Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 22 майындагы № 371
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республнкаеынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ыланык Кыргыз Республикасыньщ Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Х.З.Көркмазов
тарабынан демилге кылынган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык
камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьянын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин депутаты Х.З.Көркмазов тарабынан демилге кылынган
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны
кабыл алууга төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт.
1. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 1-пункту менен
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына класстык чинге жараша
мамлекеттик кызматчыга эсептелген пенсиянын суммасынан кошумча төлөөнү
белгилөөнү караган өзгөртүү киргизилет.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясында пенсиянын өлчөмүн эсептөөнүн
формуласы белгиленет, анын бир составдык бөлүгү камсыздандырылуучу
адамдын жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон камсыздандыруу
взносторунан эсептелинүүчү СП2 пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү
болуп саналат.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандыруу взностору эмгек акы
төлөөнүн (кирешелердин), стимулдоочу жана компенсациялоочу мүнөздөгү
төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө эсептелет. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-статьясына ылайык мамлекеттик
кызматчыга персоналдык үстөктөр, ошондой эле класстык чин жана иштеген
жылдар үчүн үстөктөр белгиленип, ага "Мамлекеттик социалдык
камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген өлчөмдөрдө
камсыздандыруу взностору эсептелет.
Төлөнгөн камсыздандыруу взностору камсыздандырылган адамдын жеке
камсыздандыруу эсебинде эске алынат жана пенсиянын экинчи
камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү түздөн-түз төлөнгөн взностордун
суммасына байланыштуу болот.
Мындан тышкары мамлекеттик кызматчынын категориясына таандык
белгиси боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн
дифференциялоо пенсиялык камсыздоонун камсыздандыруу принциптерин
бузат жана өндүрүштүк, башка тармактардын кызматкерлери тарабынан
акыйкат нааразылыктарды пайда кылат.
Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда класстын чин үчүн пенсияга
кошумча төлөөлөрдү белгилөө кошумча чыгымдарды талап кылат, алардын
булагы Мыйзам долбоорунда аныкталган эмес. Ошону менен бирге
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясында пенсияга үстөктөр
белгиленет, аларды каржылоо республикалык бюджеттен ишке ашырылат.
Мамлекеттик кызматчылардын пенсияларына сунуш кылынган кошумча
төлөөлөр үстөк сыяктуу функцияны аткаргандыктан, алар дагы
республикалык бюджеттен каржыланууга тийиш. Бирок, 2006-жылга
республикалык бюджетте мындай сарптоолор каралган эмес.
2. Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 2-пункту пенсиясы 2000-жылдан
тартып эсептелген Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына
пенсияларды эсептөөдө эмгек акыга карата колдонулуучу 15 эсептик
көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү чектөөлөрдү эсепке албаганда мурда
дайындалган пенсияларды кайра эсептөө жүргүзүүнү карайт.
Пенсияларды жогорулатуунун биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө
үчүн эмгек акы боюнча чектөөлөрдү алып салуу шартында чоњ айырмачылык
орун алат. Мурда кызматчылар менен жумушчуларга кызмат маяналарын жана
тарифтик ставкаларды белгнлөөдө эмгек акынын белгиленген фонду менен
шартталган чектөөлөр бар болчу. 1992-жылдан тартып ишканаларды
мамлекеттен ажыратууга, жеке ишканаларды, акционердик коомдорду
түзүүгө байланыштуу аларда эмгек акыны эсептөө шарты жана тартиби
өзгөргөн. Эмгек акынын өлчөмү айрым аймактарда өтө өсүп кеткен жана
бюджеттик чөйрөдө токтоп калган. Азыркы убакта эмгек акыны эсептөөнүн
бирдиктүү системасы жок. Ар кандай тармактарда бирдей кызматтардагы
кызматкер кескин айырмаланган эмгек акы алышы мүмкүн.
Ошондуктан, СП1 пенсиясынын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн
эсептөөдө эске алынуучу эмгек акыдан чектөөлөрдү алып салууда
пенсиянын жогорку өлчөмү кескин көбөйүп кетет, бул пенсиялардын
минималдуу жана максамалдуу өлчөмдөрүнүн ортосундагы чоњ айырмачылыкка
алып келет, ал эми социалдык саясат аларды кыскартууга багытталууга
тийиш. Мында талап кылынган эмгек стажын иштеген, бирок айлык маянасы
(айыл чарба жумушчулары) төмөн болгондуктан, аз өлчөмдөгү пенсия
алышкан же эмгек акысы тууралуу документтерди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү
жок адамдарга пенсиясы жогорулабайт, бул алар тарабынан акыйкат
нааразылыктарды пайда кылат.
Мындан тышкары Мыйзам долбоорунда пенсиясы 2000-жылдан тартып
эсептелген адамдарга гана пенсияны кайра эсептөө жүргүзүү каралат,
Пенсияга 2000-жылга чейин чыккан пенсионерлер басмырланган абалда
калат, анткени Мыйзам долбоорунда бул категориялар үчүн кайра эсептөө
каралган эмес, дал ушуну менен "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясы бузулат. Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары бардык жарандарга карата бирдей
колдонулууга жана алардын эч кимисине артыкчылыктарды түзбөөгө тийиш.
Бир эле учурда пенсиялардын төмөнкү өлчөмдөрүн жогорулатуу менен
пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акынын жогорку өлчөмүн этап-этабы менен
көбөйтүүнү кыйла кабыл алгылыктуу вариант деп эсептейбиз.
Бул максаттарда 2006-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын
Президентинин "2006-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн
өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 156
Жарлыгына ылайык пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга түзөтүү
коэффициенттерин жана орточо эмгек акынын өлчөмүнүн жогорку чегин 2000
сомго чейин жана төмөнкү чегин - 150 сомго чейин көбөйтүү аркылуу
пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү жогорулайт. 2006-жылдын 1-майынан
тартып пенсияларды жогорулатууга Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондунун бюджетинде 257 млн. сом каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясына ылайык
мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү же
болбосо анын киреше бөлүгүн кыскартууну караган мыйзаы долбоорлору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилиши жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн.
Анткени, сунушталган Мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин кыйла
кошумча каражаттарын талап кылат, ошондуктан республиканын бюджетинин
дайыма тартыштыгынын шарттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Х.З.Көркмазов тарабынан демилге кылынган
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу эрте деп
эсептейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов