Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 1-августу №549 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин жумуш убактысынын узактыгын (эмгек акысынын ставкасы үчүн педагогикалык иштии саат менен алынган ченеми) белгилөө жөнүндө Кыргыз Республиканын Эмгек кодексинин 379-статьясына ылайык КыргызРеспубликанын Өкмөтү токтом кылат: 1. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин жумушубактысынын узактыгы (эмгек акысынын ставкасы үчүн аедагогикалык иштинсаат менен алынган ченеми) кызмат орунуна жана (же) адистигине жараша,алардын эмгегинин өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен тиркемеге ылайыкбекитилсин. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1 - августундагы № 549 токтомуна тиркеме Билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин жумуш убактысынын узактыгы (эмгек акысынын ставкасы үчүн педагогогикалык иштии саат менен алынган ченеми) Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн жумушубактысынын узактыгынын саны (педагогикалык иштердин саатынынченемдери) жумасына 36 сааттан ашык эмес жумуш убактысынынкыскартылган узактыгынан белгиленет. Билим берүүнү башкаруунунтиешелүү органдарынын уруксаты боюнча бул ченем 4 саатка чейинкөбөйтүлүшү мүмкүн. 1. Билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин кызматорунуна жана (же) адистигине жараша, алардын эмгегинин өзгөчөлүгүнэсепке алуу менен жумуш убактысынын узактыгынын төмөнкүдөй ченемибелгиленет: Жумасына педагогикалык иштерине 16 саат: - мектеп, гимназия, мектеп-интернаттарынын 1-4-класстарынынмугалимдерине; - мектеп, мектеп-интернаттарынын 1-4-класстарынын мугалим-логопеддерине, мугалим - дефектологдоруна; - окуу мөөнөтү 5 жылдык, 7 жылдык жана 11 жылдык музыкалык, көркөмөнөр мектептеринин жана искусство мектептеринин кенже класстарьшьшпедагогдоруна. Жумасына педагогикалык (окутуучулук) иштерине 18 саат: - бардык түрдөгү жана аталыштагы мектеп, гимназия, лицей, мектеп-интернаттарыньш 5-9 (П)-класстарынын мугалимдерине, мугалим-логопеддерине, мугалим-дефектологдоруна; - логопеддик пункттардын башчыларына; - өзгөчө шарттардагы тарбияга муктаж болгон балдар жана өспүрүмдөрүчүн атайын мектептердин 2-3-класстарынын эмгекке окутуумугалимдерине; - окуу мөөнөтү 5 жылдык, 7 жылдык жана 11 жылдык музыкалык, көркөмөнөр мектептеринин жана искусство мектептеринин жогорку класстарынынпедагогдоруна; - педагогикалык жана маданий-агартуу окуу жайларынынокутуучуларына; - саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо (балдар үйлөрүнөнтышкары) мекемелеринин мугалимдерине, мугалим - дефектологдоруна жаналогопеддерине; - ийримдердин жетекчилерине, анын ичинде билим берүү мекемелериндеөзүн актоочулук принцибинде уюштурулган ийримдердин жетекчилерине; - өзүн актоочулук принцибинде уюштурулган жалпы билим берүүчүмектептердин башталгыч класстарындагы жана мектепке чейинкимекемелердеги чет тилдерин окутуу боюнча топтордун мугалимдерине; - бир жыл же андан ашык окуу мөөнөтүндөгү чет тил, стенография,машинка басуу курстарын окуткан, ошондой эле чет тилдерди жанастенография курстарын окуткан окутуучуларга; - педагогикалык окуу жайларьшын спорттук секцияларынынжетекчилерине. Жумасына педагогикалык иштерине 24 саат (күнүнө 4 саат): - угуу кабинеттериндеги мугалим - дефектологдорго; - бардык түрдөгү жана аталыштагы балдар бакчасы, бөбөк-бакчасындагыжана балдар үйлөрүндөгү мугалим-дефектологдорго, мугалим -логопеддерге; - мекемелердин штатында кызмат орундары каралган мектеп-интернаттарынын мугалим-логопеддерине, мугалим - дефектологдорго,бакчанын, балдар үйлөрүнүн логопеддерине. Жылына педагогикалык (окутуучулук) иштерине 1016 саат: - бир жылга жетпеген окуу мөөнөтүндөгү чет тил, стенография,машинка басуу курстарын окуткан окутуучуларга. Педагогикалык иштерине жумасына 30 саат: - мектеп-интернаттардын, интернаттардын тарбиячыларына жана улуктарбиячыларына;улук тарбиячыларга; - дене тарбиясы боюнча нускоочуларга жана угуу кабинеттерининнускоочуларына; - балдар үйлөрүнүн, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, денежана акыл жагынын өнүгүүсү артта калган балдар жана өспүрүмдөр үчүнатайын мектеп интернаттарынын, кичине жаштагы майыптар үчүнсанаториялык-токой мектептеринин, саламаттыкты сактоо мекемелеринин,үй-интернаттарынын, балдарды кабылдагыч-бөлүштүрүү мекемелеринин,тарбиялык-эмгек колонияларынын, өзгөчө шарттагы тарбияга муктаж болгонбалдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын мектептердин тарбиячыларына. Педагогикалык иштерине жумасына 36 саат: - бардык түрдөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынынтарбиячыларына (анын ичинде бөбөктөр тобундагы тарбиячыларына),ошондой эле балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына жана улук тарбиячыларына. Жумасына 40 саат: - транспорттук каражаттарды айдоого, айыл чарба машиналарыништетүүгө, жазуу машинкаларына жана башка уюштуруучулук техникаларгаокутуунун өндүрүштүк устаттарына; - жетим балдар жана ата-энесинин кароосуз калган балдар үчүнбалдар үйлөрүндөгү жана мектеп-интернаттарындагы эмгек боюнчанускоочуларга; - турак жай-экспулатациялоо уюмдарында, жаш көрүүчүлөр театрында,куурчак театрында жана балдар кинотеатрларында балдар жана өспүрүмдөрменен тарбия иштерин жүргүзгөн педагог - уюштуруучуларга; - педагогикалык окуу жайларынын, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардынбалдар бөлмөлөрүнүн, 1 - пункттун экинчи жана жетинчи абзацтардасаналбаган чоњдор жана башка кызматкерлер үчүн социалдык камсыз кылуумекемелеринин жатаканаларынын тарбиячыларына. Окуу жылында окуу иштерине 720 саат: баштапкы жана орто кесиптикбилим берүү окуу жайларынын окутуучуларына. Окуу жылында окуу иштерине 850 саат: улук окутуучуларга (илимийдаражасы жок) жана окутуучуларга (ассистенттерге). Окуу жылында окуу иштерине 800 саат: улук окутуучуларга (илимийдаражасы жана доценттиги бар). Окуу жылында окутуу иштерине 750 саат: жогорку, жогорку окуужайынан кийинки билим берүү жана кошумча кесиптик билим берүүуюмдарынын профессорлоруна. Жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын окутуу иштерине төмөнкүлөркирет: - сабактарды, лекциялык, семинардык, лабораториялык сабактарды,практикалык сабактарды, консультацияларды жана сабактын башка түрлөрүнөтүү; - экзамен, зачет, модулдук тапшырмаларды кабыл алуу, ошондой элекурстук иштерге (долбоорго), бүтүрүүчүлүк (дипломдук), квалификациялыкиштерге, студенттердин практикасына жана башкаларга жетекчилик кылуу. 2. Педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысынын ставкасы үчүнпедагогикалык жана (же) окутуучулук иштеринин 1-пунктта саналгансааттык ченеми астрономиялык саат, 1-пункттун экинчи жана жетинчиабзацтарында академиялык саат менен белгиленген. Сааттардын(сабактардын) ортосундагы танапис мугалимдин (окутуучунун, ийримдинжетекчисинин ж.б.) иш убактысы болуп саналат. 3. Жумуш убактысын сарптоону талап кылуучу жана сааттардын саныбоюнча конкреттештирилбеген педагогикалык иштердин башка бөлүгүндөгүжумуш убактысынын ченеми тарифтик-квалификациялык мүнөздөмө,педагогикалык кызматкердин кызматтык милдеттери, билим берүү уюмунунуставы жана ички тартибинин эрежелери менен аныкталат. Бул иш жумуштунграфиги жана планы, анын ичинде педагогикалык кызматкердин өздүк планыменен жөнгө салынат. 4. Санитардык-эпидемиологиялык, климаттык жана башка негиздербоюнча окуучулар, тарбиялануучулар үчүн окуу сабактарынын токтотулганмезгшга билим берүү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлердин жумушубактысы болуп саналат. 5. Педагогикалык кызматкерлердин каникул мезгилиндеги жумушубактысынын режими билим берүү уюмунун локалдык актысы жана иштинмүнөзүн көрсөтүүчү жумуштун графиги менен жөнгө салынат. 6. Мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумчабилим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, алардын орун басарларынын ишрежими билим берүү уюмдарынын ишмердигин жетектөөнү камсыз кылуузарылдыгын эске алуу менен аныкталат, бирок, Кыргыз РеспубликасынынЭмгек кодексине ылайык жумасына 40 жумуш сааты чегинде. 7. Педагогикалык кызматкерлердин жумуш убактысынын белгиленгенузактыгынын колдонулушу (педагогикалык жана (же) окутуучулук иштинэмгек акысынын ставкасы үчүн сааттын ченеми) менчигинин түрүнөкарабастан бардык билим берүү уюмдарына жайылтылат. Премьер-министрдин Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев