Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 14-июну № 427
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Каракече" кенинде көмүр казып алууну калыбына келтирүү
боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
12-апрелиндеги №122 токтомунун редакциясында)
"Каракече" көмүр кенин иштетүүчү көмүр казып алуучу ишканалардын
натыйжалуу иши үчүн шарттарды камсыз кылуу жана кен иштетүүлөрдү жана
кен-транспорттук жабдууларды калыбына келтирүүгө мамлекеттик колдоо
көрсөтүү максатында, "Каракече" көмүр кениндеги кырдаалды жөнгө салуу
боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
20-апрелиндеги № 281 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Көмүр казуучу ишканалардын жетекчилери төмөнкүлөрдү иштеп чы-
гышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана ми-
нералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жана "Көмүр" мамлекет-
тик ишканасына беришсин.
- бардык калыбына келтирүүчү, ремонттоочу, ачуучу иштерди эске
алуу менен 2006-жылга кен иштерин өнүктүрүү программасын;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу
Өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик
инспекциянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана
минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурда көрсөтүлгөн
сын-пикирлеринин жана көрсөтмөлөрүнүн аткарылгандыгы жөнүндө отчетту.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- "Каракече" көмүр кенинин тиешелүү участокторунда "Ак-Улак" раз-
рези ачык акционердик коомуна, "Шарбон" жабык акционердик коомуна,
"Беш-Сары-К" жоопкерчилиги чектелген коомуна, "Ак-Жол көмүр" жоопкерчи-
лиги чектелген коомуна, "Демилге плюс ЛТД" жоопкерчилиги чектелген
коомуна жер байлыктарын пайдалануу укугуна лицензиялардын колдонулушун
калыбына келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу
Өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик
инспекция менен бирдикте көмүр казып алуучу ишканалардын кен иштерин
бекитилген долбоор боюнча гана жүргүзүшүнө контроль орнотсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасына "Каракече" көмүр кенинде
документтик ревизияны аяктоону тездетүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарына ылайык "Каракече" көмүр ке-
ни менен байланышкан кылмыш иштери боюнча териштирүү жүргүзсүн жана
келтирилген материалдык зыянды толук калыбына келтирүүгө чараларды
көрсүн.
5. Жумгал райондук депутаттар кењешинин рекомендацияларын эске
алуу менен:
- көмүр казып алуучу ишканалардын жетекчилерине алыш-бериш эсепте-
рин ачуу менен Чаек айылында компанияларды кайра каттоону ишке ашыруу
сунушталсын;
- көмүр казып алуучу ишканалардын жетекчилери келишимдик негизде
районду социалдык өнүктүрүү үчүн ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик көмүр кендерин
иштетүүгө байланыштуу Жумгал районунун айрым калктуу конуштарында эко-
логиялык зыянды компенсациялоо жөнүндө маселенин негиздүүлүгүн комиссия
аркылуу аныктасын;
- Нарын облусунун мамлекетгик администрациясы жана Нарын облусунун
Жумгал районунун мамлекеттик администрациясы:
- райондун ар бир айыл өкмөтүндө отун базаларын ачышсын;
- көмүр казып алуучу ишканалардын жетекчилерине Жумгал районунда
жашаган адамдарды алардын квалификациясына жана штаттык расписаниеге
ылайык жумушка биринчи кезекте кабыл алууну сунушташсын;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-
ги:
ар бир кен казып алуучу ишкана тарабынан көмүр казып алуунун
көлөмүн жана калыбына келтирүүчү жана эксплуатациялык сарптоолордун
көлөмдөрүн эске алуу менен "Дыйкан-Каракече" автомобиль жолунун участ-
касын биргелешип калыбына келтирүү жана андан ары тейлөө жөнүндө көмүр
казып алуучу ишканалардын жетекчилери менен келишим түзсүн;
транспорттук проблемаларды чечүүгө көмөктөшүү максатында бөлүнгөн
бюджеттик каражаттардын чегинде "Кочкор-Арал-Төө-Ашуу" автожолунун
"Кочкор-Арал" участогун оњдоону биринчи кезектеги иш-чаралардын планына
киргизсин;
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолу боюнча оор салмактагы жана
ири габариттүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдарды алуу жана
бөлүштүрүү тартибин жана жыйымдардын өлчөмдөрүн бекитүү боюнча мыйзам-
дык актынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алы-
нышын тездетсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-
пекциясы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча),
"Чыгыш электр" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Экономиканы
өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду алардын иш-аракет мезгилинде форс-мажор-
дук жагдайдын келип чыгышына байланыштуу карыз суммасына проценттерди
жана айыптарды эсептөөнү токтото турсун жана ушул токтом чыккан күндөн
тартып карыздар боюнча мөөнөттү 6 айга кийинкиге жылдырсын.
7. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна Бишкек шаарынын
ТЭЦине "Каракече" көмүр кенинен көмүр берүүлөрдү жалпы көлөмдүн 10 про-
центи өлчөмүндө алдын ала төлөө менен каржылоо жөнүндө маселени кароо
сунушталсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов