Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-июну № 428 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынынконституциялык
Мыйзамынын 24-статьясына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты жөнүндөтиркелген
жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-мартындагы №148 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты жөнүндө
жобонубекитүү тууралуу"
токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин. Прелмьер-министр Ф.Кулов