Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-январы № 8
Бишкек шаарына жана Чүй облусунун Аламүдүн районуна көрүстөн уюштуруу үчүн жер берүү жөнүндө
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары каза болгон жарандардын сөөгүн коюу боюнча маселени чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 58-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын сунушунун негизинде, Бишкек шаардык кеңешинин "Аянты 80,0 га Гроздь айылынын аймагындагы Ленинское айыл өкмөтүнүн кайрак айдоо жеринде шаардык көрүстөндү уюштурууга макулдук берүү жөнүндө" 2011-жылдын 20-декабрындагы № 291 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 58-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылдык аймагында жайгашкан 84,0 гектарды, анын ичинде: Мамлекеттик айыл чарба жерлери фондусунун жерлеринен 82,6 га кайрак жерди жана 1,4 га жайыт жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун жана көрүстөн уюштуруу үчүн берилсин, анын ичинде:
- 44,0 га - Бишкек шаарынын мэриясына;
- 40,0 га - Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясына.
3. Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине белгиленген тартипте тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 27-декабрындагы № 573 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 "Көрүстөндөрдү уюштуруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" токтому;
- "Жеке турак жай куруу үчүн Бишкек шаарына жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 241 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 624 токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |