Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 1-июну № 400
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн
мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин
планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
чаралар комплексин жана Кыргыз Республикасында 2006-2007-жылдарда
кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча
мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы
№ 132 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик
стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексин натыйжалуу
ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
«Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик
стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексин жана Кыргыз
Республикасында 2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча
мамлекетгак программаны бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 132 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик
стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексинин 30-
пунктундагы «Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамагенттик»
деген сөздөр «Экономфинмин» деген сөзгө алмаштырылсын.
Премьер-министр Ф.Кулов