Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-октябры № 687
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын калкына социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү боюнча ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы №79 "Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6 жана 8-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "социалдык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-сентябрындагы №401 "Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3 жана 4-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "социалдык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктта "Бишкек жана Ош ш." деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарлары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта "социалдык коргоо органдары" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун комиссиялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укуктарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункттун экинчи абзацындагы "прокуратура жана сот органдары" деген сөздөр "прокуратура, сот органдары жана ички иштер органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "социалдык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маданият агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "маданият жана маалымат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-декабрындагы № 863 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеңилдиктерге укуктарын ырастоочу документтердин үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Жеңилдик берүүчү күбөлүктөрдү алмаштыруу күбөлүктүн бланктарынын наркын албастан милдеттүү тартипте жүргүзүлсүн.";
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, буга 8-пункттун төртүнчү абзацы кирбейт, ал 2011-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |