КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-июну № 462 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жазык-аткаруу системасынын кызматчысын камсыздандыруунун тартиби, шарттары жана ал кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же кесиптик ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомунун редакциясына ылайык) "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 33-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Жазык-аткаруу системасынын кызматчысы кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же кесиптик ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же кесиптик оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздандыруунун тартиби жана камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө тиркелген
жобо бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор ушул Жобону колдонушсун. Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри Ф.Кулов