КР Өкмөтүнүн 201
7-жылдын
23-
июнундагы № 407 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 4-июлу № 489 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтомуна толуктоо киргизүү туралуу Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жананотариалдык конторалар тарабынан күрөө жөнүндө келишимдерди ырастоодокүрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобильинспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65
токтомуменен бекителген Автомототранспорт каражаттарын жана алардынчиркегичтерин Кыргыз Республикасынын ИИМинин Мамлекеттик автомобильинспекциясында каттоо эрежелерине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - 44-пунктунун үчүнчү абзацындагы "укук коргоочу органдар" дегенсөздөрдөн кийин", мүлктү ажыратууга тыюу салуу жөнүндө нотариалдыкконторанын жана/же күрөө каттоо конторасынын билдирүүсү" деген сөздөрменен толукталсын. Премьер-министр Ф.Кулов