КУЧУН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2008-жылдын 4-июлунун № 364
токтомунун редакциясында Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 19-майы № 365 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун чектеринде 2006-2007-жылдарга Иш-чаралардын планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы №381 Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейинмамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынчабашкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясынын экинчи этабын өткөрүү,мамлекеттик башкарууну андан ары децентралдаштыруу боюнча ишти күчөтүүжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин өркүндөтүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкаруунудецентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү"Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун чектеринде 2006-2007-жылдаргаИш-чаралардын планы (мындан ары - Децентралдаштыруу боюнча иш-чаралар-дын планы); - "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкаруунудецентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү"Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун чектеринде 2006-2007-жылдаргаИш-чаралардын планын жүзөгө ашыруу боюнча Республикалык координациялыккењештин курамы (мындан ары - Децентралдаштыруу боюнча республикалыккоординациялык кењеш); - "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкаруунудецентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү"Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун чектеринде 2006-2007-жылдаргаИш-чаралардын планын жүзөгө ашыруу боюнча Республикалык координациялыккењеш жөнүндө жобо. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары: - 2006-жылдын 15-июнуна чейин Децентралдаштыруу боюнча иш-чаралар-дын планын ишке ашыруу жана аткарылышын контролдоо максатында ушундайкоординациялык кењештерди түзүшсүн; - координациялык кењештердин жетекчилигине жергиликтүү мамлекеттикадминистрация башчыларынын орун басарларын, шаарлардын мэрлерин, шаар-дык башкармалыктардын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын бекитишсин; - кординациялык кењештерге тиешелүү жарым жылдык иш пландарын иш-теп чыгышсын жана бекитишсин; - Децентралдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруунунжүрүшүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын координациялык кењештеринин заседаниеле-ринде кварталда бир жолудан кем эмес карашсын. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары: - белгиленген мөөнөттө Децентралдаштыруу боюнча иш-чаралардын пла-нын аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн; - иш-чаралардын планын жүзөгө ашыруунун жүрүшүн квартал сайын кол-легиялардын заседаниелеринде карашсын; - жогоруда аталган иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалы-матты Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бо-юнча улуттук агенттигине жалпылоо үчүн ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгыбоюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берип ту-рушсун. 4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча улуттук агенттигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ар бир жарымжылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен ке-чиктирбестен топтомо маалыматты берип туруу сунушталсын. 5. Децентралдаштыруу боюнча республикалык координациялык кењеш: - жогоруда аталган иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө минист-рликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволор-дун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин отчетторун мезгили мененбир жылда эки жолудан кем эмес уксун; - ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча "Кыргыз Республикасында 2010-жыл-га чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүүнүн" Улуттук стратегиясы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы Жарлыгынынталаптарынан келип чыккан Негизги иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнчаматериалдарды жалпыласын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосу-на киргизсин. 6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкаруунудецентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2002-жылдын 17-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн негизги иш-чараларынын планы жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 257 токтому; - "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкаруунудецентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2002-жылдын 17-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн негизги иш-чараларынын планын аткаруу боюнча КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 257 токтому ме-нен бекитилген Координациялык кењештин иш тартиби тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 460 токтому; - "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруунудецентралдаштырууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү"Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2002-жылдын 17-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн Негизги иш-чараларынын планы тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 257 токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 18-мартындагы № 184 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор-ду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2004-жылдын 9-июнундагы № 432 токтому; - "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкаруунудецентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2002-жылдын 17-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн негизги иш-чараларынын планы жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-апрелиндеги N 257 токтомунаөзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жыл-дын 21-июнундагы N 250 токтому. - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-февралындагы № 90 токтомунун2-пункту. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (ма-кулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты-нын башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-майындагы № 365 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун чектеринде 2006-2007-жылдарга Иш-чаралардын планын жүзөгө ашыруу боюнча Республикалык координациялык кењештин курамы Кулов Ф.Ш. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Ко- ординациялык кењештин төрагасы; Болотбеков Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин төрагасы, Координациялык кењештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кармышев У.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты- нын мамлекеттик кызмат жана региондук өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, Коорди- нациялык кењештин төрагасынын орун басары. Координациялык кењештин мүчөлөрү: Масалиев И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, соттук-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитетинин төрага- сынын орун басары (макулдашуу боюнча); Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри; Турдумамбетов Т.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төра- гасы; Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин статс-катчысы; Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары; Кулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун баса- ры; Кумаров Б.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми- нистрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекет- тик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкар- малыгы секторунун башчысы (макулдашуу боюн- ча); Эшенкулов Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мам- лекеттик салык инспекциясынын директорунун биринчи орун басары; Кошоев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу өкүлү - Кыргыз Рес- публикасынын Премьер-министринин кењешчиси; Ералиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгынын жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу жана муниципалдык менчиктин финансылык-экономикалык негиздери секторунун башчысы; Бектуров О.А. - Ысыккөл облусунун Каракол шаарынын мэри; Кадыркулов Б.К. - Чүй облусунун Токмок шаардык кењешинин төра- гасы (макулдашуу боюнча); Жумашева С.Д. - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы; Дыйканбаев К.С. - Кыргыз Республикасынын айылдардын жана посел- калардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор- гандарынын ассоциациясынын төрагасы (макулда- шуу боюнча); Асанакунов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясы- нын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Ибраимова Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестирлөө агенттигинин аткаруучу ди- ректору (макулдашуу боюнча); Ракимбаев Э.Н. - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында- гы Башкаруу академиясынын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" кафедрасынын доценти, ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" программа- сынын юридикалык маселелер боюнча кењешчиси, Координациялык кењештин жооптуу катчысы (ма- кулдашуу боюнча).