Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-апрели № 201
Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515, 2017-жылдын 16-июнундагы № 380, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849, 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү 1-тиркемеге ылайык;
- токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине квалификациялык талаптар 2-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына пайыздык үстөк акылар 4-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөөрү белгиленсин:
- эмгек өргүүсүнө чыгууда - ден соолугун чыңдоого жөлөкпул эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө;
- бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн райондук коэффициенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
- илимий даражасы үчүн кошумча акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
- эмгектин өзгөчө шарттарында иштегендиги үчүн кызматтык маянага үстөк акы (оор жумуштарда, зыяндуу жумуштарда, кооптуу жана эмгектин башка өзгөчө шарттарында иштегендиги үчүн) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын жетекчилерине жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжасы, кесипкөйлүгүн көрсөткөндүгү жана чыгармачылык демилгеси үчүн дем берүүчү төлөөлөргө жумшоого укук берилсин. Мында дем берүүчү төлөөлөрдүн өлчөмү Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3-1. Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына ченемге салынбаган иш күнү, татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын айрым кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга төмөнкү үстөк акылар төлөнөөрү белгиленсин:
- кызматтык жайды тазалоочуларга синтетикалык жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн - пайыздык үстөк акы кызматтык маянанын 25 пайызына чейинки өлчөмдө;
- автомобилдердин айдоочуларына - ченемделбеген жумуш күнү үчүн пайыздык үстөк акы айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому;
- "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-майындагы № 367 токтому;
- "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 604 токтому;
- "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 117 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 "Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтому;
- "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы № 89 токтому;
- "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 317 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № 225 токтому;
- "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 632 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 171 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
7. Ушул токтом 2015-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
8. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналар (сом менен) |
1 | 2 | 3 |
1 | Жетекчи | 7500 |
2 | Жетекчинин орун басары, башкы токойчу, башкы аңчы, башкы бухгалтер, башкы энтомолог | 7000 |
3 | Экономист, аңчылык чарбанын инженери, токой өсүмдүктөрүнүн инженери, токой чарбасынын инженери, токой коргоо жана сактоо боюнча инженер, лаборатория башчысы | 6800 |
4 | Токойчу | 6600 |
I класстагы токойчу | 6800 | |
II класстагы токойчу | 6700 | |
5 | Улук аңчы, токой питомнигинин начальниги, участканын начальниги | 6600 |
6 | Бухгалтер, токойчунун жардамчысы, токой мастери, райондук аңчы, улук илимий кызматкер | 6400 |
7 | Токойчунун жардамчысы | 6400 |
I класстагы токойчунун жардамчысы | 6800 | |
II класстагы токойчунун жардамчысы | 6600 | |
8 | Илимий кызматкер, техник-энтомолог, ветеринардык дарыгер | 6200 |
9 | Кенже илимий кызматкер, музей башчысы, экологиялык билим боюнча адис, токой техниги, метеоролог | 6100 |
10 | Токойчу, егерь, экотуризм боюнча адис, лаборант | 6000 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | ||
1 | Өрт өчүрүү күзөтүнүн начальниги |
|
- 1-класстагы өрт өчүрүүчү | 5500 | |
- 2-класстагы өрт өчүрүүчү | 5000 | |
2 | Программист | 5000 |
3 | Чарба башчысы | 3800 |
4 | Көзөмөл-өткөрүү пунктунун контролеру | 4250 |
5 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 4250 |
6 | Ат багуучу | 2700 |
7 | Жеңил жана атайын автомобилдин айдоочусу: |
|
- өзгөчө кичине жана кичине автомобилдин айдоочусу (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб.см ге чейин); | 3800 | |
- орто автомобилдин айдоочусу (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8ден 3,5 куб.см ге чейин); | 4200 | |
- чоң автомобилдин айдоочусу (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 куб.см ден жогору) | 4400 | |
8 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 4200 |
9 | Питомникти күтүү боюнча жумушчу, токой отургузуу жана токой өсүмдүктөрүн күтүү боюнча жумушчу, уруктарды чогултуу боюнча жумушчу, биотехникалык иш-чаралар боюнча жумушчу | 4200 |
10 | Жыгач даярдоо боюнча жумушчу: |
|
- бензин менен кыюучу; | 4200 | |
- бензин менен кыюучунун жардамчысы; | 4000 | |
- токой кыюучу (кол менен кыюу) | 4000 | |
11 | Токой өсүмдүктөрү менен иштөө боюнча жумушчу: |
|
- тракторчу; | 4200 | |
- прицепте иштөөчү; | 4000 | |
-токой отургузуучу машина менен бак отургузуучу | 4000 | |
12 | Токой чарба жумуштарды жүргүзүү боюнча жумушчу: |
|
- тракторчу; | 4200 | |
- тракторчунун жардамчысы (чокировщик) | 4000 | |
13 | Токой коргоо жумуштарын жүргүзүү боюнча жумушчу: | 4200 |
- химиялык ыкма менен; |
| |
- биологиялык ыкма менен |
| |
14 | Механик | 3800 |
15 | Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик | 3000 |
16 | Короо тазалоочу, бакчы, документтерди мукабалоочу | 2700 |
17 | Кароолчу (вахтер), от жаккыч, чабарман, кампачы | 2500 |
18 | Имараттарды тейлөө жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн жумушчу, чарбалык жумушчу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, кызматтык жайларды, аймактарды тазалоочу | 2500 |
2-тиркеме
Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 380 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Квалификациялык талаптар |
1 | 2 | 3 |
1 | Жетекчи | Токой чарбалык, аңчылык чарбалык, биологиялык, экологиялык, айыл чарбалык жана жерге жайгаштыруучулук жогорку билими жана жетекчи кызматтарда адистиги боюнча 5 жылдан жогору иш стажы же адистиги боюнча 7 жылдан жогору иш стажы |
2 | Токойдун зыянкечтери жана илдеттери менен күрөшүү боюнча станциянын начальниги | Токой чарбалык, биологиялык жогорку билим жана токой чарбасында инженердик кызматтарда 5 жылдан жогору иш стажы |
3 | Жетекчинин орун басары, башкы токойчу, башкы аңчы, башкы энтомолог | Токой чарбалык, аңчылык чарбалык же биологиялык жогорку билим жана инженердик-техникалык кызматтарда 5 жылдан жогору иш стажы |
4 | Башкы (жетектөөчү) бухгалтер | Финансылык-экономикалык жогорку билим жана адистиги боюнча 3 жылдан жогору иш стажы |
5 | Экономист | Экономикалык жогорку билим |
6 | Бухгалтер | Орто кесиптик билим |
7 | Аңчылык чарба, токой чарба жана токой өсүмдүктөрү, токойду сактоо жана коргоо боюнча инженер | Токой чарбалык жогорку билим жана адистиги боюнча иш стажы: - 5 жылдан жогору - 3 жылдан жогору - стаж талап кылынбайт |
8 | Токойчу | Токон чарбалык, аңчылык чарбалык же биологиялык жогорку билим жана токой же аңчылык чарбасында 3 жылдан жогору иш стажы |
9. | Улук аңчы | Орто кесиптик билим жана адистиги боюнча 5 жылдан жогору иш стажы |
10 | Токойчунун жардамчысы, токой мастери, райондук аңчы | Орто кесиптик билим жана токой жана аңчылык чарбасында 3 жылдан жогору иш стажы |
11 | Токой питомнигинин начальниги | Токой чарбалык жогорку билим, стаж талап кылынбайт же толук эмес жогорку билим, орто кесиптик билим жана токой чарбасында инженердик-техникалык кызматта 5 жылдан жогору иш стажы |
12 | Улук илимий кызматкер | Адистиги боюнча жогорку билим жана 5 жылдан жогору иш стажы |
13 | Илимий кызматкер, техник-энтомолог | Адистиги боюнча жогорку билим жана 3 жылдан жогору иш стажы |
14 | Кенже илимий кызматкер | Адистиги боюнча жогорку билим же орто кесиптик билим жана адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
15 | Музей башчысы | Адистиги боюнча жогорку билим же орто кесиптик билим жана адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
16 | Экологиялык билим берүү боюнча адис | Адистик боюнча жогорку билим же орто кесиптик билим иш стажы талап кылынбайт |
17 | Экотуризм боюнча адис | Орто кесиптик билим жана 3 жылдан жогору иш стажы |
18 | Лаборант | Адистиги боюнча жогорку билим же орто кесиптик билим, иш стажы талап кылынбайт |
19 | Токойчу (токойду коргоо боюнча мамлекеттик инспектор, корукту жана жаратылыш паркын коргоо боюнча мамлекеттик инспектор), егерь | Орто кесиптик билим жана токойчу же егерь кызматында 3 жылдан жогору иш стажы, орто кесиптик билим, иш стажы талап кылынбайт, орто билим, иш стажы талап кылынбайт |
4-тиркеме
Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына пайыздык үстөк акылар
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Иш стажы | Үстөк акылардын өлчөмү (пайыздар менен) |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3төн 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5тен 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10дон 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15тен 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан жогору | 40 |