Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 25-августу №618

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

           "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай

      районундагы айрым айылдык жана поселкалык кењештерди, шаар

     тибиндеги поселокторду жана айылдарды өзгөртүп атоо жөнүндө"

            Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

                                  

   Кыргыз  Республикасынын  Конституциясынын 64  жана  65-статьяларына

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1.  "Кыргыз  Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай  районундагы

айрым  айылдык жана поселкалык кењештерди, шаар тибиндеги поселокторду

жана  айылдарды  өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзам

долбооруна макулдук берилсин.

   2.  "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө"  Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын

Баткен  облусунун Кадамжай районундагы айрым айылдык  жана  поселкалык

кењештерди, шаар тибиндеги поселокторду жана айылдарды өзгөртүп атоого

байланыштуу   бардык  чыгымдар  жергиликтүү  бюджеттин  каражаттарынын

эсебинен ишке ашырылсын.

   3.  Бул  мыйзам  долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењешинин

кароосуна жиберилсин.

   4.  Кыргыз  Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери

боюнча  улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) көрсөтүлгөн

мыйзам  долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

  

  

   Премьер-министр                                    Ф.Кулов