Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 25-августу № 614 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ту-уралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 Мыйза-мына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568"Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу,коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасобъекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндөжобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 3.5-пунктунда: биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрменен толукталсын: "Республикалык маанидеги объекттердин корголуучу зоналарынын дол-боорлорун эстеликтерди коргоо чөйрөсүндө адистешкен долбоорлоочу уюмтүзөт жана маданиятты башкаруучу борбордук мамлекеттик органда бекити-лет. Эл аралык маанидеги объекттердин корголуучу зоналарынын долбоорло-рун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маданиятты башкаруучу борбордук мам-лекеттик органдын сунушу боюнча бекитет."; экинчи абзацы алып салынсын; - 3.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3.6. Эстеликтердин корголуучу зоналарынын долбоорлору тарыхый,археологиялык жана имарат куруунун ар бир эстелигине өзүнчө иштелип чы-гат жана бекитилет. Башкы пландарды, деталдуу пландоонун, жолдорду, кө-пүрөлөрдү салуунун жана калктуу конуштарды куруунун долбоорлорун түзүү-дө аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген зоналары киргизилет."; - 3.10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толуктал-сын: "Өзгөчө учурларда аларга "улуттук" деген статус берилиши мүмкүн."; - 3.24-пунктта: биринчи абзацы "археология" деген сөздөн кийин ", анын ичинде сууастындагы" деген сөздөр менен толукталсын; үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Андан аркы сактоону жана пайдаланууну талап кылган объекттердеархеологиялык казуу жүргүзүү үчүн ачылган барактар археологиялык изил-дөө бүткөндөн кийин коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү: эларалык стандарттарга ылайык консервациялоо, реставрациялоо жана музейгеайландыруу үчүн финансылык гарантиялар болгондо гана катталат. Археоло-гиялык жумуштарды, анын ичинде суу астындагыларын уруксатсыз жүргүзүүмыйзамсыз деп табылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжазаланат". Премьер-министр Ф.Кулов