ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-августундагы №614 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568»Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция25.08.2006 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 25-августу № 614                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын             20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын            тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу,                коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу                   жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"                     токтомуна өзгөртүүлөрдү жана                    толуктоолорду киргизүү жөнүндө      "Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана  пайдалануу  жөнүндө"  КыргызРеспубликасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ту-уралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 38  Мыйза-мына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568"Кыргыз  Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу,коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому  менен  бекитилген Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасобъекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндөжобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:     - 3.5-пунктунда:     биринчи абзацы  төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрменен толукталсын:     "Республикалык маанидеги  объекттердин корголуучу зоналарынын дол-боорлорун эстеликтерди коргоо чөйрөсүндө  адистешкен  долбоорлоочу  уюмтүзөт  жана маданиятты башкаруучу борбордук мамлекеттик органда бекити-лет. Эл аралык маанидеги объекттердин корголуучу зоналарынын долбоорло-рун  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маданиятты башкаруучу борбордук мам-лекеттик органдын сунушу боюнча бекитет.";     экинчи абзацы алып салынсын;     - 3.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "3.6. Эстеликтердин  корголуучу  зоналарынын  долбоорлору тарыхый,археологиялык жана имарат куруунун ар бир эстелигине өзүнчө иштелип чы-гат жана бекитилет. Башкы пландарды, деталдуу пландоонун, жолдорду, кө-пүрөлөрдү салуунун жана калктуу конуштарды куруунун долбоорлорун түзүү-дө аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген зоналары киргизилет.";     - 3.10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац  менен  толуктал-сын:     "Өзгөчө учурларда аларга "улуттук" деген статус берилиши мүмкүн.";     - 3.24-пунктта:     биринчи абзацы "археология" деген сөздөн кийин ",  анын ичинде сууастындагы" деген сөздөр менен толукталсын;     үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "Андан аркы  сактоону  жана  пайдаланууну талап кылган объекттердеархеологиялык казуу  жүргүзүү үчүн ачылган барактар археологиялык изил-дөө бүткөндөн  кийин  коргоо  чараларынын толук комплексин жүргүзүү: эларалык стандарттарга ылайык консервациялоо, реставрациялоо жана музейгеайландыруу үчүн финансылык гарантиялар болгондо гана катталат. Археоло-гиялык жумуштарды,  анын  ичинде суу астындагыларын уруксатсыз жүргүзүүмыйзамсыз деп  табылат  жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжазаланат".       Премьер-министр                                 Ф.Кулов