Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 31-майы № 395
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-2010-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795,2011-жылдын 27-октябрындагы №687 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды интеграциялоо жана
реабилитациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген 2006-2010-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү
адамдарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чаралары (мындан ары Чаралар
комплекси) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомст-
волор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органдары:
- Чаралар комплексин аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик
агенттигине Чаралар комплексин ишке ашыруу боюнча маалымат берип турушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына Чаралар комплек- син ишке ашыруу боюнча жалпыланган маалымат берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
КР Окмотунун 2011-жылдын 27-октябрындагы №687 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 31-майындагы № 395
токтому менен бекитилген
2006-2010-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды
мамлекеттик колдоонун
ЧАРАЛАР КОМПЛЕКСИ (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795,2011-жылдын 27-октябрындагы №687 токтомудорунун редакцияларына ылайык)
┌────┬────────────────────────────────────────┬─────────┬─────────────┐
│N │ Иш-чаралардын аталышы │ Аткаруу │ Жооптуу │
│п/п │ │ мөөнөтү │ аткаруучулар│
├────┴────────────────────────────────────────┴─────────┴─────────────┤
│ Биринчи кезектеги милдеттер │
├────┬────────────────────────────────────────┬─────────┬─────────────┤
│1. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │ │
│ │адамдар социалдык жактан коргоо │ │ │
│ │бөлүгүндө мыйзам чыгаруу базаларын │ │ │
│ │өркүндөтүү │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│1.1.│Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунун │2006-жыл │Соцмин, │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кепил-│ │Адилетмин, │
│ │диктери жөнүндө" Мыйзамын кабыл алуу │ │Финмин, │
│ │ │ │майыптардын │
│ │ │ │өкмөттүк эмес│
│ │ │ │уюмдары (ма- │
│ │ │ │кулдашуу │
│ │ │ │боюнча) │
│ │ │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│1.2.│Төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү жана толук- │2006-жыл │Соцмин, │
│ │тоолорду киргизүү: │ │Финмин │
│ │а) оорунун түрүнө жана формасына кара- │ │ │
│ │бастан энергия булактарынын жана │ │ │
│ │турак-жай коммуналдык кызматтарынын не- │ │ │
│ │гизги түрлөрүнө төлөөдө майыптарды бир- │ │ │
│ │дей жеңилдиктер менен камсыз кылуу, │ │ │
│ │ошондой эле оорулардын негизги түрлөрү │ │ │
│ │боюнча бекер дарылар жана медикаментоз- │ │ │
│ │дор менен камсыз кылуу максатында Кыргыз│ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечим- │ │ │
│ │дерине; │ │ │
│ │б) Кыргыз Республикасынын Администрация-│ │ │
│ │лык жоопкерчилик жөнүндө кодексине │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │ │
│ │адамдар үчүн жумуш орундарын түзүү жана │ │ │
│ │квоталаштыруу боюнча ченемдерди │ │ │
│ │сактабагандыгы үчүн; │ │ │
│ │- эмгектик мертинүүнүн натыйжасында │ │ │
│ │кийин майыптык алган адамдарды жумушка │ │ │
│ │орноштурууда иш берүүчүнүн милдеттеринин│ │ │
│ │бузулгандыгы үчүн; │ │ │
│ │- инфраструктура объектилерине ден │ │ │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │ │
│ │адамдардын киришиүчүн шарттарды │ │ │
│ │түзбөгөндүгү үчүн; │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │ │
│ │адамдардын жол жүрүшү үчүн транспорт- │ │ │
│ │тук каражаттардын ылайыкталбагандыгы │ │ │
│ │үчүн; │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │2006-жыл │Соцмин, │
│ │адамдарды реабилитациялоо жана инте- │ │майыптардын │
│ │грациялоо жекече программаларын аткаруу │ │өкмөттүк эмес│
│ │боюнча милдеттердин бузулгандыгы үчүн; │ │уюмдары (ма- │
│ │- кайра уюштуруу, жоюу жана банкрот бол-│ │кулдашуу │
│ │гон учурда мамлекеттик пенсиялык камсыз-│ │боюнча) │
│ │дандыруу боюнча пенсияларды төлөөгө ка- │ │ │
│ │питалдаштыруу жана зыяндардын ордун тол-│ │ │
│ │туруу боюнча компенсацияларды иш берүү- │ │ │
│ │чүнүн, атайын администратордун милдетте-│ │ │
│ │рин бузгандыгы үчүн; │ │ │
│ │в) мамлекеттик бийлик органдарынын, жер-│2006-жыл │Соцмин, │
│ │гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары- │ │майыптардын │
│ │нын кызматтык адамдарынын жана менчиги- │ │өкмөттүк эмес│
│ │нин түрүнө карабастан уюмдардын, ошондой│ │уюмдары (ма- │
│ │эле жарандардын ден соолугунун │ │кулдашуу │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды │ │боюнча) │
│ │басмырлагандыгы үчүн Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине; │ │ │
│ │г) мамлекеттик бийлик органдарына жана │2006-жыл │Соцмин, │
│ │жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-│ │Финмин, │
│ │рына (Кыргыз Республикасынын Жогорку │ │өкмөттүк эмес│
│ │Кеңеши, жергиликтүү кеңештер), шайлоо │ │уюмдары (ма- │
│ │учурунда саясий уюмдарга жана ден │ │кулдашуу │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │боюнча) │
│ │адамдарга бирикмелерине квоталарды │ │ │
│ │берүү боюнча Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │Шайлоо жөнүндө кодексине; │ │ │
│1.3.│Салык жеңилдиктерин киргизүү маселелерин│ │ │
│ │иштеп чыгуу: │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │2006-жыл │Соцмин, │
│ │адамдарга ар кандай формада жардам │ │Финмин, │
│ │көрсөтүүчү ишкердик субъекттерине (жу- │ │өкмөттүк эмес│
│ │мушка орноштуруу, кайрымдуулук жардам- │ │уюмдары (ма- │
│ │дарды берүү, турак-жайга квота берүү); │ │кулдашуу │
│ │- салык салуудан бошотуу боюнча штаттагы│ │боюнча) │
│ │кызматкерлердин 50%дан кем эмес ден │ │ │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │ │
│ │адамдары бар менчигинин ар кандай │ │ │
│ │түрүндөгү уюмдарга; │ │ │
│ │- пайдага; │ │ │
│ │- акциздик жана жер салыгына; │ │ │
│ │- автомобиль жолдорун колдонгондугу │ │ │
│ │үчүн; │ │ │
│ │- жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө │2006-жыл │ │
│ │салынуучу жеке киреше салыгына; │ │ │
│ │- колдонулбаган өндүрүштүк жана │ │ │
│ │соода-тиричилик аянтына же алардын │ │ │
│ │бөлүгүнө салынуучу салыктарга; │ │ │
│ │- жергиликтүү салыктарга жана │ │ │
│ │жыйымдарга; │ │ │
│ │е) Кыргыз Республикасынын Бажы │ │ │
│ │кодексине: │ │ │
│ │- бажы алымдарын жана жыйымдарды төлөөдө│ │ │
│ │жеңилдиктерди берүү │ │ │
│ │ж) Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө │ │ │
│ │кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн │ │ │
│ │каражаттарды чегерүү"; │ │ │
│ │- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана │ │ │
│ │жоюу үчүн каражаттарды чегерүү боюнча │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│2. │Коомдогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │ │ │
│ │чектелүү адамдарга стратегияны иштеп │ │ │
│ │чыгуу; │ │ │
│ │- бирдиктүү мамлекеттик стратегияны │2006-жыл │Билим берүү- │
│ │иштеп чыгуу; │ │мин, Эмгек- │
│ │ │ │соцмин, Сала-│
│ │ │ │маттык сак- │
│ │ │ │тоомин │
│ │- калк арасында ден соолугунун │ │Билим берүү- │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын │ │мин, Эмгек- │
│ │маселелерин кеңири пропагандалоо (ЖМК, │ │соцмин, МТРК │
│ │телекөрсөтүүдө атайын программаларды │ │Билим берүү- │
│ │түзүү); │ │мин, │
│ │- жаш муундар менен идеологиялык иштерди│ │Соцмин │
│ │жүргүзүү (мектептин, кесиптик лицейлер- │ │ │
│ │дин окуучулары, орто окуу жайларынын │ │ │
│ │жана жогорку окуу жайларынын студент- │ │ │
│ │тери). │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│3. │Республикадагы ден соолугунун │2006-жыл │Соцмин, │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын толук │ │Саламаттык │
│ │маалыматтар базасын түзүү │ │сактоомин │
│ │ │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│4. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │Соцмин, │
│ │адамдардын саламаттык сактоо кызматта- │ │ │
│ │рына жетишин камсыз кылуу: │ │ │
│ │- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │2006- │Саламаттык │
│ │2006-жылдын 30-январындагы N 46 "Кыргыз │2010- │сактоомин │
│ │Республикасынын жарандарын 2006-жылы ме-│жылдар │ │
│ │дициналык-социалдык жардам менен камсыз │ │ │
│ │кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер │ │ │
│ │программасы жөнүндө" токтомуна ылайык, │ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын жарандарын меди- │ │ │
│ │цина-социалдык менен камсыз кылуунун │ │ │
│ │мамлекеттик кепилдиктер программасы │ │ │
│ │боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │ │ │
│ │чектелүү адамдарды бекер медициналык │ │ │
│ │тейлөө; │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │ │
│ │адамдар үчүн медициналык жардамдардын │ │ │
│ │жогорку технологиялык түрлөрүнө квота- │ │ │
│ │ларды белгилөө. │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│5. │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │2006- │Кыргыз Рес- │
│ │2004-жылдын 9-августундагы N 583 "2004- │2007- │публикасынын │
│ │2007-жылдарга ден соолугунун │жылдар │министрликте-│
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды │ │ри, ведом- │
│ │интеграциялоо │ │стволору жана│
│ │жана реабилитациялоо мамлекеттик базалык│ │уюмдары │
│ │программасын жана 2004-2007-жылдарга │ │ │
│ │ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │ │
│ │адамдарды интеграциялоо жана реабилита- │ │ │
│ │циялоо мамлекеттик базалык программасын │ │ │
│ │аткаруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү│ │ │
│ │жөнүндө" токтомуна ылайык 2004-2007-жыл-│ │ │
│ │дарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │ │ │
│ │чектелүү адамдарды интеграциялоо жана │ │ │
│ │реабилитациялоо мамлекеттик базалык │ │ │
│ │программасын сөзсүз түрдө аткаруу │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│6. │Менчик турак-жайлары жок ден соолугунун │ │Бишкек шаа- │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды │ │рынын жана │
│ │камсыздоо: │ │Ош шаарынын │
│ │- ар кандай менчиктин түрлөрүндөгү │2006- │мэриялары, │
│ │турак-жайларды курууда жана эксплуата- │2010- │жергиликтүү │
│ │цияга берүүдө квартираларды бөлүштүрүүгө│жылдар │мамлекеттик │
│ │квота менен; │ │администра- │
│ │- жеңилдиктүү шарттарда ден соолугунун │ │циялар, иш- │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды үчүн │ │кердик су- │
│ │ипотекалык кредиттөөнү киргизүү │ │бъектилери │
│ │ │ │(макулдашуу │
│ │ │ │боюнча) │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│7. │Бюджеттик уюмдар үчүн продукцияларга │2006- │Соцмин, │
│ │Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун │2010- │Билим берүү- │
│ │ишканаларын мамлекеттик заказ менен кам-│жылдар │мин, │
│ │сыз кылуу │ │Саламаттык │
│ │ │ │сактоомин, │
│ │ │ │Коргоомин │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│8. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │2007- │Соцмин, │
│ │адамдарды маалыматтар менен камсыз │2010- │Адилетмин, │
│ │кылуу: │жылдар │Финмин │
│ │- мыйзамдык базалар, ден соолугунун │ │ │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга социал- │ │ │
│ │дык психологиялык, педагогикалык жана │ │ │
│ │медициналык реабилитация көрсөтүү масе- │ │ │
│ │лелери боюнча ар жылдык маалымдама-ин- │ │ │
│ │формациялык материалдарды чыгаруу (бук- │ │ │
│ │лет, маалыматтык баракчалар, жыйнактар) │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│9. │Медициналык көрсөтмөлөргө ылайык сана- │2006- │Соцмин, │
│ │тордук-курорттук дарыланууга төмөнкүдөй │2010- │Финмин │
│ │жеңилдиктери бар жолдомо менен беш жылда│жылдар │ │
│ │бир жолу камсыз кылуу: │ │ │
│ │1-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │ │ │
│ │чектелүү адамдарга 100% (бекер); │ │ │
│ │2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │ │ │
│ │чектелүү адамдарга - 50%; │ │ │
│ │3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │ │ │
│ │чектелүү адамдарга - 30% │ │ │
│ │республикалык бюджеттин каражаттарынын │ │ │
│ │эсебинен каржыланат │ │ │
├────┴────────────────────────────────────────┴─────────┴─────────────┤
│ Орто мөөнөттүү милдетте │
├────┬────────────────────────────────────────┬─────────┬─────────────┤
│1. │Бишкек шаарында ден соолугунун │2007- │Соцмин, │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды │2008- │Бишкек шаа- │
│ │реабилитациялоо жана интеграциялоо │жылдар │рынын │
│ │максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │ │мэриясы, эл │
│ │чектелүү адамдарды интеграциялоо жана │ │аралык донор │
│ │маалымдоо республикалык борбордун түзүү,│ │уюмдары, иш- │
│ │ал төмөнкүлөрдү карайт: │ │кердин │
│ │ │ │субъектилери │
│ │- Интернет-клубун ачууну (ден │ │(макулдашуу │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │боюнча) │
│ │адамдарды компьютердик сабаттуулукка │ │ │
│ │жана тармактык сүйлөшүүлөргө окутуу │ │ │
│ │үчүн); │ │ │
│ │- чет тилдерин окутууну; │ │ │
│ │- азиздер үчүн атайын китепкананы; │ │ │
│ │- таанышуу клубдарын (үй-бүлө куруу │ │ │
│ │максатында); │ │ │
│ │- фонотеканы (азиздиги боюнча ден │ │ │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар│ │ │
│ │үчүн) │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│2. │Инфраструктура объектилерине ден │ │Архитектура │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │жана курулуш │
│ │адамдардын кирүүсүн камсыз кылуу: │ │боюнча мам- │
│ │- республиканын аймагындагы ден │2006-жыл │агенттик, │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │Бишкек ш. │
│ │адамдарды жаңы курулуп жаткан │ │Ош ш. мэрия- │
│ │социалдык-тиричиликтик жана маданият │ │лары, жерги- │
│ │багытындагы объектилерди │ │мамлекеттик │
│ │эксплуатацияга кабыл алуу боюнча │ │администра- │
│ │комиссиянын курамына киргизүү; │ │циялар │
│ │- имараттарды жана курулмаларды долбоор-│Дайыма │Архитектура │
│ │лоо, куруу жана реконструкциялоо учурун-│ │жана курулуш │
│ │да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │боюнча мам- │
│ │адамдардын керектөөлөрүнүн жана мук- │ │агенттик │
│ │таждыктарын эске алуу менен контролдоону│ │ │
│ │катуулатуу; │ │ │
│ │- Кыргыз Республикасынын 35-01-99 │2006- │Архитектура │
│ │курулуш ченемдерине жана эрежелерине │2007- │жана курулуш │
│ │ылайык "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │жылдар │боюнча мам- │
│ │чектелүү адамдардын жана калктын аз мо- │ │агенттик, │
│ │билдүү тобунун талаптарын эске алуу ме- │ │Бишкек ш. │
│ │нен жашоо-тиричилик чөйрөсүн долбоорлоо"│ │Ош ш. мерия- │
│ │ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │лары, жерги- │
│ │адамдар үчүн кирүү жолдору (пандустар) │ │ликтүү мам- │
│ │менен бардык жерде мамлекеттик түзүмдөгү│ │лекеттик │
│ │имараттарды жабдуу (министирликтерди, │ │администра- │
│ │ведомстволорду, мэрияларды, мамлекеттик │ │циялар │
│ │администрацияларды, бейтапканаларды, │ │ │
│ │ооруканаларды); │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │2006- │Транскоммун- │
│ │адамдарды республиканын борборунда │2007- │мин │
│ │жана аймактарында алардын эч кандай тос-│ │ │
│ │коолдуксуз кириши үчүн атайын жабдыктар │ │ │
│ │менен жабдылган маршруттук таксилер │ │ │
│ │менен камсыз кылуу │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│3. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │ │
│ │адамдардын орто жана жогорку билим │ │ │
│ │алууга жетишин камсыз кылуу: │ │ │
│ │- жакыр үй-бүлөлөрдөгү ден соолугунун │Дайыма │Билим берүү- │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн - │ │мин, │
│ │жалпы билим берүү мектептеринде, │ │Соцмин, │
│ │эксклюзивдик билим берүү (үйдөн), орто -│ │Финмин, │
│ │кесиптик мекемелерде, балдар музыкалык │ │ │
│ │мектептеринде, ийримдерде, спорт секция-│ │ │
│ │ларында жана изостудияларда акысыз билим│ │ │
│ │берүү; │ │ │
│ │- жакыр үй-бүлөлөрдөгү ден соолугунун │2007- │Билим │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн - │2010- │берүүмин │
│ │ЖОЖго тапшырууда бюджеттик бөлүм- │жылдар │ │
│ │дөргө квоталарды бекитүү, ошондой эле │ │ │
│ │бюджеттен тышкаркы бөлүмдөргө жеңилдик- │ │ │
│ │терди берүү; │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │2007-жыл │Билим │
│ │адамдар окуган жалпы билим берүүчү │ │берүүмин │
│ │мектептерди, атайын орто билим берүүчү │ │ │
│ │орто окуу жайларын, ЖОЖдорду бардык │ │ │
│ │зарыл жабдыктар (тепкичтер, кармагычтар,│ │ │
│ │атайын сантехникалык жабдуулар) менен │ │ │
│ │жабдуу; │ │ │
│ │- көзү жакшы көрбөгөн жана көрбөгөн │2007- │Билим берүү- │
│ │ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │2010- │мин, "Акыл" │
│ │адамдар үчүн адистештирилген адабият- │жылдар │мамконцерни, │
│ │тарды (окуу, усулдук китептерди жана │ │Кыргыз азиз- │
│ │көркөм адабияттарды) чыгарууну камсыз │ │дер жана дү- │
│ │кылуу; │ │лөйлөр коо- │
│ │ │ │мунун бор- │
│ │ │ │бордук баш- │
│ │ │ │кармалыгы │
│ │ │ │(макулдашуу │
│ │ │ │боюнча) │
│ │- угууга жана көрүүгө байланышкан ден │2006- │МТРК, │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар│2010- │Финмин │
│ │үчүн айрым программалардын сурдоло- │жылдар │ │
│ │гиялык котормолорун, телеберүүлөрдү суб-│ │ │
│ │титрлөөнү камсыз кылуу │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│4. │Соңку технологиялар боюнча медициналык │2006- │Соцмин, │
│ │корутундусу болгон ден соолугунун │2010- │Финмин │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды алга │жылдар │ │
│ │жылуучу жекече каражаттар менен камсыз │ │ │
│ │кылуу (бөлмөлүк жана сейилдөөчү │ │ │
│ │кресло-коляскалар менен) │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│5. │Өкмөттүк эмес уюмдардан реабилитациялык │ │ │
│ │кызмат көрсөтүүлөрдү жана юридикалык │ │ │
│ │жардамдарды көрсөтүү боюнча социалдык │ │ │
│ │кызмат көрсөтүүлөрдү алуу: │ │ │
│ │- "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" │2006-жыл │Соцмин, │
│ │Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп │ │Финмин │
│ │жана жылдыруу; │ │ │
│ │- өкмөттүк эмес уюмдардан социалдык кыз-│2006-жыл │Соцмин, │
│ │ат көрсөтүүлөрдү алуу механизмин иштеп │ │Финмин │
│ │чыгуу │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│6. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │2007- │Соцмин, │
│ │адамдардын медицина-социалдык реабили- │2008- │Финмин, │
│ │тациялоонун республикалык борборун │жылдар │Бишкек шаары-│
│ │түзүү, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: │ │нын мэриясы │
│ │- стационардык шартта жалпы чыңдоочу те-│ │ │
│ │терапевтикалык жардам көрсөтүү; │ │ │
│ │- ооруунун же мертинүүнүн түрүнө кара- │ │ │
│ │бастан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү │ │ │
│ │чектелүү адамдарды реабилитациялоонун │ │ │
│ │жекече программасын иштеп чыгуу; │ │ │
│ │- реабилитациялык тейлөөлөрдүн (социал- │ │ │
│ │дык, психологиялык жана эмгектик) толук │ │ │
│ │комплексин көрсөтүү; │ │ │
│ │- үй-бүлөнү пландаштыруу саясаты боюнча │ │ │
│ │уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү; │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │ │
│ │адамдарды өзүн-өзү тейлөөгө, багыттоого │ │ │
│ │жана атайын жабдыктарды колдонгонго │ │ │
│ │үйрөтүү │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│7. │Республикада майыптардын спортун │2007- │Дене тарбия │
│ │өнүктүрүү: │2008- │жана спорт │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │жылдар │боюнча мам- │
│ │адамдар арасында сергек жашоо мүнөзүн; │ │агенттик, │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │Бишкек шаары-│
│ │адамдар үчүн акысыз негизде спорт │ │нын мэриясы- │
│ │клубдарын түзүү; │ │нын муници- │
│ │- республикада спорттук иш-чараларды │ │палдык мүлктү│
│ │өткөрүү; │ │башкаруу │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │ │боюнча коми- │
│ │адамдардын параолимпиадалык оюндарга │ │тети, жерги- │
│ │катышуусу │ │ликтүү мам- │
│ │ │ │администра- │
│ │ │ │циялар, жер- │
│ │ │ │гиликтүү өз │
│ │ │ │алдынча баш- │
│ │ │ │каруу орган- │
│ │ │ │дары, Кыргыз │
│ │ │ │Республикасы-│
│ │ │ │нын Улуттук │
│ │ │ │олимпия коми-│
│ │ │ │тети (макул- │
│ │ │ │дашуу боюнча)│
│ │ │ │ │
│ │ │ │ │
│ │ │ │ │
├────┴────────────────────────────────────────┴─────────┴─────────────┤
│ Узак мөөнөттүү милдетте │
├────┬────────────────────────────────────────┬─────────┬─────────────┤
│1. │Республиканын аймактарында ден │2008- │Жергиликтүү │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │2010- │мамлекеттик │
│ │адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык│жылдар │администра- │
│ │борборлорду түзүү │ │циялар, жер- │
│ │ │ │гиликтүү өз │
│ │ │ │алдынча баш- │
│ │ │ │каруу орган- │
│ │ │ │дары, │
│ │ │ │Соцмин, │
│ │ │ │Саламаттык │
│ │ │ │сактоомин │
│ │ │ │ │
│ │ │ │ │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│2. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү │2008-жыл │Өкмөттүк │
│ │адамдардын маселелери менен иштеген │ │эмес уюмдар, │
│ │өкмөттүк эмес уюмдардын эл аралык │ │эл аралык │
│ │тармагын түзүү │ │донор уюмда- │
│ │ │ │ры (макулда- │
│ │ │ │шуу боюнча), │
│ │ │ │Соцмин │
├────┼────────────────────────────────────────┼─────────┼─────────────┤
│3. │Жалгыз бой аз камсыз болгон ден │2008- │Финмин, │
│ │соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар│2010- │Соцмин, │
│ │үчүн адистештирилген турак үйлөрдү куруу│жылдар │Бишкек шаа- │
│ │(Социалдык үй) │ │рынын │
│ │ │ │мэриясы │
└────┴────────────────────────────────────────┴─────────┴─────────────┘