Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                              КР Өкмөтүнүн             2013-жылдын 11-январындагы № 8 токтомуна ылайык                               КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 28-августундагы № 624 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жеке турак жай куруу учүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөту токтом кылат: "Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Көрүстөндөрдү уюштуруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө"; - 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер көрүстөндөрдү уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берилсин. 3. Бишкек шаарынын мэриясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.". Премьер-министр Ф.Кулов