Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-февралы № 47
2013-2017-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын бекитүү жөнүндө
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, вакцина менен жөнгө салынуучу инфекциялар менен ооруну төмөндөтүүнү камсыздоо үчүн профилактикалык эмдөөлөр менен калкты камтуунун жогорку деңгээлин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2013-2017-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасы бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары татаал эпидемиологиялык кырдаалдарда, калк арасында жалпы иммундаштыруу жүргүзүүдө жана вакциналарды колдонууда 2013-2017-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасын ишке ашырууга ар тараптуу көмөк жана колдоо көрсөтсүн.
3. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына динге ишенгендердин иммундаштырууга карата оң мамилесин калыптандырууга көмөк көрсөтүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-майындагы № 369 "2006-2010-жылдарга "Иммунопрофилактика" улуттук программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |