Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 14-августу № 576 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) дайындоо жана төлөө жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-июлундагы № 300"Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жанатөрөт боюнча пособиелерди, сөөк коюуга пособиелерди төлөөлөрдү жанаден-соолук чыњдоо иш-чараларын каржылоону мамлекеттик бюджетке өткөрүүбоюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөр бекитилсин: - Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелер, кош бойлуулукжана төрөт боюнча пособиелерди дайындоо жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо; - Расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) төлөө тартиби жана өлчөмүжөнүндө жобо. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Ишканалар, уюмдар, мекемелер, менчигинин түрүнө карабастан чар-бакер субъектилер: - убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча пособиелер, кош бойлуулукжана төрөт боюнча пособиелерди дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алышсын; - кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелердин иш жүзүндөгү чы-гымдары жөнүндөгү отчетту республикалык бюджеттин каражаттарынын эсеби-нен ордун толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдыкжактан өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына беришсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөр, Кыр-гыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз Респуб-ликасынын Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги: - расымдык пособиелерди (сөөк коюуга) төлөө тартиби жана өлчөмүжөнүндөгү жобону жетекчиликке алышсын; - көрсөтүлгөн пособиелерди төлөө боюнча иш жүзүндөгү чыгымдаржөнүндө отчетторду тиешелүүлүгү боюнча кийин республикалык, жергиликтүүбюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каражаттарынынэсебинен ордун толтуруш үчүн беришсин. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 34"Социалдык камсыздандыруу пособиелерин берүүнүн тартиби жөнүндө" токто-му; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-апрелиндеги N125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 34"Социалдык камсыздандыруу пособиелерин берүүнүн тартиби жөнүндө" токто-му менен бекитилген Социалдык камсыздандыруу пособиелерин берүүнүн тар-тиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туура-луу" токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык жактан камсызданды-руу боюнча пособиени камсыз кылууга өндүрүштөгү кырсыктуу учурлардытергөөгө жана эсепке алууга тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1998-жылдын 10-августундагы № 527 токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-майындагы № 277"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралындагы № 34 ток-тому менен бекитилген Социалдык камсыздандыруу пособиелерин берүүнүнтартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүжөнүндө" токтому; - "Ритуалдык (сөөктү жерге коюуга) пособиени төлөп берүү тартибижана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 393 токтому; - "Ритуалдык (сөөктү жерге коюуга) пособиени төлөп берүү тартибижана өлчөмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 393 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-июлундагы N 309токтому; - "Социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелер менен камсыздоо тар-тиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-февралын-дагы № 34 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-сентябрындагы № 680токтому; - "Ритуалдык (сөөктү жерге коюуга) пособиени төлөп берүү тартибижана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 1999-жылдын 13-июлундагы № 393 токтомуна өзгөртүүлөрдү кир-гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-январын-дагы N 29 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 22-мартындагы № 179 токтомунун 1-пункту. 6. Бул токтом 2006-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов