Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-ноябры №286
"Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы №377 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө" токтому менен "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "Global G.o.l.d. Holdi№g Gmbh" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда "Жерүй" кенин биргелешип иштетүү жана Лицензиялык Аянт жөнүндө келишими жактырылган.
Ушул токтомдун негизинде "Кыргызалтын" ачык акционердик коому жана "Global G.o.l.d. Holdi№g Gmbh" жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн "Жерүйалтын" жабык акционердик коомуна "Жерүй" кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 2006-жылдын 19-июлундагы № 639 АЕ лицензиясы берилген.
"Жерүй" кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 2006-жылдын 19-июлундагы №639 АЕ лицензиясынын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелген 2008-жылдын 23-октябрындагы №3 лицензиялык макулдашуунун шарттарын "Жерүйалтын" жабык акционердик коому ушул убакытка чейин аткарбай жатканын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт:
- 2009-жылдын 1-октябры мөөнөтүнө чейин кен-байытуучу комбинат алтын иргеп алуучу фабриканын жана калдыктарды сактоочу жайдын негизги объекттери боюнча техникалык долбоорлору мыйзамда белгиленген тартипте тапшырылган жок жана макулдашылган эмес;
- 2010-жылдын 1-ноябры мөөнөтүнө чейин кен-байытуучу комбинатынын негизги объекттеринин курулушу 200 (эки жүз) миллион АКШ доллары сарпталса да башталган эмес.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, эгерде лицензиялык макулдашууда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жер казыналарын, айлана-чөйрөнү коргоо, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик органдар жана жер укугунун менчик ээлери менен макулдашылган иштерди жүргүзүүгө техникалык долбоор берилбесе, кен пайдалануу укугу, лицензияны алып коюу (жокко чыгаруу) менен токтотулат.
Жогоруда айтылгандарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына пайдасын арттыруу максатында "Жерүй" кенин ыкчам өздөштүрүү зарылчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги:
- "Жерүй" кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна "Жерүйалтын" жабык акционердик коомуна берилген 2006-жылдын 19-июлундагы № 639 АЕ лицензиясын мыйзамда белгиленген тартипте жокко чыгарсын;
- "Жерүй" алтын кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна жана "Жерүй аянтын" геологиялык изилдөөгө ачык сынак өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 377 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |