Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 7- апрели № 201
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 23-августу № 604
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө
шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн
2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-июлундагы № 340
"Республиканын социалдык жактан коргоо системасынын кызматкерлеринин
эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө", 2006-жылдын 1-июлундагы №
341 "Республиканын билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акы-
сынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө", 2006-жылдын 1-июлундагы № 342 "Рес-
публиканын саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акы-
сынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө", 2006-жылдын 1-июлундагы № 343 "Рес-
публиканын илимий мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн
жогорулатуу жөнүндө" жарлыктарын аткаруу максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы
"Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары
жөнүндө" № 561 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттун биринчи абзацында "апрелден" деген сөз "июлдан" деген
сөзгө алмаштырылсын, "340" деген сан "408" деген санга алмаштырылсын;
- 3-пунктун экинчи абзацы алынып салсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги соци-
алдык жактан коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо системасынын жана
илимий мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын жањы өлчөмдө төлөөнү
каржылоо каражаттарын өз убагында камсыз кылсын.
3. Бул токтом 2006-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов