Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2014-жылдын 31-июлундагы № 427 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 12-майындагы № 348

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

               2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында

                   Безгекке каршы күрөшүүнүн улуттук

                  стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

 

     Калк арасында  жүргүзүлүүчү  иш-чараларды институтташтыруу аркылуу

Кыргыз Республикасында безгектин таралышын алдын алуу боюнча  чараларды

өркүндөтүү жана безгектен жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюн-

ча натыйжалуу механизмдерди  түзүү  максатында  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

 

     1. 2006-2010-жылдарга  Кыргыз   Республикасында   Безгекке   каршы

күрөшүүнүн тиркелген улуттук стратегиялык планы (мындан ары - План) бе-

китилсин.

     2. Кыргыз  Республикасынын  Саламаттык сактоо министрлиги,  Кыргыз

Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-

ги,  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги,  Кыргыз

Республикасынын Адилет министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Ички  иштер

министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Респуб-

ликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,  Кыргыз Республикасынын  Билим

берүү,  илим  жана  жаштар саясаты министрлиги,  Кыргыз Республикасынын

Улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик

администрациялар  жана  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары ушул

Планды жетекчиликке жана колдонууга алышсын.

     3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитилген

Пландын чектеринде жүргүзүлүүчү  иш-чараларды  координациялоону  камсыз

кылсын.

     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын  социалдык жана маданий, өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов