КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-майындагы № 369 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук программасы жөнүндө "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле элдин, биринчи кезекте бал-дардын алдын алуучу эмдөөлөр менен камтылышын жогорку дењгээлде кармаптуруу максатында, вакцина менен тескөөгө болуучу ооруларга чалдыгуунуандан аркы азайтууну камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-том кылат: 1. Тиркелген: 2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттукпрограммасы бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук программасын ишке ашы-рууну камсыздасын. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги вак-цина препараттарды өз убагында сатып алуу жана Профилактикалыкэмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген акысыз алдын алуучуэмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн финансылык каражаттарды Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлигин бюджеттик каржылоонун чегинде өз убагын-да бөлүүнү камсыздасын. 4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаар-ларынын мэриялары 2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук прог-раммасын ишке ашырууга ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүшсүн. 5. Күчүн жоготту деп эсептелсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 16-майындагы № 328"Иммунопрофилактика" улуттук программасы жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-сентябрындагы № 517"2001-2005-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук программасы жөнүндө"токтому. 6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Са-ламаттык сактоо министрлигине тапшырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов