюмдар менен билим берүү,балдарды жана жаштарды тарбиялоо, маданият, илим, саламаттык сактоо,социалдык тейлөө жана башка чөйрөлөрдө кызматташуусу; - мамлекеттин диний уюмдар менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттиксаясаттын ишке ашырылышын маалыматтык камсыздоо, Кыргызстандагы тарыхыйкалыптанган салттуу диндердин тарыхы жана маданияты жөнүндө билимдердитаратуу; - мамлекеттик бийлик уюштуруучусу болгон теле жана радио берүүуюмдарынын жана мезгилдүү басма сөз редакцияларынын салттуу диний уюм-дар менен Кыргыз Республикасынын элинин тарыхын, маданий мурасын, тур-муш образын, рухий-ыймандык дөөлөттөрүн чагылдыруучу теле жана радиоп-рограммаларды жаратуусунда кызматташуусу; - ушул Концепцияны ишке ашыруу максатында жүргүзүлчү башка иштер. Диний уюмдар менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик мониторингтөмөнкүлөрдү камтыйт, алар: - диний уюмдардын коомдун турмушундагы ролуна жана жарандарадындинге жана диний уюмдарга мамилесине, ошондой эле коомдун рухий-ыйман-дык потенциалынын сакталышына жана өсүшүнө байланышкан маселелер боюнчакоомдук пикирге социалдык изилдөө, ошондой эле мамлекет менен динийуюмдардын мамилеси, жарандардын дин тутуу жана диний ишеним эркиндикте-ри маселелери боюнча башка социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү; - тийиштүү программаларды түзүүдө эске алуу үчүн диний негиздегичыр-чатактардын алдын алуу жана жайгаруу боюнча чет өлкөлөрдүн тажрый-басын изилдөө. Кыргыз Республикасынын диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгүмамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруудагы артыкчылыктуу мил-дет болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү зсептелет. Мамлекеттик бийлик органдарынын диний бирикмелер менен мамилеситийиштүү иш пландардын негизинде ишке ашырылат, аларда тийиштүү тармак-тагы проблемаларды талдоо, аларды диний бирикмелер менен өз ара байла-нышта чечүүнүн рационалдуу жолдору, зарыл учурларда нормативдик укуктукактылардын долбоорлорун даярдоо каралат.