Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-июлу № 491
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Б.М.Мур-
зубраимов, М.Т.Мамасаидов, А.М.Марипов тарабынан демилге кылынган "Би-
лим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркелген корутун-
дунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 4-июлу № 20-57/10
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаттары Б.М.Мурзубраимов, М.Т.Мамасаидов, А.М.Марипов та-
рабынан демилге кылынган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй негиздер бо-
юнча макулдук бере албайт.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунда "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү сунушталат, ага ылайык билим
берүүчү уюмдардын материалдык-техникалык базасын шайлоолорду өткөрүү
үчүн пайдаланууга тыюу салынат же болбосо акы төлөтүүчү негизде болууга
тийиш.
Бирок, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы билим
берүү жана укук нормасы жагындагы мамилелерди жөнгө салат, депутаттарды
шайлоолорду өткөрүүгө тиешелүү маселе Кыргыз Республикасында шайлоолор
жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынууга тийиш.
Ошондой эле билим берүүчү уюмдардын материалдык-техникалык базасын
акы төлөтүүчү негизде берүү Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй норматив-
дик-укуктук актыларына каршы келет:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-статьясынын 1-пунк-
тунда тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу
бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашыра тургандыгы
көрсөтүлгөн;
- Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө кодекстин 37-статьясы-
нын 1-пунктуна ылайык добуш берүүчү жайлар аткаруу бийлик органдары та-
рабынан участкалык шайлоо комиссияларынын карамагына акысыз берилет;
- Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө кодекстин 50-статьясына
ылайык жайларды ижарага алууга финансы каражаттары каралбайт;
- "Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
5-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдум-
дарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоолорду, референдумдарды
өткөрүүгө жайларды пайдалануу, транспорт, байланыш үчүн акы төлөөнү ко-
шо алганда республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын шайлоо
комиссиялары боюнча бөлүштүрөт;
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясына ылайык мамле-
кеттик менчикте турган объекттерди ижаралоодон кирешелер милдеттүү
түрдө республикалык бюджетке түшүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына то-
луктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна ка-
был алууга макулдук бере албайт.
Премьер-министр Ф.Кулов