Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 536 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-майындагы № 374 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланчу ыландардын тизмеснн бекитүү жөнүндө "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 42 жана 47-статьяларына ылайык, жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштууылањдарынын, анын ичинде адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурганоорулардын чыгышын жана таралышын болтурбоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жоккылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынанкаржыланчу жаныбарлардын ылањдарынын тиркелген
тизмеси (мындан ары -Тизме) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүөнөр жай министрлиги: - республикада бейпил эпизоотиялык абалды камсыздасын; - республикада эпизоотиялык бейпил абалды сактоо боюнча иш-чараларга байланышкан чыгымдарга бюджеттик каражаттарды артыкчылыктуутартипте жумшасын; - Тизмеде көрсөтүлгөн ылањдарды диагностикалык изилдөө жана алдыналуу үчүн ветеринардык препараттарды сатып алууга каражат бөлсүн жанаанын сарамжалдуу пайдаланылышын катуу контролдосун. 3. Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын Тизмегекиргизилбеген өзгөчө жугуштуу ыландары киришине реалдуу коркунуч пайдаболгон учурда же алар аныкталганда Тизмеге белгиленген тартиптетийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилери белгиленсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов