Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-июлу № 482 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 1996-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана юридикалык жактарынын укуктары менен таламдарын коргоо жана Кыргыз Республикасына келүү үчүн визаларды берүү боюнча укук ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын 16-статьясына жана
"Кыргыз Республикасынын нор-мативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын18-статьясына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатын-да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 1996-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Четөлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана юридикалык жакта-рынын укуктары менен таламдарын коргоо жана Кыргыз Республикасына келүүүчүн визаларды берүү боюнча укук ыйгаруу жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлиги жана Казакстан Республикасынын Тышкы иштер ми-нистрлигинин ортосундагы
макулдашуу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстандык та-рапка Кыргыз Республикасы ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ке-ректүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов
Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана юридикалык жактарынын укуктары менен таламдарын коргоо жана Кыргыз Республикасына келүү үчүн визаларды берүү боюнча укук ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлиги жана Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги,1995-жылдын 1-ноябрында Ташкент шаарында болуп өткөн Тышкы иштер ми-нистрлеринин кењешмесинде жетишилген келишимге ылайык, төмөндөгүлөржөнүндө макулдашты: 1-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үчүнчү бирөлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консул-дук мекемелери болбогондо, Кыргыз Республикасынын граждандарынын жанаюридикалык жактарынын укуктары менен таламдарын коргоо, Кыргыз Респуб-ликасына келүү үчүн чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адам-дарга визаларды берүү укугун Казакстан Республикасынын ал өлкөлөрдөгүдипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой элеКыргыз Республикасына келүү үчүн визаларды берүү укугун Казакстан Рес-публикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарынын аэропортундагыконсулдук пунктуна ыйгарат. 2-статья. Казакстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консул-дук мекемелери чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын граждандарынынжана юридикалык жактарынын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча чаракөрөт. Казакстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консул-дук мекемелери Кыргыз Республикасынын граждандары барган өлкөдө алардыкармоо жана камакка алуу фактылары жөнүндө алар белгилүү болгондон тар-тып 7 күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-рлигине кабарлайт. 3-статья. Казакстан Республикасынын үчүнчү өлкөлөрдөгү дипломатиялыкөкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана Казакстан Республикасынын Тыш-кы иштер министрлигинин Алматы шаарынын аэропортундагы консулдук пунктуКыргыз Республикасына келе жаткан чет өлкөлүк граждандарга жана граж-дандыгы жок адамдарга 1 айга чейинки мөөнөткө бардык түрлөрдөгү жанакатегориялардагы визаларды берет. Өзгөчө учурларда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-нин Консулдук башкармасынын ырастоосу боюнча визалар 1 жылга чейинкимөөнөткө берилиши мүмкүн. 4-статья. Кыргыз Республикасына кызматтык иштер боюнча келе жаткан четөлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга виза берүү үчүнКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармасы-нын же анын агенттиктеринин ырастоосу, жеке иштер боюнча келе жаткан-дарга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аркылуу толтурулганбелгилүү үлгүдөгү чакыруу-виза берүүгө негиз болуп саналат. 5-статья. Казакстан Республикасынын үчүнчү өлкөлөрдөгү дипломатиялыкөкүлчүлүктөрү, Консулдук мекемелери жана Казакстан Республикасынын Тыш-кы иштер министрлигинин Алматы шаарынын аэропортундагы консулдук пунктуКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин визалык колдоосун ал-гандан кийин 7 жумуш күндөн кечиктирбестен виза берүүнү ишке ашырат. 6-статья. Кыргыз Республикасына келүү үчүн виза алышкан чет өлкөлүк граждан-дар жана граждандыгы жок адамдар Казакстан Республикасынын аймагында 72саатка чейин транзит иретинде болууга укуктуу. Бул мөөнөт өтүп кеткендеалар белгиленген тартипте Казакстандын визасын алууга тийиш. 7-статья. Консулдук жыйымдарды чогултуу жана иш жүзүндөгү чыгашалардын ордунтолтуруу Казакстан Республикасынын Консулдук жыйымдар тарифине ылайыкжүргүзүлөт. 8-статья. Чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн, консулдук мекеме-лерден жана Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алматышаарынын аэропортундагы консулдук пунктунан Казакстан РеспубликасынынТышкы иштер министрлигине түшкөн консулдук жыйымдардын суммасы ушул Ма-кулдашууга ылайык ар бир тарапка 50 пайыз өлчөмүндө министрликтердинортосунда бөлүштүрүлөт. Тарткан чыгымдардын ордун толтуруунун эсебине түшкөн каражаттартолугу менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эсе-бине чегерилет. 9-статья. Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, ушул Макулдашу-уга ылайык, берилген визалардын саны жана Казакстан Республикасынындипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн, консулдук мекемелеринин жана КазакстанРеспубликасынын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарынын аэропортун-дагы консулдук пунктуна түшкөн консулдук жыйымдардын суммасы жөнүндөквартал сайын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалыматберип турат. 10-статья. Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги керектүү учур-ларда өз ара мамилелердин негизинде Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелериневизалык колдоо көрсөтө алат. 11-статья. Ар бир Тарап жазуу түрүндө маалымдоо жолу менен ушул Макулдашуунужараксыз деп таба алат. Мындай жараксыз деп табуу экинчи Тараптын нота-сын алган соњ алты айдан кийин күчүнө кирет. 12-статья. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча нота алмашуужолу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 13-статья. Ушул Макулдашуу боюнча Тараптардын ортосунда пайда боло турган та-лаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жана кењешүүлөр жолу менен чечилет. 14-статья. Ушул Макулдашуу ал күчүнө кирүү үчүн керектүү болгон мамлекетичиндеги чаралардын Тараптар жагынан аткарылгандыгы жөнүндө жазуутүрүндөгү соњку маалымдоосу алынган учурдан тартып күчүнө кирет. 1996-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарында 2 нускада аткарылды, ар бирнуска - кыргыз, казак жана орус тилдеринде. Тексттердин баары бирдейкүчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорунун мааниси боюнча келишпестиктер пайдаболгон учурларда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын тышкы иштер министрлиги тышкы иштер министрлиги үчүн үчүн