Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 2-июну N 404

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы N 377,  2012-жылдын 31-январындагы №69 токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө" 2006-жылдын 17-мартындагы N128 Жарлыгын ишке ашыруу жана жалпы республикалык тестирлөөнүн нормативдик базасын билим берүү жагындагы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик жалпы билим берүүчү гранттар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №69 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги  бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы №377 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

 

Ф.Кулов