Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 462 «Жазык-аткаруу системасынын кызматчысын камсыздандыруунун тартиби, шарттары жана ал кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-июну № 462 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жазык-аткаруу системасынын кызматчысын камсыздандыруунун тартиби, шарттары жана ал кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган же ооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөп жүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же оорунун кесепетинен өлгөн учурда камсыздоо төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемеле-ри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Жазык-аткаруу системасынын кызматчысы кызматтык милдетин атка-рууга байланыштуу мертинген, жарадар болгон, контузия, травма алган жеооруган, курман болгон же кызматтан бошонгондон кийин ошол кызмат өтөпжүргөн кезде алган жараттын, контузиянын, травманын же оорунун кесепе-тинен өлгөн учурда камсыздандыруунун тартиби жана камсыздоотөлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор ушул Жобону колдонушсун. Премьер-министр Ф.Кулов