Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 1-июну № 401 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу, Ош шаарынын мэриясынынтолук иштешин камсыз кылуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчикжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынынмэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 токтомунун "Ошшаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилүүчү объекттер-дин тизмеси" деген № 1 тиркемесине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. "Саламаттык сактоо объекттери (имараттар жана жайлар)" деген Iбөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын: "------------------------------------------------------------------ |32|Кардиологиялык борбор | 1 | - | ------------------------------------------------------------------ ". 2. "Билим берүү объекттери" деген II бөлүмдүн "Балдар бакчасы""А)" пункту төмөнкү мазмундагы 26 жана 27-пункттар менен толукталсын: "------------------------------------------------------------------ |26|N 39 балдар бакчасы | 1 | - | |27|N 53 балдар бакчасы | 1 | - | ------------------------------------------------------------------ ". 3. "Маданият объекттери" деген III бөлүмдүн "Парктар" "Е)" пунктутөмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "------------------------------------------------------------------ |5 |"Мээрим" паркы | 1 | - | ------------------------------------------------------------------ ". 4. "Турак жайлык эмес фонддун объекттери" деген V бөлүмү төмөнкүмазмундагы 37 жана 38-пункттар менен толукталсын. "------------------------------------------------------------------ |37|Ош шаардык архиви |Абдыкадыров | - | - | | | |көчөсү | | | |38|В.И.Лениндин эстелигинин алдындагы |Ленин | - | - | | |трибуналык жайлар |көчөсү | | | ------------------------------------------------------------------". 5. "Спорт объекттери" деген VI бөлүмү төмөнкү мазмундагы 6-пунктменен толукталсын: "------------------------------------------------------------------ |5 |"Алтын балык" балдар бассейни | - | - | ------------------------------------------------------------------ Премьер-министр Ф.Кулов