Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 286 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-майындагы № 377 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүүнү тездетүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "Глобал ГолдХолдинг ГмбХ" компаниясынын ортосунда "Жерүй" кенинде биргелешкен иш-аракет жана Лицензиялык аянт жөнүндө келишимдин долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети белгиленген тартипте: -"Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча "Кыргызалтын" ачыкакцнонердик коомунун жана "Глобал Голд Холдинг ГмбХ" компаниясынынортосунда биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө маселени «Кыргызалтын» ачыкакционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушундакарасын; -"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы -президентине жогоруда көрсөтүлгөн Келишимге, уюштуруу келишимине жанабиргелешкен ишкана түзүү жана анын иш-аракети үчүн зарыл болгон башкадокументтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 3.Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги түзүлүүчү биргелешкенишкананы белгиленген тартипте каттасын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Геологня жанаминералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жањыдан түзүлүүчүбиргелешкен ишканага "Жерүй" кенин иштетүүгө жана Жерүй кен талаасынгеологиялык изилдөөгө лицензияларды берсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов